Редакцияот 15.07.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2014-жылдын 15-июлу № 310

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн кезектеги раундун өткөрүү максатында:

1. Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссиянын жумушчу топторунун жолугушуусу 2014-жылдын 14-19-июлунда Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарында өткөрүлсүн.

2. Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссиянын жумушчу топторунун жолугушуусуна катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын жумушчу тобу Кочкор-Ата шаарына тиркемеге ылайык курамда жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү:

- аталган жолугушууну жана протоколдук иш-чараларды өткөрүүнү уюштурууда Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын жумушчу тобуна көмөк көрсөтсүн;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын жумушчу тобунун мүчөлөрүн унаа каражаттары менен камсыздасын.

4. Командировкалык чыгымдар командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.

 

Премьер-министри

 

Дж.Оторбаев

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2014-жылдын 15-июлундагы № 310 буйругуна тиркеме

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын жумушчу тобунун КУРАМЫ

 

Искандаров К.А.

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү, делегациянын жетекчиси;

Касмалиев А.К.

-

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын директору, жумушчу топтун жетекчиси;

Баймырзаев М.Н.

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгынын эксперти;

Усаров М.И.

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгынын эксперти;

Сыргабаев Б.Э.

-

өзгөчө тапшырмалар боюнча элчи, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин кеңешчиси;

Исабеков Н.Д.

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин директору;

Эгамбердиева Ж.Ш.

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;

Юсупов Б.Ю.

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;

Жолчиев Б.Д.

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;

Ботобаев К.К.

-

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары;

Мурзаев А.М.

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын директорунун орун басары;

Абдырахманов А.К.

-

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин бөлүм начальниги;

Борубаев Н.Н.

-

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча түштүк региондук бөлүмүнүн начальниги;

Камбаралиев Б.К.

-

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын Башкы штабынын чек араны кайтаруу жана коргоо бөлүмүнүн делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча улук офицери.