Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 30-июну № 243-б
Кыргыз Республикасынын жол каттамдарын өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Эл аралык каттамдагы негизги жолдорду жакшыртуу боюнча долбоорлорду (Ош - Баткен - Исфана жолун реабилитациялоо, Бишкек - Ош жолундагы жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу) каржылоо жөнүндө Япон эл аралык кызматташтык агенттиги (ЛСА) менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүчү ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - ведомстволор аралык комиссия) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасына сүйлөшүүлөрдүн протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Ведомстволор аралык комиссия министрликтердин, ведомстволордун адистерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды белгиленген тартипте ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30 июнундагы № 243-б буйругуна тиркеме |
Султанов Калыкбек Иманалиевич
| - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы;
|
Жоошбеков Заирбек Сулайманович
| - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, "КСДП" фракциясы (макулдашуу боюнча);
|
Осмонов Малик Калылович
| - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, "Республика" фракциясы (макулдашуу боюнча);
|
Маматов Бактыгул Арстанович
| - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, "Ар-Намыс" фракциясы (макулдашуу боюнча);
|
Досалиев Акуналы Атамырзаевич
| - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, "Ата Мекен" фракциясы (макулдашуу боюнча);
|
Кочкоров Улукбек Тойчубаевич
| - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, "Ата-Журт" фракциясы (макулдашуу боюнча);
|
Байгончоков Мирланбек Конушбекович | - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
|
Оторбаев Эринес Мотойович | - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;
|
Муканбетов Санжар Турдукожоевич | - Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары;
|
Рысбаев Равшан Рысбаевич | - Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары;
|
Мамбетов Турдубек Мамбетович
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүне караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агентгигинин директору;
|
Нурбашев Таалайбек Инашевич
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору;
|
Мурзаев Кубат Садырбекович
| - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик инвестициялар жана техникалык жардам программалары башкармалыгынын начальниги;
|
Садакбаев Талант Усенкеевич
| - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Коомдук байкоочу кеңешинин мүчөсү (макулдашуу боюнча).
|