Загрузка документа…
КР Президентинин 2019-жылдын 15-мартындагы ПЖ № 40 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
ЖАРЛЫГЫ
2010-жылдын 28-сентябры № 210
Кыргыз Республикасынын резервдик фонду жөнүндө
(К Р Президентинин 2010-жылдын 25-ноябрындагы № 292 жарлыгына ылайык)
"Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын резервдик фонду түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын резервдик фондун түзүүнүн жана анын каражаттарын пайдалануунун тиркелген тартиби бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р. Отунбаева |
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 28-сентябрындагы ПЖ № 210 жарлыгы менен бекитилген |
Жалпы жоболор
Фонддун каражаттарын түзүүнүн булактары жана тартиби
Фонддун каражаттарын пайдалануу тартиби
Фонддун каражаттарын эсепке алуу жана алар боюнча отчет берүү
Жалпы жоболор
1. Бул Тартип Кыргыз Республикасынын резервдик фондусун (мындан ары - Фонд) түзүүнүн жана анын каражаттарын пайдалануунун укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт, бул фонд өлкөнүн бюджеттик системасына келүүчү финансылык агымдарды турукташтыруу үчүн арналган.
2. Фонд акчалай фонд болуп эсептелет, анда сарамжалдуу пайдалануу, ошондой эле социалдык жактан маанилүү иш-чарларды финансылык камсыз кылуу максатында кошумча финансылык ресурстар топтолот.
3. Фонд тез арада чечүүнү талап кылган стратегиялык мамлекеттик экономикалык жана социалдык программаларды ишке ашырууну камсыз кылууга арналган.
Фонддун каражаттарын түзүүнүн булактары жана тартиби
4. Фонддун каражаттары төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:
- Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн резервдик фондусунун эсебинен которулган акча каражаттарынан;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында жана коммерциялык банктарында ачылган "Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фонду" жабык акционердик коомунун эсептеринен жоюу жол-жоболоруна ылайык которулган акча каражаттарынан;
- бюджетти колдоого түшкөн гранттарды кошпогондо, Кыргыз Республикасына грант жана гуманитардык жардам түрүндө түшкөн финансылык каражаттардан.
5. Бул Тартиптин 4-пунктунда каралган каражаттар түшкөнүнө жараша (чет элдик жана улуттук валюта түрүндө) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы эсептерине которулат.
6. Фонддун каражаттарын жүгүртүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын ортосунда түзүлгөн Эсепти тейлөө жөнүндө келишимде жөнгө салынат.
Фонддун каражаттарын пайдалануу тартиби
7. Жагымсыз экономикалык конъюнктура шарттарында, бюджетке кирешелердин түшүүсү азайганда, тышкы финансылык жардам түшпөгөндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү социалдык программаларды, өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашыруу, ошондой эле мамлекеттин чыгымдык милдеттенмелерин аткаруу үчүн бюджеттик колдоо көрсөтүү жана республикалык бюджеттин учурдагы тартыштыгын жоюу үчүн Фонддон каражаттарды бөлүү жөнүндө чечимди кабыл алышы мүмкүн.
8. Фонддун каражаттары ушул Тартипте каралбаган башка максаттарга жумшалбайт.
8-1.Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн резервдик фондунан каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мурда кабыл алынган чечимдерине ылайык иш-чараларды каржылоо Кыргыз Республикасынын резервдик фондусунун каражаттарынан жүргүзүлөт.
9. Фонддун каражаттарын бөлүп берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен жүргүзүлөт. Фонддун каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө чечимдердин долбоорлору министрликтер жана ведомстволор тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин оң корутундусу болсо белгиленген тартипте киргизилет.
10. Фонддун каражаттарын пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдери кол коюлган учурдан баштап 5 күндүк мөөнөттө мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыяланууга тийиш, буга Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык мамлекеттик сырларды камтыган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдери кирбейт.
11. Фонддун каражаттарын пайдалануунун натыйжасында Кыргыз Республикасынын финансылык рынокторуна терс инфляциялык жана валюталык таасир берүүсүн алдын алуу максатында Фонддун каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдеринин долбоорлору Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен алдын ала макулдашылат.
12. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Фонддун каражаттарын пайдалануу жөнүндө чечимди кабыл алгандан кийин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги аталган иш-чараларды каржылоо боюнча тиешелүү жол-жоболорду жүргүзөт.
Фонддун каражаттарын эсепке алуу жана алар боюнча отчет берүү
13. Фонддун каражаттары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы өзүнчө эсептеринде топтолот, алар Фонддун бириктирилген бир эсеби катары каралат.
14. Фонддун каражаттары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы учурдагы эсептеринен алынып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимине ылайык пайдаланылгандан кийин республикалык бюджеттин курамында эсептелет.
15. Фонддун каражаттарын эсепке алуу жана алар боюнча отчет берүү колдонуудагы мыйзамдарда жөнгө салынуучу белгиленген казыналык жол-жоболорго ылайык жүргүзүлөт.