РаспоряжениеКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-июлундагы № 258-б («Ак илбирсти жана анын экотутумун сактоо боюнча ааламдык программанын жумушчу катчылыгы» мекемесин түзүү боюнча) буйругу

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2014-жылдын 11-июлу № 258-б

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 544-т тескемесинин редакциясына ылайык)

 

Ак илбирстин биологиялык түрлөрүн сактоо жана популяциясын калыбына келтирүү боюнча чараларды көрүү, анын экотутумун сактоо багытындагы иштерди күчөтүү максатында, Бишкек шаарында 2013-жылдын 23-октябрында өткөрүлгөн ак илбирсти сактоо боюнча Дүйнөлүк форумда кабыл алынган Ак илбирсти сактоо боюнча Бишкек декларациясын көңүлгө алуу менен, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 87-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

 

1. "Ак илбирсти жана анын экотутумун сактоо боюнча ааламдык программанын жумушчу катчылыгы" мекемеси түзүлсүн.

2. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 544-т тескемесине ылайык күчүн жоготту)

3. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 544-т тескемесине ылайык күчүн жоготту)

4. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 544-т тескемесине ылайык күчүн жоготту)

 

 

Биринчи вице-премьер, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу

 

Т.Сарпашев