Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 22-декабры № 446
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-ноябрындагы № 699 "2010-2012-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасынын электр жана жылуулук энергияга болгон орто мөөнөттүү тарифтик саясаты жөнүндө" токтомунун 7-пунктуна ылайык жана "Электр станциялары", "Кыргызстандын улуттук электр тармагы", "Түндүк электр", "Чыгыш электр", "Ош электр", "Жалалабад электр", "Бишкекжылуулуктармагы", "Кыргызгаз" ачык акционердик коомдорунун, "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасынын (мындан ары энергетикалык компаниялар) электр жана жылуулук энергияларын иштеп чыгууга, берүүгө жана бөлүштүрүүгө, ташууга жана жаратылыш газын бөлүштүрүүгө тарифти иштеп чыгуу боюнча сарптоолорунун негиздүүлүгүн аныктоо, ошондой эле энергетикалык компанияларда техникалык коромжулуктардын чоңдуктарынын негиздүүлүгүн аныктоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жана Кыргыз Республикасынын энергетикалык компаниялары менен бирдикте энергетикалык компаниялардын иштерине аудит жүргүзүү үчүн техникалык тапшырмаларды иштеп чыксын;
- өзү бекиткен техникалык тапшырмаларга ылайык энергетикалык компаниялардын иштерине аудит жүргүзүү боюнча белгиленген тартипте аудитордук компанияны тандоо үчүн тендерди даярдоо жана өткөрүү боюнча ведомстволор аралык комиссия түзсүн.
2. Бирдей ыкманы камсыздоо максатында, ошондой эле электр жана жылуулук энергияларын иштеп чыгуучу, берүүчү жана бөлүштүрүүчү компаниялардын биргелешкен ишмердиги учурунда электр жана жылуулук энергияга тарифтерди түзүүнү эске алуу менен аудит жүргүзүү үчүн потенциалдуу мүмкүнчүлүгү бар бир аудитордук компанияны тандап алуу максатка ылайыктуу деп эсептелсин.
3. Энергетикалык компанияларды башкаруу органдарына, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине, Бишкек шаарынын мэриясына ушул буйруктун 1 жана 2-пункттарына ылайык аудитордук компанияны тандоого карата тендер өткөрүү боюнча өздөрүнүн ыйгарым укуктарын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигине өткөрүп берүү сунушталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ушул буйруктун 1 жана 2-пункттарына ылайык энергетикалык компаниялардын ишине аудит жүргүзүү үчүн аудитордук компанияны тандоо боюнча тендер өткөрсүн.
5. Энергетикалык компанияларды башкаруу органдарына алардын иштерине аудит өткөрүүгө бекитилген техникалык тапшырмаларга ылайык тандалып алынган аудитордук компания менен аудит жүргүзүү боюнча эки тараптуу келишим түзүү сунушталсын.
6. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги жүргүзүлгөн аудитордук текшерүүлөрдүн натыйжаларын Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кароосуна берсин.
7. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр | Д. Үсөнов |