Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 19-майы № 163-б
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-июлундагы № 257-р, 2014-жылдын 11-июлундагы № 259-б буйругунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасында 2014-жылдын сентябрында "Көчмөндөрдүн бүткүл дүйнөлүк оюндары" туристтик фестивалын (мындан ары - Оюндар) өткөрүүгө байланышкан иш-чараларды өз убагында даярдоону камсыз кылуу максатында:
1. Оюндарга даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети (мындан ары - уюштуруу комитети) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Уюштуруу комитети бир айлык мөөнөттө "Көчмөндөрдүн бүткүл дүйнөлүк оюндары" туристтик фестивалына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыксын, бекитсин жана анын аткарылышын контролдоону камсыз кылсын.
3. Уюштуруу комитетинин ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыз кылуу тийиштүү маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине жүктөлсүн.
4. Уюштуруу комитетине министрликтердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын адистерин ишке тартууга, ошондой эле ага жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон материалдарды жана маалыматтарды сурап алууга укук берилсин.
5. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети менен биргеликте Оюндун сырттан келген катышуучуларына акысыз негизде визаларды тариздөөгө жана визалык колдоого ар тараптуу көмөк көрсөтсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясына Оюндардын жүрүшүн күн сайын чагылдыруу сунуш кылынсын.
7. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- республикалык бюджеттен 102 130,4 миң (жүз эки миллион жүз отуз миң төрт жүз) сом өлчөмдө каражат бөлсүн, анын ичинде:
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаментине - 12 673,6 миң (он эки миллион алты жүз жетимиш үч миң алты жүз) сом;
Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине - 900,0 миң (тогуз жүз миң) сом;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине - 88 556,8 миң (сексен сегиз миллион беш жүз элүү алты миң сегиз жүз) сом;
- "Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджета жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте киргизсин;
- Оюндарды даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан чыгымдардын өз убагында каржыланышын камсыздасын.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-июлундагы № 257-р буйругунун редакциясына ылайык)
8. Иш-чараларды даярдоого жана өткөрүүгө тартылган тийиштүү министрликтердин жана административдик ведомстволордун чыгымдары, ушул буйруктун 7-пунктунда көрсөтүлгөндөрдү кошпогондо, 2014-жылга бекитилген бюджеттеринин чегинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган тартылган жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен ишке ашырылаары белгиленсин.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-июлундагы № 257-р буйругунун редакциясына ылайык)
8-1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги Чолпон-Ата шаарындагы (Ысык-Көл облусу) ат майданда оңдоо-калыбына келтирүү жана даярдоо жумуштарын жүргүзүү максатында товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну жана спорттук шаймандарды алууну бир булактан алуу ыкмасы менен ишке ашырсын.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-июлундагы № 259-б буйругунун редакциясына ылайык)
9. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө, социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-майындагы № 163-б буйругуна тиркеме |
Сариева Эльвира Кубанычбековна | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы; |
Мадумаров Адахан Кимсанбаевич | - | Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин башкы катчысынын орун басары, уюштуруу комитетинин тең төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Талиева Камила Абдразаковна | - | Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары; |
Ирсалиев Дуйшен Исмаилович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчисинин орун басары, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Эргешов Кадырбек Кочкорович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары; |
Чакиев Максат Жолдошбекович | - | Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары - Туризм департаментинин директору, уюштуруу комитетинин жооптуу катчысы. |
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү: | ||
Лаврова Ольга Владимировна | - | Кыргыз Республикасынын финансы министри; |
Сагинбаева Динара Зарлыковна | - | Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри; |
Суранчиев Абдулда Шергазиевич | - | Кыргыз Республикасынын ички иштер министри; |
Абдылдаев Эрлан Бекешович | - | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри; |
Алымкулов Алисбек Толбашиевич | - | Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министри; |
Табалдиев Бусурманкул Беркутович | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы; |
Кулматов Кубанычбек Кенешович | - | Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); |
Каптагаев Эмилбек Саламатович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Шакиров Азизбек Бакаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору; |
Мурзабеков Абдимамат | - | Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары; |
Оторбаев Кубат Табылдиевич | - | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Касенов Алмазбек Апышович | - | Спорттун улуттук түрлөрү борборунун директору (макулдашуу боюнча); |
Парханов Мирлан Абдивалиевич | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын социалдык саясат бөлүмүнүн эксперти (макулдашуу боюнча); |
Усенбекова Айнура Доктурбаевна | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын финансы-экономикалык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн эксперти (макулдашуу боюнча); |
Акибаев Асхат Акибаевич | - | "Бүткүл дүйнөлүк этностук оюндар" коомдук фондунун төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Шамшиев Болотбек Толенович | - | Кинематографисттердин ардагерлер союзунун төрагасы, СССРдин эл артисти (макулдашуу боюнча); |
Керексизов Ташкул Джанузакович | - | коомдук ишмер (макулдашуу боюнча). |