Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-февралындагы №100 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 4-декабры №735
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-январындагы №24 токтомунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 22-октябрындагы № 283 Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашырууну камсыз кылуу боюнча чаралар тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы Жарлыгына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын ишмердигин жөнгө салуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө жобо;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын башкаруу схемасы.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин укук улантуучусу болуп эсептелээри;
- Жободо көрсөтүлгөн жөнгө салуу жана камсыздандыруу төгүмүн чогултууга катыштуу маселелери салык мыйзамдарына жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу мыйзамдарына шайкеш өзгөртүүлөрдү кабыл алган күндөн тартып күчүнө кирээри.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 28-мартындагы № 87 "Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин маселелери" жөнүндө токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 14-декабрындагы № 592 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 28-мартындагы № 87 "Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитети маселелери" жөнүндө токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-январындагы № 47 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 28-мартындагы № 87 "Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин маселелери" жөнүндө токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому.
Премьер-министр | Д.Үсөнов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы № 735 токтому менен бекитилген |
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-январындагы №24 токтомунун редакциясына ылайык)
+--------------------+ +---------------------+ +----------+
| Коомдук байкоочу +---| Төрага +---| Коллегия |
| кеңеш | | | | |
+--------------------+ +---------------------+ +----------+
|
+---------------------+
| Борбордук аппарат |
+---------------------+
|
+------------------------------------------------------------------+
| | | | | | | |
+------++--------++--------++------++--------++--------++--------++-------+
|Бишкек|| Ири || Эркин || Ош || Чыгыш || Түндүк ||Түштүк || Окуу |
|шаары || салык ||экономи-|| шаары||регион- || регион-||регион- ||борбору|
|боюнча||төлөөчү-|| калык ||боюнча|| дор || дор || дор || |
|баш- || лөрдү || аймак- || баш- || аралык || аралык ||аралык || |
|карма-||контрол-||тардагы ||карма-||башкар- || башкар-||башкар- || |
|лык || доо ||субъект-|| лык || малык || малык || малык || |
| || боюнча || терди || || || || || |
| || башкар-||контрол-|| || || || || |
| || малык || доо || || || || || |
| || ||боюнча || || || || || |
| || ||башкар- || || || || || |
| || ||малык || || || || || |
+------++--------++--------++------++--------++--------++--------++-------+
| | | | |
+------++--------+ +--------++--------++--------+
|Бишкек||Регион- | |Райондор||Райондор||Райондор|
|шаары-||дор | | жана || жана || жана |
|нын ||боюнча | | шаарлар|| шаарлар|| шаарлар|
|район-||ири | | боюнча || боюнча || боюнча |
|дору ||салык | | башкар-|| башкар-|| башкар-|
|боюнча||төлөөчү-| |малыктар||малыктар||малыктар|
|баш- ||лөрдү | | || || |
|карма-||контрол-| | || || |
|лык ||доо | | || || |
| ||боюнча | | || || |
| ||башкар- | | || || |
| ||малыктар| | || || |
+------++--------+ +--------++--------++--------+