КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2009-жылдын 14-декабры № 399
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2009-жылдын 3-ноябрындагы № 332 буйругуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
- аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Премьер-министри менен вице-премьер-министрлеринин ортосунда милдеттенмелерди бөлүштүрүүдө бүткүл текст боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "- ЕврАзЭСтеги атайын өкүл" деген сөздөр менен толукталсын;
- аталган буйрук менен бекитилген Ишин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри жана вице-премьер-министрлери тейлөөчү жана координациялоочу мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын тизмеси "Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри" деген сөздөрдөн кийин "ЕврАзЭСтеги атайын өкүл" деген сөздөр менен толукталсын.
Премьер-министр | Д.Үсөнов |