КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 30-июну № 245-б
Жол тейлөөчү ишканалардын материалдык техникалык базасын жакшыртуу максатында жана Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 12-июлундагы № 103 Мыйзамы менен ратификацияланган, 2012-жылдын 28-июнундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кредиттик макулдашуунун алкагында алынган финансылык каражатты натыйжалуу пайдалануу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментине көчмө асфальт-бетон заводун жана таш талкалоочу орнотмо сатып алуу үчүн 19 374 321 (он тогуз миллион үч жүз жетимиш төрт миң үч жүз жыйырма бир миң) сом берсин;
- жол тейлөөчү ишкана - көчмө асфальт-бетон заводун жана таш талкалоочу орнотмону алуучу менен насыя каражаттарын төмөнкү шарттарда кайтарып берүү боюнча карыздык милдеттенме түзсүн:
насыянын негизги суммасы 26 бирдей бөлүк менен жарым жылда 1 жолу, ар бир жылдын 15-мартында жана 15-сентябрында төлөнөт, мында негизги карызды биринчи төлөө - 2020-жылдын 15-сентябры, негизги карызды төлөөнүн акыркы күнү - 2033-жылдын 15-марты;
насыяны пайдалануу үчүн пайыздык төлөм - жылдык 2 пайыз, эсептелген пайыздар жарым жылда 1 жолу, ар бир жылдын 15-мартында жана 15-сентябрында төлөнөт, мында пайызды биринчи төлөө - 2014-жылдын 15-сентябры;
күрөөлүк камсыздоо болуп насыялык каражаттын эсебинен алынган мүлк эсептелет;
- төлөм кечиктирилген учурда мөөнөтүнөн еткөн карыз пайда болгон учурдан баштап ушул карыз толук төлөнген күнгө чейин - жылдык 6 пайыз өлчөмүндө айып каралсын.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги:
- алынган насыя каражаттарын максаттуу пайдаланууну жана оз убагында кайтарып берүүнү камсыз кылсын;
- көчмө асфальт-бетон заводун жана таш талкалоочу орнотмону сатып алгандан кийин түзүлүп жаткан мамлекеттик мүлктүн реестрине толуктоолорду киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго маалымат берсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын конролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө, финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |