Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 9-июлу № 257-б
Кыргыз Республикасында 2014-жылдын 8-сентябрынан 14-сентябрына чейин "Көчмөндөрдүн бүткүл дүйнөлүк оюндары" туристтик фестивалын өткөрүүгө байланыштуу иш-чараларды өз убагында даярдоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-майындагы № 163-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
- 7-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"7. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- республикалык бюджеттен 102 130,4 миң (жүз эки миллион жүз отуз миң төрт жүз) сом өлчөмдө каражат бөлсүн, анын ичинде:
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаментине - 12 673,6 миң (он эки миллион алты жүз жетимиш үч миң алты жүз) сом;
Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине - 900,0 миң (тогуз жүз миң) сом;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине - 88 556,8 миң (сексен сегиз миллион беш жүз элүү алты миң сегиз жүз) сом;
- "Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджета жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте киргизсин;
- Оюндарды даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан чыгымдардын өз убагында каржыланышын камсыздасын.";
- 8-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«8. Иш-чараларды даярдоого жана өткөрүүгө тартылган тийиштүү министрликтердин жана административдик ведомстволордун чыгымдары, ушул буйруктун 7-пунктунда көрсөтүлгөндөрдү кошпогондо, 2014-жылга бекитилген бюджеттеринин чегинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган тартылган жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен ишке ашырылаары белгиленсин.»;
- төмөнкүдөй мазмундагы 81-пункт менен толукталсын:
«81. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги Чолпон-Ата шаарындагы (Ысык-Көл облусу) ат майданда оңдоо-калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүү максатында товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну жана спорттук шаймандарын алууну "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык бир булактан алуу ыкмасы менен ишке ашырсын.».
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |