Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчисинин 2014-жылдын 24-мартындагы № 64 буйругу менен бекитилген |
1-тиркеме
"Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фонду" коомдук фондунун УСТАВЫ
1. Жалпы жоболор
1. "Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фонду" коомдук фонду, мындан ары Фонд деп аталуучу, коммерциялык эмес мүнөздөгү социалдык, кайрымдуулук, маданий, билим берүү жана коомдук пайдалуу максаттарды көздөгөн юридикалык жак болуп эсептелет.
2. Фонддун укуктук абалы Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет жана Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси, "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары, Кыргыз Республикасы тааныган жана ратификациялаган эл аралык актылар жана келишимдер, ошондой эле ушул Устав менен жөнгө салынат.
3. Фонд өз ишин Кыргыз Республикасынын жана чет өлкөлөрдүн мамлекеттик органдары, юридикалык жана (же) жеке жактары менен тыгыз байланышта жүргүзөт.
4. Фонддун иши ыктыярдуулук, өз алдынча башкаруучулук, мыйзамдуулук, ачыктык жана маалымдуулук принциптерине негизделет.
5. Фонддун толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фонду" коомдук фонду;
- расмий тилде: общественный фонд "Фонд развития духовной культуры "Ыйман".
Фонддун кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Ыйман" фонду;
- расмий тилде: Фонд "Ыйман".
6. Фонддун юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 56.
7. Фонд иш мөөнөтү чектөөсүз түзүлгөн, Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан баштап юридикалык жак болуп эсептелет.
8. Фонд өзүнүн атынан мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды сатып алууну жана ишке ашырууну, милдеттерди алууну, сотто доогер жана жоопкер болууну жүргүзө алат.
9. Фонддун өз алдынча балансы, өзүнүн аталышы менен мөөрү, штамптары, бланктары жана эмблемасы болот, ал Кыргыз Республикасында, ошондой эле чет өлкөдө банктык эсептерди, анын ичинде чет элдик валютада, белгиленген тартипте ачууга укуктуу.
2. Фонддун максаты, ишинин предмети жана укуктары
10. Фонддун негизги максаты руханий жана диний маданиятты өнүктүрүү, жарандардын руханий жана интеллектуалдык потенциалын жогорулатууга багытталган демилгелерди колдоо, ошондой эле конфессиялар аралык ынтымакты, дин жаатындагы сабырдуулукту чыңдоодо, диний экстремизмдин көрүнүштөрүнө каршы күрөшүүнүн натыйжалуу формаларын жана методдорун иштеп чыгууда мамлекетке жана жарандык коомго көмөк көрсөтүү болуп эсептелет.
11. Фонддун ишинин предмети төмөнкүлөр болуп эсептелет:
1) жарандардын диний жана интеллектуалдык потенциалын көтөрүүгө багытталган демилгелерди, ошондой эле сабаттуулуктун деңгээлин көтөрүүгө, сабырдуулукту, диний сабырдуулукту жана конфессиялар аралык ынтымакты чыңдоого багытталган долбоорлорду колдоо;
2) билим деңгээлин жогорулатууда, динден тышкаркы, диний билимди алууда дин кызматкерлерине колдоо көрсөтүү;
3) диний экстремизмге жана террорчулукка каршы күрөшүү боюнча жарандардын, анын ичинде жаштардын, аялдардын жана дин кызматкерлеринин арасында агартуу иштерин жүргүзүү;
4) Кыргыз Республикасында салттуу диний уюмдарга колдоо көрсөтүү;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга карама-каршы келбеген башка ишти жүргүзүү.
12. Иштин максаттарын жана предметтерин ишке ашыруу үчүн Фонд мыйзамда белгиленген тартипте төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Фонддун уставдык ишин каржылоо үчүн ата мекендик жана чет элдик инвесторлордун каражаттарын тартуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө;
2) ушул Уставдын 11-пунктунда аталган иш-чараларды каржылоого;
3) гранттарды бөлүүгө;
4) тикелей эл аралык байланыштарды колдоого, чет элдик уюмдар менен макулдашууларды түзүүгө;
5) жалпыга маалымдоо каражаттарын түзүүгө, өзүнүн иши жөнүндө маалыматты жайылтууга;
6) келишимдерди түзүүгө, мүлктү сатып алууга жана ижаралоого, юридикалык жана жеке жактар менен башка жарандык-укуктук мамилелерди түзүүгө, тышкы экономикалык ишти жүргүзүүгө;
7) Фонддун ишин материалдык жактан камсыз кылуу үчүн зарыл болгон өздүк жер участокторуна, имараттарга, курулмаларга, турак жай фонддоруна, транспортко, жабдууларга, инвентарларга, акча каражаттарына, акцияларга, башка баалуу кагаздарга, ошондой эле башка кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө ээ болууга;
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте ишкердикти жүргүзүүгө;
9) коомдук турмуштун ар кандай маселелери боюнча демилгелер менен чыгууга жана тиешелүү сунуштарды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына киргизүүгө;
10) Фонддун иши үчүн зарыл болгон материалдарды мамлекеттик органдардан, жарандык коомдун уюмдарынан мыйзамда белгиленген тартипте суроого жана алууга;
11) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктарга ээ болууга.
