КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНИН АППАРАТЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ
БУЙРУК
2012-жылдын 2-февралы № 28
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 20-декабрындагы № 346 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты жөнүндө" Жарлыгынын 4-пунктуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмү жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин 2011-жылдын 14-февралындагы № 49 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункттун сегизинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын;
- жогоруда аталган буйрук менен бекитилген тышкы байланыштар жана протокол бөлүмү жөнүндө Жобо күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул буйрук кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси: |
Ж.Сатыбалдиев |