Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 14-марты № 74-б
Кыргыз Республикасынын автожолдор тарамын кармоого жана пайдаланууга, инфратүзүм тутумун өнүктүрүүгө кошумча финансылык каражат тартуу, жалпы пайдалануудагы автожолдордун сакталышын камсыздоо, Кыргыз Республикасынын автожолдорунун коопсуздугун жогорулатуу жана укук бузууларга каршы күрөшүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчисинин - министрдин 2013-жылдын 19-ноябрындагы № 271 буйругу менен түзүлгөн Ведомстволор аралык жумушчу топтун Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча жүк тартуучу унаа каражаттардын, автобустардын, ошондой эле чет мамлекеттерде катталган унаа каражаттардын өткөндүгү үчүн алымдарды электрондук алуунун улуттук тутумунун (АЭАУТ) долбоору жөнүндө расмий тилде тиркелген Отчету көңүлгө алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча жүк тартуучу унаа каражаттардын, автобустардын, ошондой эле чет мамлекеттерде катталган унаа каражаттардын өткөндүгү үчүн алымдарды электрондук алуунун улуттук тутумунун (АЭАУТ) долбоорун жүзөгө ашырууга даярдануу боюнча иш-чаралардын тиркелген Планы бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги 2014-жылдын 10-майына чейинки мөөнөттө "Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө", анын ичинде Кыргыз Республикасынын "Автомобиль жолдору жөнүндө", "Жол фонду жөнүндө", "Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө" мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте киргизсин.
4. Кыргыз Республикасынын министрликтери жана администрациялык ведомстволору Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча жүк тартуучу унаа каражаттардын, автобустардын, ошондой эле чет мамлекеттерде катталган унаа каражаттардын өткөндүгү үчүн алымдарды электрондук алуунун улуттук тутумунун (АЭАУТ) долбоорун жүзөгө ашырууга даярдануу боюнча иш-чаралардын планын аткарууга көмөк көрсөтүшсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча жүк тартуучу унаа каражаттардын, автобустардын, ошондой эле чет мамлекеттерде катталган унаа каражаттардын өткөндүгү үчүн алымдарды электрондук алуунун улуттук тутумунун (АЭАУТ) долбоорун жүзөгө ашырууга даярдануу боюнча жооптуу орган болуп аныкталсын.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри |
| Ж.Ж.Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-мартындагы № 74-б буйругу менен бекитилген |
| Чаралар/иш-аракеттер | Жооптуу орган | Жүзөгө ашыруу мөөнөтү |
1 | Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өзгөчөлүктөрүн, автожолдорду тийиштүү түрдө тейлөөнүн жана оңдоонун, ошондой эле кошумча транспорттук инфратүзүмдү куруунун наркын эсепке алуу менен Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан өткөндүгү үчүн унаа каражаттардын ар түрдүү категорияларынан алынууга тийиш болгон алымдардын өлчөмдөрү жөнүндө сунуштарды иштеп чыгуу | ЭМ, Архитектура агенттиги, Транспорт министрлиги, Финансы министрлиги, МБК | 2014-жылдын 20-апрелине чейин |
2 | АЭАУТ долбоорун жүзөгө ашыруу процессинде болуучу маселелерди чечүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө АЭАУТ долбоорун жүзөгө ашыруунун техникалык бөлүгү үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды аныктоо жөнүндө сунуш киргизүү | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчисинин - министрдин 2013-жылдын 19-ноябрындагы № 271 буйругу менен түзүлгөн Ведомстволор аралык жумушчу топ | 2014-жылдын 1-майына чейин |
3 | Инвестицияларды кепилдөөнүн көп тараптуу агенттигинде (MIGA) "Kapsch trafficCom AG" компаниясынын инвестицияларын тартып алуудан жана башка тобокелдерден Кыргыз Республикасынын таламдарын эске алуу менен камсыздандыруу маселесин кароо | Финансы министрлиги, ЭМ | 2014-жылдын 1-майына чейин |
4 | "Kapsch trafficCom AG" компаниясынын инвестициялык сунушун сунушталган алымдардын өлчөмдөрүн, анын ичинде финансылык-экономикалык эсептөөлөрдүн негиздүүлүгүн эске алуу менен кылдат баалоо | ЭМ, Транспорт министрлиги, Финансы министрлиги, Архитектура агенттиги, ЮМ | 2014-жылдын 1-майына чейин |
5 | АЭАУТту иштеп чыгуу, куруу жана пайдалануу жөнүндө макулдашуунун долбоорун даярдоо | ЭМ | 2014-жылдын 1-июнуна чейин |
6 | АЭАУТ долбоорун жүзөгө ашыруу боюнча жумушчу топ түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругунун долбоорун даярдоо жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүү | ЭМ | 2014-жылдын 1-июнуна чейин |
7 | АЭАУТ долбоору боюнча жемкорлукка каршы экспертиза жана коомдук угууларды өткөрүү | ЭМ | 2014-жылдын 1-июлуна чейин |
8 | АЭАУТту иштеп чыгуу, куруу жана пайдалануу жөнүндө макулдашуунун долбоорун, ошондой эле башка зарыл болгон документтерди даярдоо жана макулдашуу боюнча мыйзамда каралган бардык жол-жоболорду бүтүрүү | Кыргыз Республикасынын министрликтери жана администрациялык ведомстволору | 2014-жылдын 1-июлуна чейин |