Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
2013-жылдын 3-октябры № 136
1. Беларусь Республикасынын Минск шаарында 2013-жылдын 25-октябрында өтүүчү Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйналышына киргизилүүчү документтердин тиркелген долбоорлору ушул буйруктун 1-тиркемесинде келтирилген Тизмеге ылайык жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Ж.К.Оторбаевге ушул буйруктун 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн чечимдерге жана эл аралык келишимдерге принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Президент Кыргызской Республики |
А.Ш. Атамбаев |
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 23-октябрындагы ПБ № 136 буйругуна 1-тиркеме |
1. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кеңешинин КМШда 2014-жылды Туризм жылы деп жарыялоо жөнүндө чечиминин долбоору.
2. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кеңешинин Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинде 2015-жылды 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин жылы деп жарыялоо жөнүндө чечиминин долбоору.
3. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кеңешинин 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта совет элинин Жеңишинин 70 жылдыгына карата уюштурулган бирдиктүү юбилейлик сыйлыктары жөнүндө чечиминин долбоору.
4. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кеңешинин Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынын КМШнын жогорку уставдык органдарынын чечимдерин ишке ашыруу боюнча иши жөнүндө чечиминин долбоору.
5. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кеңешинин 2014-2018-жылдарга кылмыштуулукка каршы күрөшүүнүн биргелешкен чараларынын мамлекеттер аралык программасы жөнүндө чечиминин долбоору.
6. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кеңешинин 2014-2016-жылдарга террорчулукка жана экстремизмдин күч колдонгон башка көрүнүштөрүнө каршы күрөшүүдө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин кызматташтыгынын программасы жөнүндө чечиминин долбоору.
7. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кеңешинин 2014-2018-жылдарга баңги заттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүдө жана баңгиликке каршы аракеттенүүдө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин кызматташтыгынын программасы жөнүндө чечиминин долбоору.
8. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кеңешинин 2014-2018-жылдарга адамдарды сатууга каршы күрөшүүдө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин кызматташтыгынын программасы жөнүндө чечиминин долбоору.
9. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кеңешинин 2014-жылы Кыргыз Республикасында жана Казакстан Республикасында "Шериктештиктин маданий борборлору" мамлекеттер аралык программасын ишке ашыруу жөнүндө чечиминин долбоору.
10. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кеңешинин Маалыматтык технологияларды колдонуу менен жасалуучу кылмыштарга каршы күрөшүүдө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин кызматташтыгынын концепциясы жөнүндө чечиминин долбоору.
11. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин алкагында жашырын маалыматты коргоо жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин органдарында жашырын маалыматты колдонуунун эрежелери жөнүндө макулдашуунун долбоору.
12. Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Мамлекеттер аралык кеңешти түзүү жөнүндө макулдашуунун долбоору.
13. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кеңешинин Мамлекеттер аралык валюта комитетин жоюу жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин финансылык, валюталык-төлөм жана кредиттик мамилелер жаатындагы андан аркы кызматташтыгы жөнүндө чечиминин долбоору.
14. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кеңешинин Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык сотунун төрагасынын орун басары жөнүндө чечиминин долбоору.
15. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кеңешинин Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Грамотасы менен сыйлоо жөнүндө чечиминин долбоору.
16. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кеңешинин Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигиндеги төрагалык жөнүндө чечиминин долбоору.