Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 25-январы № 18-б
«Кыргыз Республикасындагы юбилейлик иш-чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, 2012-жылы өткөрүлүүчү юбилейлик иш-чараларды тартипке келтирүү максатында:
1. 2012-жылга юбилейлик иш-чаралардын тиркелген тизмеси бекитилсин.
2. Ушул буйруктун 1-пунктунда аталган Тизмеге ылайык юбилейлик-иш-чараларды өткөрүүгө байланышкан чыгымдарды каржылоо тартылган министрликтердин жана ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттеринин чегинде, ошондой эле гранттардын жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен ишке ашырылсын.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |
Тиркеме
№ | Иш-чаралар | Юбилейлик иш-чараларды өткөрүү үчүн жооптуу мамлекеттик органдар | Ченемдик документтер | Каржылоо | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жооптуу бөлүмдөрү | Эскертүү |
1. Жалпы улуттук маанидеги юбилейлик иш-чаралар | ||||||
1. | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун алынышынын 20 жылдыгы | Кыргыз Республикасынын Өкмөтү | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу | Республикалык бюджет 300 000 сом | Уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмү | Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 10-июнундагы № 270 «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу жөнүндө» Жарлыгына ылайык |
2 | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин алынышынын 20 жылдыгы | Кыргыз Республикасынын Өкмөтү | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу | Республикалык бюджет 300 000 сом | Уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмү | Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө» Мыйзамына ылайык |
3. | Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 80 жылдыгы | Кыргыз Республикасынын Өкмөтү | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу | Республикалык бюджет 350 000 сом | Социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмү | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин демилгеси боюнча |
4. | А.Малдыбаев атындагы Кыргыз академиялык опера жана балет театрынын 70 жылдыгы | Кыргыз Республикасынын Өкмөтү | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу | Республикалык бюджет 400 000 сом | Социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмү | Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин демилгеси боюнча |
2. Жалпы улуттук маанидеги юбилейлик иш-чаралар | ||||||
1. | Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбековдун туулган күнүнүн 100 жылдыгы | Кыргыз Республикасынын Өкмөтү | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу | Республикалык бюджет 500 000 сом | Социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмү | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 30-июнундагы № 907-У «Т.Сыдыкбековдун 100 жылдык мааракеси жөнүндө» токтому |
2. | Генерал-лейтенант Ысакбек Монуевдин туулган күнүнүн 110 жылдыгы | Кыргыз Республикасынын Өкмөтү | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу | Республикалык бюджет 300 000 сом | Коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмү | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 7-декабрындагы № 1394-V «Генерал Ы.Монуевдин 110 жылдык юбилейин жана элесин түбөлүккө калтыруу жөнүндө» токтому |
3. | Көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Жаманкул Тойгонбаевдин туулган күнүнүн 100 жылдыгы | Кыргыз Республикасынын Өкмөтү | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу | Республикалык бюджет 200 000 сом | Социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмү | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Билим берүү. маданият, маалымат жана диний саясат комитетинин 2011-жылдын 31-октябрындагы № К-2656 чечимине ылайык |
4. | Көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Абды Сүйөркуловдун туулган күнүнүн 100 жылдыгы | Кыргыз Республикасынын Өкмөтү | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу | Республикалык бюджет 200 000 сом | Уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмү | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты |
5. | Белгилүү комузчу Карамолдо Орозовдун туулган күнүнүн 130 жылдыгы | Кыргыз Республикасынын Өкмөтү | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу | Республикалык бюджет 300 000 сом | Социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмү | Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин демилгеси боюнча |
6. | Эл сүрөтчүсү Гапар Айтиевдин туулган күнүнүн 100 жылдыгы | Кыргыз Республикасынын Өкмөтү | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу | Республикалык бюджет 500 000 сом | Социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмү | Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин демилгеси боюнча |
7. | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги Кайып Оторбаевдин туулган күнүнүн 90 жылдыгы | Кыргыз Республикасынын Өкмөтү | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу | Республикалык бюджет 200 000 сом | Социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмү | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын демилгеси боюнча |
8. | Генерал-майор, Советтер Союзунун Баатыры Дайыр Асановдун туулган күнүнүн 90 жылдыгы | Кыргыз Республикасынын Өкмөтү | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу | Республикалык бюджет 200 000 сом | Коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмү | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин демилгеси боюнча |
9. | Кыргыз Республикасынын эл акыны, Токтогул атындагы, А.Осмонов атындагы сыйлыктардын лауреаты Байдылда Сарногоевдин туулган күнүнүн 80 жылдыгы | Кыргыз Республикасынын Өкмөтү | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу | Республикалык бюджет 200 000 сом | Социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмү | Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин демилгеси боюнча |
10 | Кыргыз Республикасынын эл акыны, драматург, Кыргыз Республикасынын гимнинин сөзүн жазган эки автордун бири Жалил Садыковдун туулган күнүнүн 80 жылдыгы | Кыргыз Республикасынын Өкмөтү | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу | Гранттардын жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен | Социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмү | Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин демилгеси боюнча |
11 | Көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Арстанбек Дүйшеевдин туулган күнүнүн 80 жылдыгы | Кыргыз Республикасынын Өкмөтү | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу | Республикалык бюджет | Уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмү. Агроөнөржай комплексин өнүктүрүү бөлүмү | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты |