Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 12-ноябры № 699
2010-2012-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасынын электр жана жылуулук энергияга болгон орто мөөнөттүү тарифтик саясаты жөнүндө
Кыргыз Республикасынын электр энергетикалык тармагынын туруктуу өнүгүүсүн, үзгүлтүксүз жана ишенимдүү иштөөсүн камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды тартуу үчүн шарттарды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: 2010-2012-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасынын электр жана жылуулук энергияга болгон орто мөөнөттүү тарифтик саясаты бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги:
- ушул токтомго ылайык акыркы керектөөчүлөр үчүн электр жана жылуулук энергияга болгон тарифтерди, ошондой эле энергетика компанияларынын ортосундагы сатуу жана сатып алуу тарифтерин 2009-жылдын 25-ноябрына чейинки мөөнөттө бекитсин;
- облустардын мамлекеттик администрациялары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары менен бирдикте энергетика тармагында жүргүзүлүп жаткан мамлекеттин тарифтик саясатын түшүндүрүү боюнча чараларды көрсүн;
- 2010-2012-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасынын электр жана жылуулук энергияга болгон орто мөөнөттүү тарифтик саясатынын аткарылышы жөнүндө өткөн мезгил үчүн отчетту квартал сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берип турсун жана аны андан ары ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн зарыл болгон чаралар боюнча сунуштарды киргизсин;
- алдын ала төлөөнүн эсептөө приборлорун энергия компаниялары тарабынан орнотуусу боюнча бизнес-планды 2010-жылдын 1-январына чейинки мөөнөттө иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигине сунуштарды киргизсин;
- "Электр станциялары", "Түндүк электр", "Ош электр", "Чыгыш электр", "Жалал-Абад электр", "Бишкек жылуулук тармагы" ачык акционердик коомдору, "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасы, "Бишкекжылуулукэнергия" коммуналдык ишканасы менен бирдикте 2011-жылга карата электр жана жылуулук энергиясын алдын ала төлөө шарттарында сатууну камсыз кылсын;
- социалдык коргоо органдары берген тизмелерге ылайык "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын, "Бишкекжылуулукэнергия" коммуналдык ишканасынын, "Бишкек жылуулук тармагы" ачык акционердик коомунун кызматтарынын калктын аз камсыз болгон жана аялуу катмарларына колдонулган ысык сууну эсептөө приборлорун биринчи кезекте орнотуусу боюнча иштерин уюштурсун;
- "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун ишине көз карандысыз тышкы аудитти жүргүзүүнүн жыйынтыктары боюнча "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун курамынан Бишкек жана Ош шаарларынын ЖЭБин жана "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасын бөлүп чыгаруу боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттиги жылуулук жана электр энергияга болгон тарифтердин эки этапта көтөрүлгөн шарттарында бюджеттик уюмдардын кызматкерлеринин эмгек акысын, пенсияларды жана социалдык пособиелерди индексациялоонун зарыл болгон эсептөөлөрүн эске алып, андан ары Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна жиберүү үчүн сунуштарды үч күндүк мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен бирдикте бир жумалык мөөнөттө белгиленген тартипте:
- ушул токтомду эске алып, "Кыргыз Республикасынын 2009-жылга республикалык бюджети жана 2010-2011-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна зарыл болгон өзгөртүүлөрдү киргизсин;
- 2009-жылдын 1-декабрына чейин түзүлгөн бөлүштүрүүчү энергия компанияларына калктын кайтарылгыс карыздарын жана энергиялык система компанияларынын ортосундагы карыздарды эсептен чыгарууну караган Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун даярдасын жана киргизсин.
5. Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлиги Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен бирдикте 2009-жылдын 1-декабрына чейинки мөөнөттө төмөнкүдөй сунуштарды киргизсин:
- кошумча нарк салыгын, электр жана жылуулук энергиясына сатуу салыгын киргизүүнү караган өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду Кыргыз Республикасынын Салык кодексине киргизүү жөнүндө;
- сатуучулардын, ошондой эле пайдалануучулардын электр жана жылуулук энергиясын уурдагандыгы үчүн жоопкерчилигин күчөткөн өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине жана Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине киргизүү жөнүндө;
- ушул токтомдон келип чыккан өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларына киргизүү жөнүндө.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги ушул токтомго байланыштуу баалардын негизсиз көтөрүлүүсүнө жол бербөө максатында негизги тамак-аш азыктарына, биринчи зарылчылыктагы предметтерге жана көмүргө болгон бааларга мониторингди туруктуу негизде жүргүзсүн.
7. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги:
- "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасы, "Электр станциялары", "Кыргызстандын улуттук электр тармагы", "Түндүк электр", "Ош электр", "Чыгыш электр", "Жалал-Абад электр", "Бишкек жылуулук тармагы", "Кыргызгаз", "Ош жылуулук тармагы" ачык акционердик коомдору жана "Бишкекжылуулукэнергия" коммуналдык ишканасы менен бирдикте ишканалардын ишине көз карандысыз тышкы аудит жүргүзсүн;
- "Түндүк электр", "Ош электр", "Чыгыш электр", "Жалал-Абад электр", "Бишкек жылуулук тармагы" ачык акционердик коомдорунун акцияларынын мамлекеттик пакетин сатуу үчүн инвесторлорду тартуу боюнча зарыл иштерди төмөнкү шарттарда жүргүзсүн:
алдын ала акы төлөө шартында иштеп чыгуучу компанияларынан электр жана жылуулук энергияны сатып алуу;
бөлүштүрүүчү компанияларынын тамактарындагы жоготуулар инвесторлорунун өздөрүнүн ички маселеси болуп эсептелээри белгиленсин;
керектөөчүлөр тарабынан алдын ала төлөөнү камсыз кылуучу энергияны эсептөө программасын инвесторлор ишке ашырат;
инвестордун бөлүштүрүүчү энергия компанияларынын жабдуусун модернизациялоо жана реконструкциялоо боюнча тиешелүү программасы болушу керек;
карыздар жок болгон шартта калкты электр жана жылуулук энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо.
8. Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары жылуулук энергияга болгон тарифтердин көтөрүлгөн шарттарында калктын социалдык аялуу катмарына турак-жай субсидияларын берүү үчүн акча каражаттарын 2010-жыл үчүн бюджетте карашсын.
9. Ак-Талаа, Ат-Башы, Жумгал, Нарын, Тогуз-Торо, Кара-Кулжа, Чоң-Алай, Чаткал райондору жана Нарын шаары, ошондой эле күнү-түнү иштеген контингенти бар республикалык социалдык объекттер үчүн 2009-жылдын 1-ноябрынан баштап 2010-жылдын 1-апрелине чейинки мезгилде электр энергияга болгон чектөөлөр алып салынсын.
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн төмөнкү токтомдору күчүн жоготту деп табылсын:
- 2008-жылдын 23-апрелиндеги № 164 "2008-2012-жылдар мезгилине электр энергияга орто мөөнөттүү тарифтик саясат жөнүндө";
- 2008-жылдын 23-апрелиндеги № 165 "2008-2012-жылдар мезгилине жылуулук энергияга орто мөөнөттүү тарифтик саясат жөнүндө".
11. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри А.Ү.Жапаровго жүктөлсүн.
Премьер-министр | Д.Үсөнов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-ноябрындагы № 699 токтому менен бекитилген |
I. Киришүү
II. Жалпы принциптер
III. Тарифтик саясатты өнүктүрүүнүн андан аркы багыты
IV. Тарифтик саясатты ишке ашыруу боюнча чаралар
V. Корутунду
№ 1 тиркеме. Акыркы керектөөчүлөр үчүн электр энергиясына тарифтер
№ 2 тиркеме. Акыркы керектөөчүлөр үчүн жылуулук энергиясына жана
ысык сууга тарифтер
Колдонуудагы "2008-2012-жылдар мезгилине электр энергияга орто мөөнөттүү тарифтик саясат" жана "2008-2012-жылдар мезгилине жылуулук энергияга орто мөөнөттүү тарифтик саясат" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-апрелиндеги № 164 жана № 165 токтомдору менен бекитилген.
Андан ары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү дүйнөлүк финансы-экономикалык кризиске байланыштуу бекитилген орто мөөнөттүү тарифтик саясаттарды ишке ашырууну 2009-жылга убактылуу токтото туруу жөнүндө чечим кабыл алган. Натыйжада 2009-жылдын башына карата энергия система боюнча акча каражаттардын күтүлүүчү тартыштыгы 1 млрд. 482,2 млн.сомду түзгөн. Ал эми мурда кабыл алынган тарифтик саясат ишке ашырылган учурда энергия система боюнча акча каражаттардын тартыштыгы болгону 191,6 млн.сомду түзмөк.
Азыркы учурда колдонуудагы тарифтик түзүмгө ылайык калк жана насостук станциялар үчүн кыйла аз (социалдык) тарифтер белгиленген, ал эми керектөө түзүмүндө орточо республика боюнча ушул керектөөчү топтордун салыштырма салмагы 67ден ашуун процентти түзүүдө. Республиканын региондору боюнча керектөө түзүмү айрым айырмачылыктарга дуушар болгондугун белгилөө зарыл. Алсак, жалпы керектөө боюнча калктын үлүшү Бишкек шаарында 43%, Ош облусунда 76%ке жеткен.
Мында, энергия компанияларынын зарыл болгон чыгымдарына жараша эсептелген электр энергиянын өздүн наркы өнөр жай, бюджет жана коммерциялык түзүмдөр сыяктуу керектөөчүлөрдүн башка топтору үчүн белгиленген тарифтерден кыйла жогору болууда.
Жогоруда айтылгандарга байланыштуу "Энергетика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык ушул электр энергияга тарифтик саясат иштелип чыккан.
2010-2012-жылдарга жаңы тарифтик саясаттын негизги максаттары энергетикалык сектордун өзүн өзү актоо, тариф түзүү жагында кайчылаш субсидияларды четтетүү, ошондой эле энергетикалык сектордун ишинин техникалык-экономикалык негизги көрсөткүчтөрүн жыл сайын жакшыртуу принциптерин ишке киргизүү болуп эсептелет.
1. Тарифтер электр жана жылуулук энергияны чыгаруу, өткөрүп берүү, бөлүштүрүү жана сатуу боюнча энергия компанияларынын бардык чыгымдарын жабышы керек.
2. Жылуулук жана электр энергияга болгон тарифтер бардык керектөөчүлөр үчүн бирдей болушу керек.
3. 2011-жылга карата бардык тарифтер акыркы керектөөчүлөрдү кайчылаш субсидияларды эске албастан электр менен камсыз кылууга иш жүзүндө кеткен чыгымдарды чагылдырышы керек.
4. Тарифтер реконструкциялоону жана модернизациялоону ишке ашыруу үчүн энергия компанияларына зарыл болгон инвестицияларды эске алуу менен түзүлүшү керек.
5. Жылуулук энергияга тарифтер эки этапта жогорулатылышы керек.
6. Бардык субсидиялар кирешеси төмөнкү деңгээлдеги калктын социалдык аялуу катмарына социалдык коргоонун өкмөттүк программалары аркылуу түздөн-түз даректүү багытталышы керек.
Тарифтик саясаттын жаңы принциптерине жараша электр жана жылуулук энергияга болгон тарифтер керектөөчүлөрдүн категориялары боюнча ар түрдүү болбошу керек, электр жана жылуулук энергияга болгон тарифтер керектөөчүлөрдүн бардык топтору үчүн бирдиктүү болушу зарыл.
Тарифтер электр жана жылуулук энергияны чыгаруу, өткөрүп берүү, бөлүштүрүү жана сатуу боюнча жөнгө салуучу компаниялардын иш жүзүндөгү чыгымдарына шайкеш болушу керек.
