Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2014-жылдын 17-июну № 273
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2014-жылдын 16-июнундагы № 270 буйругуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
- 1-пункттагы "Бишкек" деген сез "Баткен" деген сөзгө алмаштырылсын;
- төмөнкү мазмундагы 21-пункт менен толукталсын:
"21. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү ушул жолугушууну уюштурууга жана өткөрүүгө көмөк көрсөтсүн, Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларын талаа изилдөөлөрүнө чыгууда транспорт каражаттары менен камсыз кылсын.";
- жогоруда көрсөтүлгөн буйрук менен бекитилген кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын курамына киргизилсин:
Чодуев Эркинбек Урайымович - Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |