Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябры № 544-р тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-июлундагы № 258-б буйругу менен бекитилген |
"Ак илбирсти жана анын экотутумун сактоо боюнча ааламдык программанын жумушчу катчылыгы" мекемесинин УСТАВЫ
1. Жалпы жоболор
1. "Ак илбирсти жана анын экотутумун сактоо боюнча ааламдык программанын жумушчу катчылыгы" мекемеси (мындан ары - Жумушчу катчылык) Ак илбирсти сактоо боюнча ааламдык программанын өнөктөштөрүнүн, ак илбирс байырлаган өлкөлөрдөгү айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, донорлордун, коммерциялык эмес кызыкдар уюмдардын, бизнес-түзүмдөрдүн, Ак илбирсти сактоо боюнча ааламдык программаны өнүктүрүү маселеси багытында илимий жана окуу жайлардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү, координациялоону жана кызматташууну уюштуруу максатында түзүлгөн.
2. Жумушчу катчылык өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
Жумушчу катчылык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигине (мындан ары - Мамлекеттик агенттик) түздөн-түз баш иет.
3. Жумушчу катчылык оперативдүү башкаруу укугунда түзүлгөн юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын банктарында жана чет өлкөлүк банктарда алыш-бериш жана башка эсептери, анын ичинде валюталык эсептери бар.
4. Жумушчу катчылыктын мамлекеттик жана расмий тилдерде аталышы жазылган мөөрү, штампы, бланктары жана башка маалым даректери бар.
5. Мекеменин аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Ак илбирсти жана анын экотутумун сактоо боюнча ааламдык программанын жумушчу катчылыгы" мекемеси;
кыскартылган аталышы: "Жумушчу катчылык";
- расмий тилде: учреждение "Рабочий секретариат Глобальной программы по сохранению снежного барса и его экосистем";
сокращенное наименование: ''Рабочий секретариат";
- англис тилинде: "Working secretariat on Global Snow leopard and Ecosystem protection program";
сокращенное наименование: "Working secretariat".
6. Жумушчу катчылыктын юридикалык дареги: 720001, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Горький көчөсү, 142.
2. Жумушчу катчылыктын максаты жана милдеттери
7. Жумушчу катчылыктын ишинин максаты болуп Ак илбирсти сактоо боюнча ааламдык программаны ишке ашыруу саналат.
8. Жумушчу катчылыктын төмөнкүдөй милдеттери бар:
- ак илбирс байырлаган өлкөлөрдөгү айлана-чөйрөнү коргоо жаатында мамлекеттик органдар менен өз ара байланышты ишке ашыруу;
- ак илбирс байырлаган өлкөлөрдө Ак илбирсти сактоо боюнча ааламдык программанын жүзөгө ашырылышына мониторинг жүргүзүү.
3. Жумушчу катчылыктын ыйгарым укуктары
9. Жумушчу катчылыктын ыйгарым укуктары:
- ак илбирс байырлаган өлкөлөрдүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары, донорлор жана зарыл болгон учурда башка өнөктөштөр менен Ак илбирсти сактоо боюнча ааламдык программаны өнүктүрүү жаатындагы иш-чаралардын планын макулдашуу;
- Ак илбирсти сактоо боюнча ааламдык программаны өнүктүрүү багытындагы иш-чаралардын планына мониторинг жүргүзүү, тийиштүү отчетторду жана маалыматтарды даярдоо жана аларды Ак илбирсти сактоо боюнча ааламдык программанын өнөктөштөрүнө, башка кызыкдар уюмдарга жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жеткирүү;
- веб-сайтты, маалыматтар базасын жана ак илбирстин экотутумун сактоо маселеси боюнча илимий, маалыматтык жана нускамалык материалдардын китепканасын кошо алганда Ак илбирсти сактоо боюнча ааламдык программаны өнүктүрүү жаатында маалымат ресурстарын уюштуруу жана колдоо, мезгилдүү жарыялоолорду ишке ашыруу;
- Ак илбирсти сактоо боюнча ааламдык программанын өнөктөш мамлекеттеринин жана башка кызыкдар тараптардын өкүлдөрүнүн катышуусунда Ак илбирсти сактоо боюнча ааламдык программаны өнүктүрүү маселелери жаатындагы координациялык кеңешмелерди жана конференцияларды уюштуруу, пландоо жана логистикалык камсыздоо;
