Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 26-майы № 184-б
Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү композитор, комузчу Нурак Абдрахмановдун мезгилсиз каза болгондугуна байланыштуу:
1. Нурак Абдрахмановдун сөөгүн коюу боюнча уюштуруу комитети тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- жарандык коштошуу ырасымы 2014-жылдын 27-майында болоору;
- өткөрүлүүчү жер - Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы;
- сөөк коюлуучу жер - Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Байтик айылынын көрүстөнү.
3. Нурак Абдрахмановдун үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан 100000 (жүз миң) сом Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасына бөлүнсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги машиналар колоннасынын кыймыл коопсуздугун камсыз кылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы жарандык коштошуу ырасымын өткөрүү учурунда ардактуу кароолунун жана үйлөмө аспаптар оркестринин катышуусун камсыз кылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы:
- сөөк коюуга катышуучуларды ташуу үчүн 3 автобус берсин;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана уюштуруу комитетинин атынан гүлчамбар даярдасын.
7. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри |
| Дж.Оторбаев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-майындагы № 184-б буйругуна тиркеме |
Сарпашев Тайырбек Дуйшекеевич | - | Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы; |
Талиева Камила Абдыразаковна | - | Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары. |
Комитеттин мүчөлөрү: | ||
Бактыгулов Кадаңбай Бактыгулович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары; |
Каипов Аманбай Каипович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Кулматов Кубанычбек Кенешевич | - | Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); |
Оторбаев Кубат Табылдиевич | - | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Осмонов Кыргызбай Арапбаевич | - | Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониянын директору; |
Джумакунов Рыспек | - | "Камбаркан" ансамблинин жетекчиси (макулдашуу боюнча); |
Саккараев Марс Намарбекович | - | Чүй облусунун Аламүдүн районунун мамлекеттик администрация башчысы - аким; |
Садык Шер Нияз | - | Кыргыз Республикасынын Кинематографисттер союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Асанов Карыпбек Асанович | - | "Ак-Талаа эл коому" коомдук бирикменин мүчөсү (макулдашуу боюнча). |