КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2011-жылдын 22-апрели № 233
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө" токтомуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын коллегиясынын мүчөлөрү төмөнкү курамда бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнүн башчысы;
- Кыргыз Республикасынын финансы министринин мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгү маселелерин тейлөөчү орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын ички аудит башкармалыгынын начальниги;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын салык карыздарын өндүрүүнү контролдоо башкармалыгынын начальниги.
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2010-жылдын 26-январындагы № 47 буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
Премьер-министр | А. Атамбаев |