Загрузка документа…
КР Премьер-министринин
2010-жылдын 27-августундагы № 56 буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2009-жылдын 3-ноябры № 332
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри жана
вице-премьер-министрлеринин ортосунда
милдеттерди бөлүштүрүү жөнүндө
(КР Премьер-министринин
2009-жылдын 14-декабрындагы № 399 буйругунун
редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 12-беренесине ылайык:
1. Төмөндө тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министри жана вице-премьер-министрлеринин ортосунда милдеттерди бөлүштүрүү;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министри жана вице-премьер-министрлери иштерин тескеген жана координациялаган мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын тизмеси.
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2009-жылдын 16-апрелиндеги № 141 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, биринчи вице-премьер-министринин жана вице-премьер-министринин ортосунда милдеттерди бөлүштүрүү жөнүндө" буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
Премьер-министри | Д.Үсөнов |
Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин
2009-жылдын 3-ноябрындагы
№ 332 буйругу менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри жана
вице-премьер-министрлеринин ортосунда милдеттерди
БӨЛҮШТҮРҮҮ
(КР Премьер-министринин
2009-жылдын 14-декабрындагы № 399 буйругунун
редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишине жалпы жетекчиликти жана контролдоону, вице-премьер-министрлердин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген органдардын Тескеген чөйрөлөрдөгү ишин координациялоону ишке ашырат.
Мамлекеттик эгемендүүлүктү, аймактык бүтүндүктү коргоону сактоо боюнча чараларды; конституциялык түзүлүштү коргоо боюнча чараларды, ошондой эле коргонууга жөндөмдүүлүк, улуттук жана коомдук коопсуздук жана укуктук тартип, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча чараларды ишке ашырууну камсыз кылат.
Калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо; жаратылыш ресурстарын башкаруу; энергетика; фискалдык, тарифтик саясатты жүргүзүүнү камсыз кылуу; республикалык бюджеттин аткарылышын контролдоо; мамлекеттик мүлк объекттерин башкаруунун мамлекеттик саясатын ишке ашыруу; мамлекеттик агрардык саясатты жүргүзүү жана агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү; курулуш комплекси жана турак жай-коммуналдык чарба; автомобиль жана темир жолдорун куруу, ремонттоо жана күтүү маселелерин координациялайт.
Тескеген чөйрөлөрүндө мамлекеттик органдардын демилгесине макулдук берет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин компетенциясына кирген кадр маселелери боюнча чечимдерди кабыл алат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн: Кыргыз Республикасынын Президентинин Институту, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү соттору, мамлекеттик бийликтин борбордук органдары, Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлиги системасына кирбеген башка мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат.
Тескеген маселелери боюнча соттордо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кызыкчылыктарынын атынан чыгуу ишин координациялайт.
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри - ЕврАзЭСтеги атайын өкүлү
Тескеген чөйрөлөрүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген мамлекеттик органдардын ишин координациялайт.
Экономикалык реформаларды жүргүзүүнү; бизнес-чөйрөнүн өнүгүшү үчүн шарттарды түзүүнү камсыз кылат.
Экономиканын өнүгүшүн талдоо, болжолдоо жана пландаштыруу; өлкөнүн өнүгүшүнүн стратегияларын иштеп чыгуу; жөнгө салуучу таасирди талдоо; мамлекеттер аралык комиссиялардын иши; мамлекеттик ишканалардын жана мамлекеттин үлүштүк катышуусу бар акционердик коомдордун иши; финансылык жана инвестициялык саясатты жүргүзүүнү камсыз кылуу; мамлекеттик материалдык жана мобилизациялык резервдер; жер реформасы; айлана-чөйрөнү коргоо, экологиялык коопсуздук; монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү; финансылык рынокту техникалык жөнгө салуу жана өнүктүрүү; эркин экономикалык зонанын иштөөсү, эмгек, ишке орноштуруу, миграция; байланыш маселелерин координациялайт.
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттер, Евразия экономикалык шериктештигине мүчө мамлекеттер, Шанхай кызматташтык уюму, экономикалык кызматташтык уюму, ОПЕК менен, ошондой эле башка өлкөлөр, донорлор, эл аралык финансылык институттар, эл аралык өнүктүрүү агенттиктери, эл аралык экономикалык уюмдар менен кызматташтыкты камсыз кылат.
