Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНИН АППАРАТЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ
БУЙРУК
2014-жылдын 21-июлу № 172
Кыргыз Республикасынын Президеитинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 "2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдардын мезгилине" Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруу алкагында:
1. "Адам ресурстарын башкаруунун улуттук саясаты" Алкактык документинин долбоорун жеткире иштеп чыгуу жана аны Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин кароосуна киргизүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жумушчу топко белгиленген тартипте маалыматтык жана башка жагынан кѳмѳк кѳрсѳтсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президеитинин Аппаратынын социалдык саясат бѳлүмүнѳ жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси |
Д.И.Нарымбаев |
Тиркеме
Ирсалиев Дүйшөн Исмаилович | - Кыргыз Республикасынын Президеитинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басары, топтун жетекчиси; |
Кудайбердиева Гүлмира Каримовна | - Кыргыз Республикасынын Президеитинин Аппаратынын социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы, топтун жетекчисинин орун басары; |
Алымкулов Алисбек Төлбашиевич | - Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министри, топтун жетекчисинин орун басары. |
Жумушчу топтун мγчѳлѳрγ:
Оторбаев Эринес Мотойович | - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары; |
Кутманов Нурболот Осмонович | - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары; |
Байгончоков Мирланбек Конушбекович | - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; |
Куйкеев Эрик Асанович | - Кыргыз Республикасынын социалдык, өнүгүү министринин орун басары; |
Сатыбалдиев Какен Ажибекович | - Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары; |
Калиев Марат Темирбекович | - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары; |
Ишекеев Назаркул Ишекеевич | - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары; |
Курманова Айдай Эркиновна | - Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин статс-катчысы; |
Темирбекова Айнура Кубанычбековна | - Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары; |
Мамбетсеитов Аман Бейшебаевич | - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тѳрагасынын орун басары; |
Усубалиев Талайбек Кадыркулович | - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын тѳрагасынын орун басары; |
Халитов Михаил Гилфанович | - Кыргыз Республикасынын Өкметүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Убалиев Элдияр Маматжанович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын тѳрагасынын орун басары; |
Асанов Уланбек Жалалович | - Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун тѳрагасынын орун басары; |
Уметова Айнура Эгембердиевна | - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын финансы-экономикалык талдоо жана өнүгүүгѳ мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн эксперти; |
Парханов Мирлан Абдивалиевич | - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын социалдык саясат бөлүмүнүн эксперти; |
Баштовенко Светлана Николаевна | - "Борбордук Азия кыймылда" Платформасынын төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Молдобаева Бермет Баишевна | - Кыргыз Республикасында Миграция боюнча эл аралык уюмдун офисинин жетекчиси (макулдашуу боюнча); |
Өмүров Нурбек Эркинбекович | - Кыргыз Республикасында Миграция боюнча эл аралык уюмдун программалык координатору (макулдашуу боюнча); |
Измайлов Кемал Османович | - көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча). |