Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 7-июлу № 251-б
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Дж.К. Оторбаевдин 2014-жылдын 8-12-июлунда Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүүчү жумушчу визитине катышуу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2б-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтому менен белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-июлундагы № 251-б буйругуна тиркеме |
Расмий делегация:
| |
Оторбаев Джоомарт Каипович*
| - Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, делегациянын башчысы; |
Текебаев Омурбек Чиркешович
| - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Турсунбеков Чыныбай Акунович
| - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Бактыгулова Канайым Джумадиловна | - Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы жана Монголиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси. |
Эксперттер жана коштоочу адамдар:
| |
Карыбаев Мирбек Бакытович | - Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Элчилигинин үчүнчү катчысы. |
Күзөт:
| |
Эсенбаев Кубатбек Джолдошбекович* | - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин 9-кызматынын кызматкери. |
Эскертүү:
* - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунун каражатынын эсебинен командировкага жиберилет.