3. Фонддун мүлкү жана каражаттары
13. Фонддун мүлкүн түзүүнүн булактары болуп акчалай жана башка формаларда төмөнкүлөр эсептелет:
1) Кыргыз Республикасынын, ошондой эле башка чет мамлекеттердин жеке жана юридикалык жактарынан ыктыярдуу салымдар жана кайрымдуулук берүүлөр;
2) ишкердиктен түшүүлөр;
3) мыйзамда тыюу салынбаган башка түшүүлөр.
14. Фонд мүлктү ушул Уставда аныкталган максаттар үчүн колдонот.
15. Фонд тарабынан алынган пайда уставдык максатка жетишүү үчүн гана колдонулууга тийиш.
16. Фонддун акчалай каражаттарын эсепке алуу колдонууга берилген бюджеттик каражаттар боюнча негизги сметадан өзүнчө жүргүзүлөт.
17. Фонддун башкармасынын төрагасы ушул Уставда аныкталган сумманын чегинде Фонддун каражаттарын тескөөчү болуп саналат.
4. Фондду башкаруу
18. Фонддун жогорку башкаруу органы болуп анын уюштуруучусу саналат.
19. Уюштуруучу Фонддун ишине байланышкан каалаган маселени өзүнүн кароосуна алууга, кыргыз, чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдарда Фонддун кызыкчылыгын билдирүүгө укуктуу.
20. Фондду уюштуруучунун компетенциясына төмөнкүдөй маселелерди чечүү кирет:
1) Фонддун Уставын бекитүү;
2) Фонддун Уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү;
3) байкоочу кеңешти түзүү жана мүчөлөрүн чакыртып алуу;
4) Фонддун ишинин артыкчылыктуу багыттарын жана келечектүү иш пландарын аныктоо;
5) мыйзам актыларында белгиленген чекте Фонддун башка юридикалык жактарды, ошондой эле өзүнүн филиалдарын жана өкүлчүлүктөрүн түзүүгө же алардын ишине катышуусу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;
6) байкоочу кеңештин жана башкарманын ар кандай чечимине вето коюу укугу;
7) Фонддун башкармасынын ишин ревизиялоо жөнүндө чечим кабыл алуу;
8) Фондду кайра уюштуруу жөнүндө чечим кабыл алуу;
9) камкорчулук кеңешин түзүү укугу;
10) Фонддун ишине тиешелүү болгон башка маселелерди чечүү.
21. Уюштуруучунун чечимдери Фонддун бардык башкаруу органдары жана кызматкерлери тарабынан аткаруу үчүн милдеттүү.
22. Фонддо байкоочу кеңеш болот, ал Фонддун ишине, Фонддун мыйзамдарды жана Уставды сакташын көзөмөлдөөнү ишке ашырат.
Фонддун байкоочу кеңеши өзүнүн ишин коомдук башталышта ишке ашырат. Байкоочу кеңештин курамы байкоочу кеңештин төрагасы башында турган беш адамдан кем эмес санда үч жылдык мөөнөткө уюштуруучу тарабынан түзүлөт. Байкоочу кеңештин төрагасы уюштуруучу тарабынан дайындалат. Байкоочу кеңештин төрагасы, мүчөлөрү уюштуруучунун чечими боюнча чакыртып алынат.
Байкоочу кеңештин жыйналышы байкоочу кеңештин төрагасы тарабынан же болбосо анын үч же андан көп мүчөсүнүн демилгеси боюнча чакырылат.
Эгерде байкоочу кеңештин мүчөлөрүнүн жарымы жыйналышка катышса, анын жыйналышынын кворуму болот. Байкоочу кеңештин чечими жыйналышка катышкан мүчөлөрдүн санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар бирдей болуп калган учурда байкоочу кеңештин төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат. Байкоочу кеңештин ар бир мүчөсү бир добушка ээ. Байкоочу кеңештин мүчөсүнүн өзүнүн добушун кимдир-бирөөгө берүүгө укугу жок.
