Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Президентинин Аппаратынын
Жетекчисинин 2012-жылдын
2-февралындагы № 28
буйругу менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын
тышкы саясат бөлүмү жөнүндө
ЖОБО
1. Жалпы жоболор
2. Бөлүмдүн милдеттери жана функциялары
3. Бөлүмдүн ыйгарым укуктары
4. Бөлүмдүн жетекчилиги жана кызматкерлери
1. Жалпы жоболор
1. Тышкы саясат бөлүмү (мындан ары - бөлүм) Кыргыз Республикасынын Президентинин (мындан ары - Президент) тышкы саясат боюнча ишин камсыз кылуучу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын (мындан ары Президенттин Аппараты) түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
2. Бөлүм өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Президенттин жарлыктарын жана буйруктарын, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин буйруктарын, Президенттин Аппараты жөнүндө Жобону, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Бөлүм өз ишин бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Президенттин Аппаратынын башка түзүмдүк бөлүмдөрү, Өкмөттүн Аппараты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты жана комитеттери, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор жана башка органдар менен өз ара тыгыз аракетте жүргүзөт.
4. Бөлүмдүн кызматкерлери дипломатиялык кызматтын кызматчылары болуп саналышат. Бөлүмдүн кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте дипломатиялык рангдар берилет.
2. Бөлүмдүн милдеттери жана функциялары
5. Бөлүмдүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасынын тышкы саясат маселелери боюнча Президенттин ишин камсыз кылат;
2) мамлекеттин тышкы саясатын жетектөө боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын маалыматтык, талдоо, эксперттик жактан жүзөгө ашырууну камсыз кылат;
3) тышкы саясаттын биримдигинин принциптерин сактоо жана Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин ак ниеттик менен аткаруу максатында бөлүмдүн компетенциясына кирген эл аралык кызматташтык маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, кызмат адамдарынын ишин координациялайт;
4) республикалык тышкы саясый органдарда жана алардын чет өлкөлүк бөлүмдөрүндө мамлекеттик кадр саясатын камсыз кылууга катышат;
5) Кыргыз Республикасынын мамлекеттер аралык кеңештеринин чет мамлекеттер менен ишин координациялайт;
6) чет өлкөлүк иш сапарларда жана региондорго барууларда Кыргыз Республикасынын Президентинин ишин протокол жагынан камсыз кылат.
6. Бөлүм милдеттерди чечүү үчүн төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) Кыргыз Республикасынын тышкы саясый багытын түзүү боюнча сунуштарды даярдайт;
2) Кыргыз Республикасынын тышкы саясат маселелери боюнча актылардын, Президенттин тапшырмаларынын жана башка документтеринин долбоорлорун даярдайт;
3) эгемендикти жана аймактык бүтүндүктү, ошондой эле эл аралык аренада Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарын камсыз кылуу боюнча сунуштарды даярдайт;
4) Президент катышкан тышкы саясый иш-чараларды пландаштырат жана Президенттин дипломатиялык кат алышууларын жүргүзөт;
5) Президенттин чет мамлекеттердин кызмат адамдары жана мамлекеттик органдары, эл аралык жана чет өлкөлүк уюмдар менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат;
6) эл аралык жана эки тараптуу кыйла актуалдуу маселелер боюнча Президентке сунуштарды жана рекомендацияларды даярдайт;
7) Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин коллегиясынын ишине катышат;
8) чет мамлекеттердин башчыларынын республикага жана мамлекеттер аралык деңгээлде Президенттин чет өлкөлөргө иш сапарларын даярдоо жана өткөрүү боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялайт;
9) республиканын аймагында жана чет өлкөлөрдө Президенттин катышуусу менен иш-чараларды протокол жагынан камсыз кылуу маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, Кыргыз Республикасынын кызмат адамдарынын ишин координациялайт;
10) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Президенттин тапшырмаларын аткарат;
11) мамлекеттер аралык деңгээлде өткөрүлүүчү иш-чараларга Президент үчүн материалдарды даярдоону камсыз кылат;
12) Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү элчиликтеринин жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилерин дайындоо, ошондой эле жогорку дипломатиялык рангдарды берүү боюнча Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин сунуштарына корутундуларды даярдайт;
13) тышкы саясат маселелери боюнча Президенттин чечимдерин жүзөгө ашыруу үчүн контролдук кылат;
14) тышкы саясат маселелери боюнча Президенттин ишин камсыз кылуу боюнча ишти жетектейт;
