Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2014-жылдын 16-июну № 270
(КР Премьер-министринин 2014-жылдын 17-июнунун № 273 буйругунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 3-декабрындагы № 669-б буйругуна ылайык:
1. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын жана тажик-кыргыз мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегациясыньш кезектеги Биргелешкен жыйыны 2014-жылдын 18-20-июнунда Баткен шаарында өткөрүлсүн.
2. Аталган жыйынга катышуу үчүн Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын курамы тартылган адамдар менен кошо, ушул буйруктун тиркемесине ылайык бекитилсин.
21. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү ушул жолугушууну уюштурууга жана өткөрүүгө көмөк көрсөтсүн, Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларын талаа изилдөөлөрүнө чыгууда транспорт каражаттары менен камсыз кылсын.
3. Делегация мүчөлөрүнүн кезектеги Биргелешкен жыйынына катышууга байланышкан чыгымдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2014-жылдын 16 июнундагы № 270 буйругуна тиркеме |
(КР Премьер-министринин 2014-жылдын 17-июнунун № 273 буйругунун редакциясына ылайык)
Маматалиев A.M. | - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, делегациянын жетекчиси;
|
Искандаров К.А.
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү, делегациянын жетекчисинин орун басары; |
Мурзабеков A.M. | - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;
|
Бешимов А.Ж. | - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;
|
Асанов К.С. | - Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары;
|
Касмалиев А.К.
| - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын директору, топография-жерге жайгаштыруу боюнча жумушчу топтун жетекчиси;
|
Алимбаев А.К. | - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары;
|
Жолчиев Б.Д.
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Республикасынын Баткен облусундагы укуктуу өкүлүнүн орун басары;
|
Абдураимов Б.Э. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маселелери боюнча атайын катчылыгынын эксперти;
|
Айдарбеков А.А.
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн эксперти;
|
Базарбаева Ж.Н.
| - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин эл аралык кызматташтык башкармасынын начальниги, укуктук маселелер боюнча жумушчу топтун жетекчиси;
|
Сыдыков Д.Б.
| - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Кыргызстандын түштүгү боюнча Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жетекчиси;
|
Эгембердиев А.А.
| - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Жайыттар департаментинин директору. |
Чодуев Эркинбек Урайымович | - Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары.
|