Байкоочу кеңештин чечими тез арада уюштуруучуга жөнөтүлөт жана эгерде бул чечимге уюштуруучу тарабынан вето коюлбаса, жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
23. Байкоочу кеңештин компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Фонддун ишин көзөмөлдөө;
2) башкарманын төрагасын жана мүчөлөрүн дайындоо жана чакыртып алуу;
3) таламдардын кагылышуусу болжолдонуп турган бүтүмдөрдү бекитүү;
4) Фонддун уюштуруучусуна Фондду кайра уюштуруу жөнүндө сунуш киргизүү;
5) Фонддун башкармасынын 2,5 млн.сомдон ашкан суммага, ошондой эле байкоочу кеңеш аныктоочу Фонддун мүлкүнүн айрым түрлөрү менен бүтүм түзүү жөнүндө чечимдерин бекитүү;
6) Фонддун башкармасы тарабынан даярдалган Фонддун иши жөнүндө жылдык отчетту бекитүү. Башкарма тарабынан даярдалган Фонддун иши жөнүндө жылдык отчетту кабыл албоо Фонддун башкармасын таркатуу үчүн негиз болуп саналат;
7) башкарма даярдаган Фонддун бюджетин жана сметасын бекитүү;
8) башкарманын объективдүү себептер боюнча Фонддун кызыкчылыктарын билдирүүгө мүмкүнчүлүгү болбогон учурда Фонддун кызыкчылыгын билдирүү.
24. Фонддун байкоочу кеңеши Фонддун бардык документтерин текшерүүгө жана аудитордук текшерүү жүргүзүүгө, мүлктүн болушун жана Фонддун ишинин ушул Уставга жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык келишин контролдоого укуктуу. Байкоочу кеңештин мүчөсү башкармадан Фонддун ишине тиешелүү маалымат берүүнү талап кылууга укуктуу. Фонддун байкоочу кеңеши башкармадан Фонддун иши тууралуу ар кандай маалымат, анын ичинде иш жөнүндө отчет жана баланстык отчет берүүнү талап кылууга укуктуу.
Фонддун байкоочу кеңеши Фонддун ишине ревизия жүргүзүү үчүн аудитордук уюмдарды тартууга укуктуу.
25. Фонддун башкармасынын төрагасы жана мүчөлөрү үч адамдан кем эмес санда үч жылдык мөөнөткө дайындалат. Башкарманын курамын түзүү жөнүндө чечимге уюштуруучу тарабынан вето коюлган учурда башкарманын курамы уюштуруучу тарабынан бекитилет. Башкарманын төрагасын жана мүчөлөрүн дайындоо жана чакыртуу уюштуруучу менен макулдашуу боюнча байкоочу кеңештин чечими менен жүргүзүлөт.
Башкарманын төрагасынан тышкары башкарманын бардык мүчөлөрү өзүнүн ишин коомдук башталышта ишке ашырат. Башкарманын төрагасынын сунушу боюнча, байкоочу кеңеш менен макулдашуу боюнча айрым убактылуу долбоорлорду аткарууга акчалай сыйлоо төлөп берип, башкарманын мүчөлөрү менен эмгек келишимдери түзүлүшү мүмкүн.
26. Башкарманын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Фонддун уставдык максаттарына, уюштуруучунун жана байкоочу кеңештин чечимдерине ылайык Фонддун ишин жүзөгө ашыруу;
2) Фондду иштетүүнүн уюштуруу маселелерин чечүү жана тиешелүү документтерди бекитүү;
3) 20 миң сомдон ашкан суммага бүтүмдөрдү түзүү жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;
4) Фонддун түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитүү.
27. Башкарманын жыйналышы зарылдыгына жараша өткөрүлөт жана эгерде ага анын мүчөлөрүнүн көпчүлүгү катышса укуктуу болот, анын бири төрага болуп саналат. Башкарманын чечими жыйналышка катышкан мүчөлөрдүн санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Башкарманын ар бир мүчөсү бир добушка ээ. Добуштар бирдей болуп калган учурда Фонддун башкармасынын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат. Башкарманын мүчөсү өзүнүн добушун башкарманын мүчөлөрүнүн кимдир-бирөөсүнө, ошондой эле үчүнчү жактарга берүүгө укуксуз.
28. Фондду башкаруу процессинде башкарма Фонддун байкоочу кеңешинин мыйзамдуу буйруктарын аткарат.