15) эл аралык укуктук актылардын жана Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин түзүү жана токтотуу маселелери боюнча чечимдердин долбоорлорун даярдоого катышат;
16) дүйнөдөгү саясый кырдаал, Кыргыз Республикасынын тышкы саясатын жүзөгө ашыруу системасынын иши жөнүндө маалыматты топтойт, талдайт жана иштеп чыгат, аны өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
17) тышкы саясат чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салуучу укуктук ченемдердин натыйжалуулугун талдайт;
18) тышкы саясаттын базалык маселелери жана багыттары боюнча изилдөөлөрдү жүргүзөт;
19) Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ишин координациялайт;
20) Кыргыз Республикасынын Президентинин чет мамлекеттерге иш сапарларынын жана өлкө боюнча кыдырууларынын программаларын даярдайт, бул программаларды аткаруу боюнча ишти координациялайт;
21) чет өлкөлөргө иш сапарларды уюштурууну жана камсыз кылууну ишке ашыруучу даярдоочу жана алдынкы топторду түзүү жана жөнөтүү боюнча ишти координациялайт, мындай топторду жетектейт;
22) чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн иш сапарынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин катышуусу пландаштырылып жаткан иш-чараларды уюштурууну жана камсыз кылууну ишке ашыруучу даярдоочу жана алдынкы топторду кабыл алууга катышат;
23) Кыргыз Республикасынын Президентинин катышуусу менен иш-чаралардын форматтарын макулдашат;
24) Кыргыз Республикасынын Президентине дипломатиялык корпусту сунуш кылууну, ошондой эле чет мамлекеттердин элчилеринин ишеним грамоталарын тапшыруу аземин протоколдук-уюштурууну камсыз кылат;
25) Кыргыз Республикасынын Президентинин протоколун жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик протоколдук практикасынын негизги жоболорун өркүндөтүү жөнүндө сунуштарды иштеп чыгат жана эл аралык протоколдук практиканы жалпылайт;
26) Кыргыз Республикасынын Президентинин белектер фондун түзөт жана пайдаланат;
27) кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууга өбөлгө түзүүчү окуу семинарларын жана тренингдерин даярдоого жана өткөрүүгө катышат;
28) тышкы саясый жана тышкы экономикалык иштин маселелерин жүзөгө ашырууда, анын ичинде чет мамлекеттер жана эл аралык экономикалык уюмдар менен экономикалык кызматташтыкты орнотууда жана өнүктүрүүдө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине көмөк көрсөтөт;
29) бөлүм кураторлук кылган маселелер боюнча Президентке, Президенттин Аппаратына даректелген каттарды жана башка кайрылууларды карайт.
3. Бөлүмдүн ыйгарым укуктары
7. Бөлүм милдеттерди чечүү жана функцияларды аткаруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
1) мамлекеттик органдардан жана башка юридикалык жактардан бөлүмдүн иши үчүн зарыл болгон маалыматтарды белгиленген тартипте суратууга жана алууга;
2) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүгө;
3) жумушчу топтордун, комиссиялардын, анын ичинде ведомстволор аралык комиссиялардын ишине катышууга;
4) өз кызматкерлерин жыйналыштарга, кеңешмелерге, коллегияларга катышуу үчүн жиберүүгө;
5) бөлүмдүн жана анын компетенциясына ылайык карамагындагы мамлекеттик органдардын ишин оптималдаштыруу жана өркүндөтүү боюнча Президентке сунуш киргизүүгө;
6) Президенттин Аппаратында документтер менен иштөө Регламентин бузуу менен киргизилген чечимдердин долбоорлорун жана башка материалдарды жеткире иштеп чыгуу жана тиешелүү органдарда карап чыгуу үчүн белгиленген тартипте министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администрациялык ведомстволорго жана башка мамлекеттик органдарга кайтарууга;
7) чет мамлекеттердин өкүлдөрү, бул мамлекеттердин тышкы иштер чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдары , эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк өкүлчүлүктөрү менен өз ара аракеттенүүгө;
8) консультациялар үчүн окумуштууларды, эксперттерди жана адистерди белгиленген тартипте тартууга.
4. Бөлүмдүн жетекчилиги жана кызматкерлери
8. Бөлүмдү Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин орун басарынын рангындагы башчы жетектейт, ал Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин сунушу боюнча Президент тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
9. Бөлүм башчынын сунушу боюнча Президенттин Аппаратынын Жетекчиси тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу бөлүм башчынын орун басары болот.
10. Сектор башчысы жана эксперттер бөлүм башчынын сунушу боюнча Президенттин Аппаратынын Жетекчиси тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
11. Бөлүмдүн кызматкерлери бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын билүүгө, мамлекеттик кызматчынын этикасын сактоого, кызматтык сырды жана жашырындуулук режимин сактоого милдеттүү.