Келечекте электр энергияга болгон тарифтин өлчөмү керектөөчүнүн электр менен камсыз кылуучу компаниясынын электр тармагына туташкан чекитиндеги чыңалуу деңгээлинен көз каранды болушу зарыл. Мында энергетикалык жабдуу системасын келечекте өнүктүрүүнү эске алуу менен ремонт жүргүзүү жана тейлөө боюнча бардык техникалык регламентердин 100 процент аткарылышын камсыз кылышы керек.
Акыркы керектөөчү үчүн тариф төмөнкүлөрдөн турушу керек:
- электр же жылуулук энергиясын чыгарууга тариф;
- электр же жылуулук энергияны өткөрүп берүүгө тариф;
- электр же жылуулук энергияны бөлүштүрүүгө тариф;
- электр же жылуулук энергияны сатууга тариф.
Жогоруда айтылган тарифтердин баары жалпы эле энергетикада да, анын өзүнчө секторунда да ыңгайлуу инвестициялык чөйрөнү түзүү үчүн өзүндө пайданын элементин камтууга тийиш.
2010-жылдын ичинде керектөөчүлөрдүн ар кыл топторунун ортосунда кайчылаш субсидиялоонун калыптанган системасын толук жоюу пландаштырылууда.
Ушул тарифтик саясаттын принциптерин ишке ашыруу максатында төмөнкүлөр белгиленет:
- Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы тургундар үчүн электр энергиясына тарифтен тышкары, электр энергиясын керектөөчүлөрдүн баары үчүн бирдиктүү тариф (№ 1 тиркемеге ылайык);
- бардык керектөөчүлөр үчүн жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо максатында керектелчү жылуулук энергиясына бирдиктүү тариф (№ 2 тиркемеге ылайык).
Электр жана жылуулук энергиясына тарифтерди бирдиктүү жогорулатуу 2 этап менен: 2010-жылдын 1-январынан баштап жана 2010-жылдын 1-июлунан баштап жогорулатуу сунушталат.
Мында, тиркемелерде көрсөтүлгөн тарифтер бүткүл 2010-2012-жылдардагы мезгилге карата белгиленет. Тарифтердин мындай деңгээли тышкы аудитти жүргүзүүнүн, энергия компанияларынын иш жүзүндөгү инвестициялык милдеттенмелерин кайра кароонун натыйжасында, ошондой эле энергия компанияларынын иш жүзүндөгү техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрү өзгөргөн учурларда кайрадан каралышы мүмкүн.
Электр энергиясына тарифтерди 2010-2012-жылдарга карата эсептөөдө бөлүштүрүүчү энергия компанияларынын тармактарындагы коромжулуктардын суммасы 2010-жылы 21%, 2011-жылы 18% жана 2012-жылы 15% деңгээлде кабыл алынат.
2011-жылга карата керектөөчүлөрдүн ар кайсы категорияларынын арасында кайчылаш субсидияларды толук жоюу, бардык керектөөчүлөр үчүн тарифтерди энергия менен камсыздоодогу реалдуу чыгымдардын деңгээлине ылайык келтирүү белгиленүүдө.
Энергетикада натыйжалуу тарифтик саясат жүргүзүү үчүн тарифтик саясатта белгиленген параметрлердин аткарылышын ай сайын көзөмөлдөө жана электр жана жылуулук энергияларынын тариф саясатына өз убагында оңдоолорду киргизип туруу зарыл.
Тарифтик саясатта белгиленген пландарды аткаруу Кыргыз Республикасынын энергетикасынын инвестициялык кызыктыруучулугун арттырат, энергия системасынын начарлашына алып келчү процесстерди токтотот, ошондой эле экономиканын абдан маанилүү тармактарынын бири катары келечекте анын ийгиликтүү иштеши жана өнүгүшү үчүн экономикалык шарттарды түзөт.