29. Эгерде Фонд өндүрүштүк жана башка чарба ишин жүргүзсө, жок дегенде ар бир алты ай сайын жана эгерде Фонд мындай иш жүргүзбөсө, жыл сайын Фонддун башкармасы байкоочу кеңештин кароосуна Фонддун уставдык жана финансылык иши тууралуу жазуу жүзүндө отчет берет. Башкарма Фондду башкарууга тиешелүү ар кандай маалыматты байкоочу кеңештин мүчөлөрүнүн, уюштуруучунун талабы боюнча аларга берет жана анын иши тууралуу отчетторду берет. Башкарма Фонддун байкоочу кеңешине Фонддун материалдык жана финансылык абалына болгон ар кандай коркунучтар же ушундай коркунучту жаратышы мүмкүн болгон башка жагдайлар жөнүндө токтоосуз түрдө билдирет.
30. Башкарманы анын төрагасы башкарат. Байкоочу кеңештин төрагасы эмгек мыйзамына ылайык башкарманын төрагасы менен контракт түзөт.
31. Башкарманын төрагасы:
1) Фонддун ишине жалпы жетекчилик кылууну ишке ашырат;
2) Кыргыз Республикасынын жана чет өлкөлөрдүн мамлекеттик органдары, юридикалык жана (же) жеке жактары менен болгон мамилелерде Фонддун кызыкчылыгын билдирет;
3) уюштуруучунун, байкоочу кеңештин чечимдеринин негизинде жана аларды аткаруу максатында иштейт жана аларга отчет берет;
4) Фонддун ишин уюштурат жана уюштуруучу менен байкоочу кеңештин алдында ал иштин жыйынтыктарына жоопкерчилик тартат;
5) Фонддун кызматкерлеринин ортосунда функционалдык милдеттерди аныктайт жана бөлүштүрөт;
6) 20 миң сомдон ашпаган суммада Фонддун акча каражаттарын жана башка мүлкүн белгиленген тартипте тескейт;
7) башкарма тарабынан бекитилген бюджеттин жана сметалардын чегинде өзүнчө убактылуу долбоорлорду жана иштерди аткарууга эксперттер жана башка жактар менен эмгек келишимдерин түзөт жана бузат;
8) Фонддун бардык кызматкерлеринин аткарышы үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат жана көрсөтмөлөрдү берет;
9) ишеним каты жок Фонддун атынан чыгат, мамлекеттик органдарда, Кыргыз Республикасындагы башка мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдарда жана чет өлкөдө анын кызыкчылыгын билдирет;
10) Уставда ага берилген ыйгарым укуктардын чегинде Фонддун атынан бүтүмдөрдү түзөт, сотто чыгат, ишеним кат берет, Фонддун иш маселелери боюнча башка функцияларды аткарат;
11) уюштуруучунун, байкоочу кеңештин, Башкарманын тапшырмасы боюнча башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
32. Башкарманын төрагасы өзүнүн буйругу менен өзүнүн милдеттерин аткарууну башкарманын мүчөлөрүнүн бирине өткөрүп берүүгө укуктуу. Башкарманын төрагасы ооруп калып жана башка жагдайларда өзүнүн милдеттерин аткарууну башкарманын мүчөлөрүнүн бирине өткөрүп бере албаган учурда башкарманын төрагасынын милдетин аткаруучу уюштуруучу тарабынан дайындалат.
33. Башкарманын төрагасы жана мүчөлөрү өздөрүнүн функциялык милдеттерин аткарбагандыгы жана талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
5. Фонддун Уставына өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн тартиби
34. Фонддун Уставына өзгөртүүлөр башкарманын, байкоочу кеңештин сунушу боюнча же уюштуруучунун жеке өзү тарабынан уюштуруучунун чечими боюнча киргизилет.
35. Фонддун Уставына өзгөрүүлөр алар мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып күчүнө кирет.
6. Фондду кайра уюштуруу жана жоюу
36. Фондду кайра уюштуруу жөнүндө чечим Фонддун байкоочу кеңешинин, Фонддун башкармасынын сунушу боюнча же болбосо өзүнүн жеке демилгеси боюнча уюштуруучу тарабынан кабыл алынышы мүмкүн.
Кайра уюштурулган учурда Фонддун мүлкү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жаңыдан пайда болгон юридикалык жактарга өтөт.
37. Фонд Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоюлушу мүмкүн.
Фонд жоюлган учурда кредиторлордун талаптары канааттандырылгандан кийин калган анын мүлкү Фонддун уставдык максаттарына жумшалат.
7. Корутунду жоболор
38. Фонд Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бухгалтердик эсеп жана статистикалык отчеттуулук жүргүзөт, салык жана статистикалык органдарга өзүнүн иши тууралуу маалымат берет.
39. Фонд Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бажы төлөмдөрүн кошо алганда, салыктарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү бюджетке төлөйт.
40. Фонддун ушул Уставда жөнгө салынбаган бөлүгүндөгү иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.