12. Бөлүмдүн башчысы:
1) бөлүмдүн кызматкерлеринин ортосунда фүнкциялык милдеттерди жана аткарууга келип түшкөн документтерди бөлүштүрөт, талаптагыдай кызматтык тартипти камсыз кылат;
2) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча бөлүмдүн кызматкерлери менен кеңешме өткөрөт;
3) Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат;
4) Президенттин катышуусу менен иш-чаралардын планына кошуу үчүн тышкы саясат маселелери боюнча сунуштарды пландаштырат жана киргизет;
5) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелерди кароодо Президенттин төрагалыгы менен өткөрүлгөн кеңешмелерге катышат;
6) зарыл болгон учурда Президент койгон маселелерди тез арада чечүү үчүн министрликтердин, администрациялык ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилерин чакыртат;
7) зарыл болгон учурда Президент карай турган маселелерди даярдоого катышуу үчүн министрликтердин, администрациялык ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын, мамлекеттик ишканалардын жана уюмдардын кызматкерлерин тартат, бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча алардын билдирүүлөрүн угат;
8) актыларды жана бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Президенттин тапшырмаларын министрликтердин, администрациялык ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын аткарышын камсыз кылат;
9) өз компетенциясынын чегинде кызматтык документтерге кол коет, ошондой эле бөлүмдө иш кагаздарын жүргүзүүгө контролдук кылат;
10) Президенттин актыларынын долбоорлоруна, бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча башка документтерге виза коет;
11) Президенттин чет өлкөлөргө чыгууларын жана сапарларын уюштурууну белгиленген тартипте камсыз кылат;
12) өз компетенциясынын чегинде чет мамлекеттердин башчыларынын Кыргыз Республикасына сапарларын жана жолугушууларын уюштуруу маселелери боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялайт;
13) бөлүм тескеген, Президент тарабынан дайындалуучу кызмат адамдарын сыйлоо же тартип жазасын колдонуу жөнүндө, анын ичинде аларды ээлеген кызмат ордунан бошотуу жөнүндө маселелер боюнча Президентке сунуш киргизет;
14) бөлүм тескеген, Президент тарабынан дайындалуучу кызмат адамдарын дайындоого сунушту карап чыгат, сунушталган талапкерлер менен аңгемелешүүнү жүргүзөт жана көрсөтүлгөн маселелер боюнча Президентке өзүнүн тыянагын киргизет;
15) жер-жерлерде мамлекеттер аралык комитеттердин, эл аралык уюмдардын жана алардын жумушчу органдарынын бөлүмдүн компетенциясына тиешелүү болгон ишине катышат;
16) бөлүмдүн кызматкерлерин белгиленген тартипте сыйлоого сунуш кылат, тартип жазасын салуу жөнүндө сунуш, ошондой эле аларды тандоо, ротациялоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу жөнүндө сунуш киргизет;
17) бөлүмдүн карамагына берилген маселелер боюнча аткаруу бийлик органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын ишин жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизет;
18) бөлүмдүн тапшырмаларды аткарышы, документтерди сапаттуу жана өз убагында даярдашы үчүн жекече жоопкерчилик тартат;
19) Президенттин актыларынын жана Президенттин кароосун талап кылган башка документтердин долбоорлорун киргизүүдө Президенттин Аппаратында документтер менен иштөөнүн Регламентинин талаптарынын сакталышына контролдук кылат;
20) бөлүмдө иш кагаздарын талаптагыдай жүргүзүүнү жана эмгек тартибин камсыз кылат;
21) тышкы саясат маселелери боюнча Президенттин актыларынын долбоорлорун даярдоону уюштурат;
22) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Президенттин актыларын, тапшырмаларын министрликтердин, администрациялык ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын аткарышына контролдук кылат;
23) бөлүмдө жашырындуулук режиминин сакталышын камсыз кылат жана кызматтык маалыматтардын ачыкка чыгарууга жол бербөө боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык чара көрөт;
24) бөлүмдүн карамагына берилген башка ыйгарым укуктарды жүргүзөт.
