Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 19-октябры № 602-б
"Кепилденген мамлекеттик минималдык социалдык стандарттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында:
1. "Кепилденген мамлекеттик минималдык социалдык стандарттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун ишке ашыруу боюнча тиркелген план (мындан ары - План) бекитилсин.
2. Бул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Планды ишке ашырууга тартылган министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор жана аткаруу бийлигинин башка органдары 2010-жылдын 1-январына чейинки мөөнөттө Планда каралган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорунун долбоорлорун иштеп чыгууну жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүүнү камсыз кылышсын.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-октябрындагы № 602 буйругу менен бекитилген |
┌──┬─────────────────────────────────────────────┬────────────────────┐
│№ │ Ишке ашыруу боюнча иш-чаралар │Жооптуу аткаруучулар│
├──┼─────────────────────────────────────────────┼────────────────────┤
│1 │Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн саламаттык │Кыргыз │
│ │сактоо жаатындагы социалдык стандарттар │Республикасынын │
│ │жөнүндө төмөндөгүлөрдү караштырган токтомунун│Саламаттык сактоо │
│ │долбоорун иштеп чыгуу жана белгиленген │министрлиги │
│ │тартипте киргизүү: │ │
│ │ - менчигинин түрүнө карабастан, бүткүл │ │
│ │ калкка саламаттык сактоо уюмдары тарабынан, │ │
│ │ пациент кечиктирилгис абалдан чыкканга чейин│ │
│ │ медициналык акысыз шашылыш (кечиктирилгис) │ │
│ │ жардам берүү; │ │
│ │ - жарандарга биринчи деңгээлде базалык │ │
│ │ медициналык кызмат көрсөтүү; │ │
│ │ - социалдык статусу жана клиникалык │ │
│ │ көрсөткүчтөрү боюнча жарандарга акысыз жана │ │
│ │ жеңилдиктүү шартта медициналык жардам берүү;│ │
│ │ - вакцина менен дарылануучу инфекцияларга │ │
│ │ Профилактикалык эмдөөлөрдүн улуттук │ │
│ │ календарына ылайык акысыз имуннологиялык │ │
│ │ эмдөө жүргүзүү │ │
├──┼─────────────────────────────────────────────┼────────────────────┤
│2 │Социалдык тейлөө чөйрөсүндө жарандардын │Кыргыз │
│ │социалдык аялуу катмарлары үчүн көрсөтүлүүчү │Республикасынын │
│ │кызматтарга карата талаптарды аныктоо боюнча │Эмгек жана социалдык│
│ │социалдык стандарттар жөнүндө Кыргыз │өнүктүрүү │
│ │Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун │министрлиги │
│ │долбоорун иштеп чыгуу жана белгиленген │ │
│ │тартипте киргизүү │ │
├──┼─────────────────────────────────────────────┼────────────────────┤
│3 │Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн төмөнкүдөй │Кыргыз │
│ │токтомдорунун долбоорлорун иштеп чыгуу жана │Республикасынын │
│ │белгиленген тартипте киргизүү: │Билим берүү жана │
│ │- билим берүүнүн бардык деңгээлдеринде │илим министрлиги, │
│ │окугандарды социалдык коргоонун минималдуу │Кыргыз │
│ │деңгээлин камсыз кылуучу нормалардан жана │Республикасынын │
│ │нормативдерден турган билим берүү жагындагы │Өкмөтүнө караштуу │
│ │социалдык стандарттар жөнүндө; │Кесиптик-техникалык │
│ │- мамлекеттик бюджеттен каржылануучу мектепке│билим берүү боюнча │
│ │чейинки, баштапкы кесиптик, орто кесиптик │мамлекеттик агенттик│
│ │жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында │ │
│ │билим алуу тартиби жөнүндө │ │
├──┼─────────────────────────────────────────────┼────────────────────┤
│4 │Турак жай-коммуналдык тейлөө, анын ичинде │Кыргыз │
│ │жалпыга жеткиликтүү кызмат көрсөтүү - электр │Республикасынын │
│ │энергиясы жагындагы социалдык стандарттар │Өнөржай, энергетика │