Премьер-министр | Д.Үсөнов |
№ 1 тиркеме
┌──┬─────────────────────┬────────┬───────────────────────────────────┐
│№ │ Керектөөчүлөрдүн │ Өлчөө │ Тарифти жогорулатуу күнү │
│ │ топтору │бирдиги ├───────────┬───────────┬───────────┤
│ │ │ │ 01.07. │ 01.01. │ 01.07. │
│ │ │ │ 2008-ж. │ 2010-ж. │ 2010-ж. │
├──┼─────────────────────┼────────┼───────────┼───────────┼───────────┤
│1 │Калк │т/кВт.с │ 71 │ 150 │ 190 │
├──┼─────────────────────┼────────┼───────────┼───────────┼───────────┤
│2 │Өнөр жай │т/кВт.с │ 109 │ 150 │ 190 │
├──┼─────────────────────┼────────┼───────────┼───────────┼───────────┤
│3 │Бюджеттик │т/кВт.с │ 113,5 │ 150 │ 190 │
│ │керектөөчүлөр │ │ │ │ │
├──┼─────────────────────┼────────┼───────────┼───────────┼───────────┤
│4 │Айыл чарбасы │т/кВт.с │ 109 │ 150 │ 190 │
├──┼─────────────────────┼────────┼───────────┼───────────┼───────────┤
│5 │Насос станциялары │т/кВт.с │ 77,2 │ 150 │ 190 │
├──┼─────────────────────┼────────┼───────────┼───────────┼───────────┤
│6 │Башка керектөөчүлөр │т/кВт.с │ 115,8 │ 150 │ 190 │
├──┼─────────────────────┼────────┼───────────┼───────────┼───────────┤
│7 │Токтогул районунун │т/кВт.с │ 4,57 │ 10 │ 15 │
│ │калкы, Каракөл шаары │ │ │ │ │
│ │жана Жазы-Кечүү айылы│ │ │ │ │
├──┼─────────────────────┼────────┼───────────┼───────────┼───────────┤
│8 │Токтогул районунун │т/кВт.с │ 5,1 │ 10 │ 15 │
│ │насос станциялары │ │ │ │ │
└──┴─────────────────────┴────────┴───────────┴───────────┴───────────┘
Премьер-министри | Д.Үсөнов |
№ 2 тиркеме
┌──┬────────────────────┬─────────┬───────────────────────────────────┐
│№ │Тарифти түзүүчү жана│ Өлчөө │ Тарифти жогорулатуу күнү │
│ │ керектөөчүлөр тобу │ бирдиги ├───────────┬───────────┬───────────┤
│ │ │ │ 01.07. │ 01.01. │ 01.07. │
│ │ │ │ 2008-ж. │ 2010-ж. │ 2010-ж. │
├──┴────────────────────┴─────────┴───────────┴───────────┴───────────┤
│ Жылытууга жылуулук энергиясына тарифтер │
├──┬────────────────────┬─────────┬───────────┬───────────┬───────────┤
│1 │Калк │сом/Гкал │ 507,5 │ 1050 │ 2500 │
├──┼────────────────────┼─────────┼───────────┼───────────┼───────────┤
│2 │Бардык калган │сом/Гкал │ 976,1 │ 1050 │ 2500 │
│ │керектөөчүлөр үчүн │ │ │ │ │
├──┴────────────────────┴─────────┴───────────┴───────────┴───────────┤
│ Ысык сууга жылуулук энергиясына тарифтер │
├──┬────────────────────┬─────────┬───────────┬───────────┬───────────┤
│3 │Калк │сом/Гкал │ 253,8 │ 1050 │ 2500 │
├──┼────────────────────┼─────────┼───────────┼───────────┼───────────┤
│4 │Бардык калган │сом/Гкал │ 976,1 │ 1050 │ 2500 │
│ │керектөөчүлөр │ │ │ │ │
└──┴────────────────────┴─────────┴───────────┴───────────┴───────────┘
Премьер-министр | Д.Үсөнов |