13. Бөлүм башчынын орун басары:
1) башчы жок болгон учурда аны алмаштырат;
2) Президенттин актыларынын жана Өкмөттүн кароосун талап кылган башка документтердин долбоорлорун киргизүүдө Президенттин Регламентинин талаптарынын сакталышына контролдукту ишке ашырат;
3) бөлүмдө иш кагаздарын талаптагыдай жүргүзүүнү жана эмгек тартибин камсыз кылат;
4) эл аралык кызматташтык маселелери боюнча Президенттин жарлыктарынын жана буйруктарынын долбоорун даярдоону уюштурат;
5) эл аралык кызматташтык маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин долбоорлорун министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдардын экспертизадан өткөрүшүн уюштурат;
6) Президенттин жарлыктарын жана буйруктарын, ошондой эле бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Президенттин тапшырмаларын министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын аткарышын контролдойт;
7) Президенттин чечимдеринин долбоорлорун, докладдарын жана бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча башка материалдарды министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын өз учурунда беришине контролдукту ишке ашырат;
8) бөлүм башчысы жок болгон учурда бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Президентте болгон кеңешмелерге катышат;
9) эл аралык кызматташтыктын көйгөйлүү маселелери боюнча сунуштарды жалпылайт;
10) Президент катышкан негизги иш-чаралардын планы боюнча сунуштарды даярдайт.
14. Сектор башчы сектордун ишин жетектейт, секторго жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жоопкерчилик тартат, ошондой эле төмөнкүлөрдү ишке ашырат:
1) тышкы саясат жана протокол маселелери боюнча Президенттин актыларынын долбоорун даярдайт;
2) бөлүм башчысына сектордун иши боюнча сунуштарды киргизет;
3) сектордун кызматкерлеринин милдеттерин аныктайт;
4) бөлүм башчысына сектордун кызматкерлерине сыйлоо жана жаза чараларын колдонуу жөнүндө сунуштарды киргизет;
5) сектордун кызматкери аткаруу үчүн милдеттүү болгон көрсөтмөлөрдү берет;
6) сектордун компетенциясына кирген башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
15. Бөлүмдүн эксперти бөлүм башчысынын, анын орун басарынын, сектор башчысынын тапшырмасы боюнча бөлүмдүн компетенциясына кирген ыйгарым укуктарды ишке ашырат, тапшырмалардын аткарылышы, ченемдик документтердин сапаты жана өз учурунда даярдалышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
Бөлүмдүн эксперти:
1) бөлүмдө ички бөлүштүрүүгө ылайык эл аралык кызматташтык маселелерин тескейт;
2) өзү тескеген багытка ылайык тышкы саясат маселелери боюнча Тышкы иштер министрлиги менен өз ара аракеттенет;
3) өзү тескеген тармак боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоо боюнча эксперттик ишти жүргүзөт;
4) актыларды, Президенттин тапшырмаларын өз убагында аткарууну камсыз кылат, аткарбай калуунун себептерин бөлүм башчыга билдирет;
5) Президенттин атынан протоколдук куттуктоолорду, кайрылууларды даярдоону камсыз кылат;
6) чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын кызмат адамдарынын дарегине Президенттин атынан жиберүү үчүн Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү даярдаган каттардын, кайрылуулардын долбоорлорун экспертизадан өткөрөт;
7) Президенттин ыйгарым укуктарына кирген маселелер боюнча республикага чет өлкөлүк делегациялардын сапарларын жана Президенттин чет өлкөгө сапарларын даярдоо боюнча Тышкы иштер министрлигинин ишин координациялайт;
8) өзү тескеген маселелер боюнча маалыматтык-талдоо материалдарын даярдайт;
9) Кыргыз Республикасынын атынан түзүү үчүн сунуш кылынган эл аралык келишимдердин долбоорлорун белгиленген тартипте экспертизадан өткөрөт;
10) бөлүм башчынын тапшырмасы боюнча анын функциялык милдеттеринде каралган маселелер боюнча жыйналыштарга жана кеңешмелерге катышат;
11) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрү менен жолугушууга Президент үчүн зарыл материалдарды белгиленген тартипте даярдайт;
12) өзү тескеген эл аралык кызматташтык багыттары боюнча маалыматтык-талдоо материалдарын белгиленген тартипте даярдайт;
13) жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган материалдарды иликтейт жана бөлүм башчыга тез арада маалымдайт;
14) ушул Жобого ылайык ага жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды сапаттуу жана өз убагында аткаруу үчүн жекече жоопкерчилик тартат;
15) бөлүм башчынын тапшырмасы боюнча материалдарды даярдайт, эксперттик жана башка кеңешмелерге, өкмөттөр аралык, эки тараптуу жана көп тараптуу комиссиялардын жыйналыштарына катышат;
16) бөлүм башчынын тапшырмасы боюнча эл аралык кызматташтыктын маселелери боюнча эл аралык уюмдардын сүйлөшүүлөрүнө, жолугушууларына, эксперттик кеңешмелерине катышат.