Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 7-августу № 431-б
"Тышкы карызды туруктуу өнүгүүгө алмашуу" долбоордук программасынын чегинде Кыргыз Республикасынын тышкы карызын Афганистанга жардамга алмашуу мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө максатында:
1. Жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Жумушчу топ 2009-жылдын 1-октябрына чейинки мөөнөттө "Тышкы карызды туруктуу өнүгүүгө алмашуу" долбоордук программасынын чегинде Кыргыз Республикасынын тышкы карызын Афганистанга жардамга алмашуу боюнча тийиштүү сунуштарын киргизсин.
3. Жумушчу топтун жетекчисине мамлекеттик органдардын жана мекемелердин адистерин белгиленген тартипте ишке тартууга, ошондой эле зарыл маалыматты сурап алууга укук берилсин.
Премьер-министр | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-августундагы № 431-б буйругуна тиркеме |
Муканбетов С.Т. - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министринин орун басары, жумушчу топтун жетекчиси;
Ахматов С.М. - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин жардам стратегиясы башкармалыгынын начальниги;
Ахматов Б.С. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик карыздар жана активдер башкармалыгынын начальниги;
Садыков Ж.М. - Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин өнөр жай башкармалыгынын начальниги;
Асылбеков Ж.А. - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлигинин мониторинг, болжолдоо жана кайра иштетүү продукцияларын сатуу бөлүмүнүн башчысы;
Дыйканов М.Д. - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин финансы-экономикалык өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги;
Кайынбаев Н.Б. - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин автомобиль жолдору башкы башкармалыгынын начальниги;
Касыкенов Ж.К. - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин транспорт башкармалыгынын начальниги;
Сыргабаев Б.Э. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык экономикалык кызматташтык департаментинин директору.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр |
Н.Айтмурзаев |