РаспоряжениеКүчүндө

КР Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин 2014-жылдын 24-мартындагы № 64 («Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фонду" коомдук фондунун уставын бекитүү боюнча) буйрук

Редакция24.03.2014 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН

ПРЕЗИДЕНТИНИН АППАРАТЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ

БУЙРУК

2014-жылдын 24-марты № 64

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 22-январындагы № 11 буйругун ишке ашыруу максатында:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) "Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фонду" коомдук фондунун уставы 1-тиркемеге ылайык;

2) "Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фонду" коомдук фондунун байкоо кеңешинин курамы 2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмү "Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фонду" коомдук фондун мамлекеттик каттоонун жана иштетүүнүн уюштуруу-укуктук маселелерин чечсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Президентинин Аппаратынын Жетекчиси:

 

Д.И.Нарымбаев

 

2-тиркеме

"Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фонду" коомдук фондунун байкоо кеңешинин КУРАМЫ

Исаков Сапар Жумакадырович

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басарынын рангындагы тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы, төрага;

Карыбаева Мира Аскеровна

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы;

Молдалиев Орозбек Абдысаламович

-

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору;

Нарматов Абдышүкүр

-

Кыргызстандын ислам университетинин ректору (макулдашуу боюнча).