Тескеген чөйрөлөрүндө мамлекеттик органдардын демилгесине макулдук берет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматы, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, "Айыл банк" ачык акционердик коому, "Эсептешүү-аманат компаниясы" ачык акционердик коому, чакан кредит уюмдары жана башка финансы-кредиттик мекемелери менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттери менен тескеген маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат.
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин - ЕврАзЭСтеги атайын өкүлүнүн ишине тийиштүү тармактарда Кыргыз Республикасынын Премьер-министр дайындоодо каралуучу талапкерлер боюнча сунуштарды киргизет.
Тескеген чөйрөлөрүндө маселелерди иштеп чыгуу үчүн жумушчу топторду түзөт.
Тескеген маселелери боюнча соттордо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кызыкчылыктарынын атынан чыгуу ишин координациялайт.
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри
Тескеген чөйрөлөрүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген мамлекеттик органдардын ишин координациялайт.
Социалдык саясатты жана реформаларды жүргүзүүнү; социалдык камсыздандыруу, социалдык кепилдиктер системасы маселелерин; үй-бүлө, балдар, гендердик маселелерди; билим берүү, илим, спорт, саламаттык сактоо жана жарандарды социалдык камсыз кылуу чөйрөсүндө саясат жүргүзүүнү; маданиятты өнүктүрүүнү камсыз кылат.
Тескеген чөйрөлөрүндө мамлекеттик органдардын демилгесине макулдук берет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттери менен тескеген маселелери боюнча өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат.
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин ишине тийиштүү тармактарда Премьер-министр дайындоодо каралуучу талапкерлер боюнча сунуштарды киргизет.
Тескеген чөйрөлөрүндөгү маселелерди иштеп чыгуу үчүн жумушчу топторун түзөт.
Тескеген маселелери боюнча соттордо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кызыкчылыктарынын атынан ишин координациялайт.
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри - Өкмөттүн
Аппарат жетекчиси
Тескеген чөйрөлөрүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген мамлекеттик органдарынын ишин координациялайт жана ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат; Өкмөттүн мыйзам долбоору ишин координациялайт; Өкмөттүн жалпыга маалымдоо каражаттары, жарандык коом менен өз ара аракеттенүүсүн координациялайт. Мыйзамдуулук, жарандардын эркиндиги жана укуктары маселелерин; укуктук камсыз кылууну жүргүзөт.
Тескеген чөйрөлөрүндө мамлекеттик органдардын демилгесине макулдук берет.
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри - Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин ишине тиешелүү тармактарда Премьер-министр дайындоодо каралуучу талапкерлер боюнча сунуштарды киргизет.
Тескеген маселелер боюнча Өкмөттүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттери менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат.
Тескеген чөйрөлөрүндөгү маселелерди иштеп чыгуу үчүн жумушчу топторун түзөт.
Тескеген маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин институту менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадрлар кызматы, Кыргыз Республикасынын Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы; Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясы менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат.
Тескеген маселелери боюнча соттордо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кызыкчылыктарынын атынан чыгуу ишин координациялайт.
Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин
2009-жылдын 3-ноябрындагы
№ 332 буйругу менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри жана
вице-премьер-министрлери иштерин тескеген жана
координациялаган мамлекеттик органдардын
жана башка уюмдардын
ТИЗМЕСИ
(КР Премьер-министринин
2009-жылдын 14-декабрындагы № 399 буйругунун
редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишине жалпы жетекчиликти жана контролдукту ишке ашырат.
Төмөнкүлөрдүн ишин координациялайт:
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын.
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри - ЕврАзЭСтеги атайын өкүлүнүн
Төмөнкүлөрдүн ишин координациялайт:
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин (тескеген маселелери боюнча);
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин (тескеген маселелери боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Байланыш мамлекеттик агенттигинин;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттигинин;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин (тескеген маселелери боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун тескөө жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун;
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканаларынын.
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри
Төмөнкүлөрдүн ишин координациялайт:
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин (тескеген маселелери боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигинин;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттигинин;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун;
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын (тескеген маселелери боюнча).
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри - Өкмөттүн
Аппарат жетекчиси
Төмөнкүлөрдүн ишин координациялайт:
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын;
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын.