Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 16-июлу № 266-б
Кыргыз Республикасынын Улутттук илимдер академиясынын түзүлгөн күнүнүн 60 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү максатында, "Кыргыз Республикасындагы Юбилейлик иш-чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын түзүлгөн күнүнүн 60 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети (мындан ары - уюштуруу комитети) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Уюштуруу комитети бир айлык мөөнөттө юбилейлик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү планын иштеп чыксын жана бекитсин, аны ишке ашырууну камсыз кылсын.
3. Юбилейлик иш-чараларды өткөрүү менен байланышкан чыгымдар ишке тартылган министрликтердин жана административдик ведомстволордун каражаттарынын, ошондой эле гранттардын жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен ишке ашырылсын.
4. Уюштуруу комитетинин ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясына жүктөлсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж. К. Оторбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16 июлундагы № 266-б буйругуна тиркеме |
Оторбаев Джоомарт Каипович
| - Кыргыз Республикасынын Премьер-министри. уюштуруу комитетинин төрагасы; |
Эркебаев Абдыганы Эркебаевич | - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары. |
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
| |
Осмоналиев Каныбек Осмоналиевич | - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
|
Кудайбердиева Гульмира Каримовна | - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);
|
Садыков Канат Жалилович | - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;
|
Талиева Камила Абдыразаковна | - Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри;
|
Лаврова Ольга Владимировна | - Кыргыз Республикасынын финансы министри; |
Атаджанов Сабир Садыкжанович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору;
|
Зилалиев Дуйшенбек Текшербекович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин директору;
|
Назарбеков Марат Рысбекович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасы; |
Мавлянов Абдырахман Субанкулович | - Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын төрагасы; |
Кулматов Кубанычбек Кенешевич | - Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
|
Борубаев Алтай Асылканович | - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти; |
Токторалиев Биймырза Айтиевич | - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти; |
Нифадьев Владимир Иванович
| - Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин ректору (макулдашуу боюнча);
|
Садыков Тургунбай Садыкович
| - Т.Садыков атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук көркөм сүрөт академиясынын ректору;
|
Мамакеев Мамбет Мамакеевич
| - коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги (макулдашуу боюнча);
|
Айдаралиев Асылбек Акматбекович | - Кыргызстандын Эл аралык университетинин окуу-илимий-өндүрүштүк комплексинин көмөк көрсөтүү боюнча кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Нургазиев Рысбек Зарылдыкович | - К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректору; |
Зурдинов Аширалы Зурдинович | - И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректору; |
Дүйшеналиев Туратбек Болотбекович | - И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору; |
Исамидинов Искендер Чонмурунович
| - Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору; |
Мамытов Миталип Мамытович
| - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги (макулдашуу боюнча); |
Оторбаев Кубат Табылдиевич
| - Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Саалаев Жедигер Ибраимович | - «Кыргыз Туусу» басма үйүнүн директору -башкы редактор; |
Слащева Тамара Михайловна | - «Слово Кыргызстана» басма үйүнүн директору - башкы редактор;
|
Осмонов Манас Орозбаевич | - "Эркин Too" газетасынын башкы редактору. |