Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 11-июлу № 258-б
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 544-т тескемесинин редакциясына ылайык)
Ак илбирстин биологиялык түрлөрүн сактоо жана популяциясын калыбына келтирүү боюнча чараларды көрүү, анын экотутумун сактоо багытындагы иштерди күчөтүү максатында, Бишкек шаарында 2013-жылдын 23-октябрында өткөрүлгөн ак илбирсти сактоо боюнча Дүйнөлүк форумда кабыл алынган Ак илбирсти сактоо боюнча Бишкек декларациясын көңүлгө алуу менен, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 87-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. "Ак илбирсти жана анын экотутумун сактоо боюнча ааламдык программанын жумушчу катчылыгы" мекемеси түзүлсүн.
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 544-т тескемесине ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 544-т тескемесине ылайык күчүн жоготту)
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 544-т тескемесине ылайык күчүн жоготту)
Биринчи вице-премьер, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу |
| Т.Сарпашев |