- Ак илбирсти сактоо боюнча ааламдык программаны жүзөгө ашыруу жөнүндө макулдашылган иш-чаралар планынын алкагында иштерди даярдоо жана аны ишке ашыруу үчүн квалификациялуу адистерди, ошондой эле юридикалык жактарды тандоо жана тартуу;
- ак илбирс байырлаган өлкөлөрдөгү айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга, ошондой эле донорлорго жана Ак илбирсти сактоо боюнча ааламдык программанын башка өнөктөштөрүнө отчетторду берүү;
- Ак илбирсти сактоо боюнча ааламдык программаны каржылоонун талаптарына ылайык биргелешкен окуу семинарларын, талаа изилдөөлөрүн, маалыматтарды, документтерди, визиттерди алмашууларды кошо алганда персоналды окутууну жана квалификациясын жогорулатууну уюштурууда Ак илбирсти сактоо боюнча ааламдык программанын өнөктөштөрүнө көмөк көрсөтүү;
- Ак илбирсти сактоо боюнча ааламдык программаны ишке ашыруу үчүн эл аралык финансы каражаттарын тартуу;
- ак илбирс байырлаган өлкөлөрдөгү айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардан Ак илбирсти сактоо боюнча ааламдык программаны жүзөгө ашыруу жөнүндө маалыматтарды суроо;
- Ак илбирсти сактоо боюнча ааламдык программаны жүзөгө ашыруу жаатындагы ишти координациялоо;
- Жумушчу катчылыктын ишинин алкагында биргеликте иштөө үчүн зарылчылыкка жараша, өз ара сүйлөшүү боюнча мамлекеттик органдардын кызматкерлерин, окумуштууларды, адистерди, коомчулуктун өкүлдөрүн тартуу;
- Ак илбирсти сактоо боюнча ааламдык программаны жүзөгө ашыруунун алкагында иш-чараларды уюштуруу;
- улуттук координаторлорго жана ак илбирс байырлаган өлкөлөрдөгү айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жетекчилерине окууларды өткөрүү жана техникалык колдоо көрсөтүү, байырлаган өлкөлөр менен эл аралык эксперттердин ортосундагы билим алмашуу механизмин өнүктүрүү.
4. Жумушчу катчылыктын ишин уюштуруу
10. Жумушчу катчылыктын ишине жалпы жетекчиликти жана контролду Жумушчу катчылыктын жетекчиси жүзөгө ашырат.
11. Мамлекеттик агенттик Ак илбирсти сактоо боюнча ааламдык программанын донорлору менен макулдашуу аркылуу Жумушчу катчылыктын бюджетин жана Жумушчу катчылыктын кызматкерлеринин кызматтык нускамаларын бекитет.
12. Жумушчу катчылыктын жетекчиси:
- Ак илбирсти сактоо боюнча ааламдык программанын өнөктөштөрү менен макулдашылган иш-чаралар планына ылайык Жумушчу катчылыктын ишин координациялайт;
- Ак илбирсти сактоо боюнча ааламдык программаны ишке ашыруу маселелери багытында Мамлекеттик агенттик жана Кыргыз Республикасынын кызыкдар болгон башка мамлекеттик органдары менен оперативдүү өз ара байланышты камсыздайт;
- кызматтык нускамага ылайык башка функцияларды, ошондой эле Мамлекеттик агенттиктин компетенциясына киргендерди кошпогондо Жумушчу катчылыктын милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон башка аракеттерди ишке ашырат.
5. Жумушчу катчылыктын жоопкерчилиги
13. Жумушчу катчылык айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
6. Жумушчу катчылыкты каржылоо жана отчеттор
14. Жумушчу катчылыкты каржылоо эл аралык уюмдардын жана донорлордун каражаттарынын эсебинен ишке ашырылат.
Жумушчу катчылыктын мүлкүн төмөнкү булактар түзөт:
- донорлордун каражаттарынын эсебинен каржылоо;
- гранттар, банктардын жана башка кредиторлордун кредиттери;
- юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка кирешелер.
15. Жумушчу катчылык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бухгалтердик эсепти ишке ашырат жана отчеттуулукту жүргүзөт.
16. Жумушчу катчылык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда, ошондой эле мамлекеттик агенттиктин чечими боюнча Жумушчу катчылыктын каражаттарынын эсебинен аудит жүргүзөт.
7. Жумушчу катчылыкты кайра уюштуруу жана жоюу
17. Жумушчу катчылыкты кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимине ылайык ишке ашырылат.
Насыя берүүчүлөрдүн талаптары канааттандырылгандан кийинки калган мүлк мамлекеттин менчигине өткөрүлүп берилет.