│ │жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн │жана отун ресурстары│
│ │токтомунун долбоорун иштеп чыгуу жана │министрлиги │
│ │белгиленген тартипте киргизүү │ │
├──┼─────────────────────────────────────────────┼────────────────────┤
│5 │Турак жай-коммуналдык тейлөө, анын ичинде │"Кыргызтуракжайком- │
│ │жалпыга жеткиликтүү кызмат көрсөтүү - суу │мунсоюз" мамлекеттик│
│ │менен камсыздоо жана агынды сууларды буруу │ишканасы Бишкек жана│
│ │жагындагы социалдык стандарттар жөнүндө │Ош шаарларынын │
│ │Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомун │мэриялары жана │
│ │иштеп чыгуу жана белгиленген тартипте │жергиликтүү │
│ │киргизүү │өз алдынча │
│ │ │башкаруунун башка │
│ │ │уюмдары менен │
│ │ │бирдикте │
├──┼─────────────────────────────────────────────┼────────────────────┤
│6 │Маданият жагында, анын ичинде мамлекеттик │Кыргыз │
│ │маданият мекемелери көрсөтүүчү жалпыга │Республикасынын │
│ │жеткиликтүү кызмат көрсөтүүлөр жагындагы │Маданият жана │
│ │социалдык стандарттар жөнүндө Кыргыз │маалымат министрлиги│
│ │Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун │ │
│ │долбоорун иштеп чыгуу жана белгиленген │ │
│ │тартипте киргизүү │ │
├──┼─────────────────────────────────────────────┼────────────────────┤
│7 │Акысыз юридикалык жардам берүү жагындагы, │Кыргыз │
│ │анын ичинде калктын социалдык аялуу │Республикасынын │
│ │катмарларына акысыз юридикалык жардам │Юстиция министрлиги │
│ │көрсөтүү жагындагы социалдык стандарттар │ │
│ │жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн │ │
│ │токтомунун долбоорун иштеп чыгуу жана │ │
│ │белгиленген тартипте киргизүү │ │
├──┼─────────────────────────────────────────────┼────────────────────┤
│8 │Дене тарбия жагындагы, анын ичинде Кыргыз │Кыргыз │
│ │Республикасынын билим берүүчү юстиция │Республикасынын │
│ │уюмдарында мамлекет кепилдеген базалык дене │Өкмөтүнө караштуу │
│ │тарбиялык-спорттук кызмат көрсөтүүлөрдүн │Дене тарбия жана │
│ │көлөмү жагындагы социалдык стандарттар │спорт, жаштардын │
│ │жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн │иштери жана балдарды│
│ │токтомунун долбоорун иштеп чыгуу жана │коргоо боюнча │
│ │белгиленген тартипте киргизүү │мамлекеттик │
│ │ │агенттик, Кыргыз │
│ │ │Республикасынын │
│ │ │Билим берүү жана │
│ │ │илим министрлиги, │
│ │ │Кыргыз │
│ │ │Республикасынын │
│ │ │Өкмөтүнө караштуу │
│ │ │Кесиптик-техникалык │
│ │ │билим берүү боюнча │
│ │ │мамлекеттик агенттик│
├──┼─────────────────────────────────────────────┼────────────────────┤
│9 │Төмөнкүлөрдү бекитүүчү нормативдик укуктук │Кыргыз │
│ │актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу жана │Республикасынын │
│ │белгиленген тартипте киргизүү: │Эмгек жана социалдык│
│ │- жашоо минимумунун нарктык чоңдугун аныктоо │өнүктүрүү │
│ │үчүн түзүмдүн; │министрлиги, Кыргыз │
│ │- калктын негизги социалдык-демографиялык │Республикасынын │
│ │топтору жана жан башы үчүн жашоо минимумунун │Саламаттык сактоо │
│ │чоңдугун эсептөө методикасын │министрлиги, Кыргыз│
│ │ │Республикасынын │
│ │ │Улуттук статистика │
│ │ │комитети (макулдашуу│
│ │ │боюнча), кызыкдар │
│ │ │министрликтер жана │
│ │ │ведомстволор │
├──┼─────────────────────────────────────────────┼────────────────────┤
│10│Жакырчылыктын белгисин аныктоо методикасын │Кыргыз │
│ │бекитүүчү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн │Республикасынын │
│ │токтомунун долбоорун иштеп чыгуу жана │Улуттук статистика │
│ │белгиленген тартипте киргизүү │комитети (макулдашуу│
│ │ │боюнча) │
└──┴─────────────────────────────────────────────┴────────────────────┘