Редакцияот 16.04.2009
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2009-жылдын 16-апрели ПЖ № 202              КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ              Мамлекеттик органдарды, алардын ведомстволук               жана аймактык бөлүмдөрүн жайгаштыруу үчүн              пайдаланылуучу мамлекеттик администрациялык                     имараттарды башкаруу жөнүндө      Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесине жана "КыргызРеспубликасынын Өкмөтү  жөнүндө"  Кыргыз Республикасынын конституциялыкМыйзамынын 11-беренесине  ылайык,  мамлекеттик администрациялык имарат-тарды башкарууну өркүндөтүү максатында токтом кылам:     1. Кыргыз  Республикасынын  Президентинин  Иш башкармасы тарабынанаткарылып жаткан, мамлекеттик башкаруу органдарын жайгаштыруу жана мам-лекеттик администрациялык  имараттарды  пайдалануу  боюнча функциялардыКыргыз Республикасынын  Өкмөтүнө  өткөрүп  берүү максатка ылайыктуу депэсептелсин.     2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы:     - "Мамлекеттик  администрациялык имараттарды пайдалануу жана күтүүбоюнча борбор"  мамлекеттик ишканасын (мындан ары - Борбор) анын балан-сында турган  мамлекеттик  администрациялык имараттар менен Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын карамагына өткөрүп берсин;     - мамлекеттик администрациялык имараттарды башкарууну ишке ашыруу-чу бөлүмдүн  штаттык бирдиктерин эмгек акынын тиешелүү фонду, оргтехни-касы жана жабдуулары менен бирге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппа-ратына өткөрүп берсин;     - Кыргыз  Республикасынын  Президентинин Иш башкармасынын түзүмүнөтиешелүү өзгөртүүлөр киргизилсин.     3. Борборго төмөнкү функциялар берилсин:     - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын чечими менен мамле-кеттик администрациялык имараттарга мамлекеттик органдарды, алардын ве-домстволук жана аймактык бөлүмдөрүн жайгаштыруу боюнча;     - мамлекеттик  администрациялык  имараттарды натыйжалуу пайдалануужагындагы сунуштарды киргизүү боюнча;     - мамлекеттик  органдарды,  алардын ведомстволук жана аймактык бө-лүмдөрүн жайгаштыруу  үчүн  пайдаланылуучу мамлекеттик администрациялыкимараттардын реестрин жүргүзүү боюнча.     4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө:     - ушул Жарлыктан келип чыккан маселелерди чечсин;     - Кыргыз  Республикасынын  Президентинин  чечимдерин ушул Жарлыккаылайык келтирүү жөнүндө сунуштарды киргизсин.     5. Кыргыз  Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетек-чиси өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.     6. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:     - Кыргыз  Республикасынын Президентинин 1997-жылдын 4-февралындагы№ 58 буйругу;     - Кыргыз  Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 13-майындагы №126 буйругу;     - "Мамлекеттик  администрациялык  имараттарды  пайдалануу жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 3-январындагы № 1 Жар-лыгы.     7. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-публикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштери жана мам-лекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.     8. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.      Кыргыз Республикасынын Президенти                 К.Бакиев