Редакцияот 11.05.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2012-жылдын 11-майы № 185-б

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 28-сентябрындагы № 210 "Кыргыз Республикасынын Резервдик фонду жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын резервдик фондун түзүүнүн жана анын каражаттарын пайдалануунун тартибинин 7-пунктуна ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Резервдик фондунан республикалык бюджеттин ресурстук бөлүгүн толуктоого 450,0 (төрт жүз элүү) млн. сом бөлүнсүн.

2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.

3. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Ө. Бабанов