Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 17-июлу № 270-б
Бишкек шаарында 2013-жылдын 22-майында кол коюлган жана Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 12-июлундагы №136 Мыйзамы менен ратификацияланган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Чек аралык кызматтарды региондук жакшыртуу» долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашуунун шарттарын аткаруу максатында:
1. Азия өнүктүрүү банкынын «Чек аралык кызматтарды региондук жакшыртуу» долбоору боюнча тиркелген Көчүрүү планы көңүлгө алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы:
- Көчүрүү планына ылайык Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Жекенди айылдык аймагынын ижарага алынган жер участогунда иш жүргүзгөн адамдарга тиешелүү жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде акчалай компенсацияларды төлөп берүүнү камсыз кылсын;
- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен бирдикте Көчүрүү планынан келип чыккан башка чараларды көрсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
АӨБ - Азия өнүктүрүү банкы
ДТКА - Долбоордун таасирине кабылган адамдар
ЧАӨП - Чек арадан өтүү пункту
БАРЭК - Борбор Азиялык региондук экономикалык кызматташтык
ЭМ - Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги
МБК - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы
КП - Көчүрүү планы
КЧСЖЖ - Коргоо чаралары боюнча саясат жөнүндө жобо
1. Ушул Көчүрүү планы (КП) Чек аралык кызматтарды жакшыртуу боюнча региондук долбоордун алкагында «Карамык» (Кыргыз Республикасы) чек арадан өтүү пунктун (ЧАӨП) жакшыртуу багытындагы чакан долбоор үчүн Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) 2009-жылдагы Коргоо чаралары боюнча саясат жөнүндө жобонун (КЧСЖ) талаптарына ылайык даярдалган. КП орус жана кыргыз тилдерине которулган, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги (ЭМ) - чакан долбоордун аткаруучу агентгиги тарабынан иштелип чыккан.
2. "Карамык" ЧАӨП БАРЭКтин эки коридорунда (ЗЬ жана 5) жайгашкан жана маңдайлаш тараптагы Тажикстан чек ара посту жакында жакшыртылган. "Карамык" ЧАӨПты эл аралык талаптарга жана стандарттарга толук шайкеш келиши үчүн өркүндөтүү сунушталууда. Долбоор аргасыз көчүрүүдөн улам «В» категориясы катары классификацияланат.
3. Сунушталган Чакан долбоордун алкагында чек ара жанындагы заманбап объектини куруу пландаштырылууда, ал үчүн Жекенди айылдык аймагынын жер фондусунан (чек ара жанындагы объектинин жайгаштырылышы жана экспликациясы берилген, 1 жана 2-тиркемени караңыз) 3,30 га жер белүп берүү талап кылынат. Долбоор үчүн зарыл болгон бардык жер пайдалануу максатына ылайык мал жаюу үчүн колдонулган жайыт жерлери болуп саналат (мамлекеттин менчигинде турат). 3,30 гектардын 0,45 гектары Жекенди айылдык аймагынын 3 уй чарбасы тарабынан сатуу жана өздөрүнүн керектөөлөрүнө жумшоо үчүн картошка, буудай жана тоют өсүмдүкторү (эспарцет) сыяктуу өсүмдүктөрдү өстүрүүгө ижарага берилген. Чакан долбоорго байланыштуу 0,45 гектарды ижарага берүү кийинки айыл чарба иштери башталганга чейин токтотулат, бул 3 үй чарбасынын ижарага алынган жерден алынуучу кирешесин жоготууга алып келет. Имараттар, курулмалар же башка жерге тиешеси жок активдер бузулбайт. Ошондой эле ДТКАларда курулуш иштери башталганга чейин учурдагы айыл чарба мезгилинде өздөрү ижарага алган жерлерден түшүмдү толук жыйнап алууга убакыт жетиштүү болоору күтүлүүде.
4. Жекенди айыл аймагынын аткаруучу органы 2011-жылдын март айында 5 жылдык мөөнөткө (2016-жылдын мартына чейин) ар бир үй чарбасы менен жеке ижара келишимине кол койгон. Үй чарбалары 3 айыл чарба мезгилинин аралыгында (2011, 2012, 2013-жылдары) жерди иштетишкен жана акыркы 2 жыл ичинде ижара акысын жана жер салыгын төлөшкөн. Ижаранын учурдагы келишими боюнча аларда 2 айыл чарба мезгили калат. Жерди алып коюуда болжолдонгон таасирлер тууралуу топтомо маалымат 1 - таблицада берилген:
| Таасирдин аракетине туш болуучу аламдар | Иштетилген участоктун аянты | Өстүрүлүүчү өсүмдүк | Орточо түшүмү | Калган айыл чарба мезгилинин саны | 2 жылда болжолдонгон бардык залал |
1. | Абдиля Темирбаев | 0,10 га | Буудай | 350 кг | 2 | 700 кг |
2. | Сулайман Аширалиев | 0,20 га | Эспарцет (тоют өсүмдүгү) | 46 таңгак | 2 | 92 таңгак |
3. | Мырза Усонов | 0,15 га | Картошка | 3375 кг | 3 | 6750 кг |
5. Улуттук мыйзамдарга1 ылайык мамлекеттик токой фондунун жайыт жерлеринен башка жайыттар ижарага (иштетүүгө) берилбей тургандыгына байланыштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен үй чарбаларынын ортосунда түзүлгөн ижара келишимдери юридикалык жактан жараксыз болуп саналат. Мындан тышкары ижара келишими Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын жергиликтүү бөлүнүшүндө катталган эмес жана ушундан улам милдеттүү күчкө ээ эмес.2 Бирок, үй чарбалары тарабынан жайытты иштетүү өз эркинче жүргүзүлбегөндүгүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын расмий чечими (ижара жөнүндө кол коюлган келишим) менен санкциялангандыгын эске алып, таасирдин аракетине туш болуучу үй чарбалары легитимдүү укуктары бар ДТКА катары каралышы керек.
6. Чоң-Алай районундагы башка жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары сыяктуу эле, Жекенди айылдык аймагы жергиликтүү калк үчүн негизги социалдык жана экономикалык кызматтарды көрсөтүү жагынан мамлекеттик субсидияларга (97%) көз каранды. карамык3 5 айылдан турган Жекенди айылдык аймагына кирет. Карамыкта 550 үй чарбасы (же 2761 адам) жашайт, анын ичинен 61 %ы кедейлерге жана өтө кедейлерге кирет.4 Чектелген
_______________________
1 «Жайыттар жөнүндө» КР Мыйзамы (2009-жылдын январы) жана Кыргыз Республикасынын Конституциясы (2010 - жылдын июну)
2«Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө» КР Мыйзамы (2003-жылдын декабры).
3 Карамык - Жекенди айылдык аймагына административдик жактан кирген 5 айылдын бири. Андан башка ушул айылдык аймакка Кара-Тейит, Жекенди, Шибээ жана Чулук айылдары кирет.
4Жекенди айылдык аймагынын социалдык паспорту, 2012-ж.
экономикалык мүмкүнчүлүктөргө жана региондогу климаттык катаал шарттарга байланыштуу жергиликтүү калк негизинен мал чарбачылыгын жүргүзөт жана картошка өстүрүшөт. Буудай жана тоют өсүмдүктөрүн (эспарцет) негизинен өздөрүнүн керектөөлөрү үчүн өстүрүшөт. Расмий түрдө 5 тен ашык баласы бар же катаал/ бийик тоолуу шарттарда жашаган үй чарбалары аялуу катмар болуп саналат жана аларга кошумча мамлекеттик жөлөкпулдар берилет. Бардык 3 ДТКА азыркы учурда ушундай үй чарбаларына берилүүчү мамлекеттик жөлөкпул алышат. Киреше булагы өңүтүнөн алганда 2 ДТКА айыл чарбасынан алган өз кирешелерине кошумча пенсия алышат. 1 ДТКА Чон-Алай районундагы сейсмологиялык бөлүмдүн начальниги катары эмгек акы алат. ДТКАнын жашоо каражаттарынын багыты 2-таблицада келтирилген.
ДТКАнын жашоо каражаттарынын багыты
ДТКА | Үй-бүлөлүк абалы | Жумуштуулук | Жер үлүштөрү | Үй жаныбарлары | Үй-бүлөнүн киреше булагы |
Абдиля Темирбаев | Үйлөнгөн, 3 уулу жана 3 кызы бар | Пенсионер, фермер | Тоют (эспарцет) өстүрүү үчүн 1,86 га сугат айдоо жерге ээ | 10 кою, 5 эчки, 2 ую, 2 музоосу бар | Пенсия, картошка жана тоют өсүмдүк-торүн сатуу |
Сулайман Аширалиев | Үйлөнгөн, 2 уулу жана 9 кызы бар | Фермер | Айылда жер үлүшү жок. Айылга 1999-жылы жерди кайра бөлүштүрүү боюнча реформадан кийин көчүп келген | 3 кою, 2 эчкиси, 1 ую бар | Убактылуу жумуштар-дан киреше |
Мырза Усонов | Үйлөнгөн, 3 уул жана 4 кызы бар | Пенсионер, Чон-Алай районунун сейсмология бөлүмүнүн начальниги болуп иштейт | Сатуу жана өзүнүн керектөөсү үчүн айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү багытында колдонулуучу 3 га сугат айдоо жери бар | 30 кою, 2 ую, 2 музоосу бар | Эмгек акы, пенсия, картошка сатуу |
7. Ушул КП АӨБдүн (2009) Коргоо чаралары боюнча саясат жөнүндө жобосуна шайкеш келет, бул жарандык иштер башталганга чейин АӨБдөн жактыруу алуу үчүн шарт катары КПны даярдоого жана ишке ашырууга мүмкүндүк берет. Темөндө КПны ишке ашыруунун негизин түзгөн саясаттын принциптери келтирилет:
- көчүрүүнүн таасиринен качуу же жок дегенде аны минимумга жеткирүү керек;
- эгерде кечүрүүге туура келсе, ДТКАнын жашоосуна каражаттардын макамынын чакан долбоорунун деңгээлин сактоо үчүн калыбына келтирүү наркы боюнча кирешени компенсациялоо жана деңгээлин калыбына келтирүү камсыэдалууга тийиш;
- жерге менчиктин формалдуу укугунун жоктугу компенсация же жок дегенде кирешенин деңгээлин калыбына келтирүү үчүн тоскоолдук болбошу керек.
- ДТКА үчүн жашоого карата алардын каражаттарын калыбына келтирүүгө жардам көрсөтүлөт;
- аялуу ДТКАларга атайын жөлөкпулдар берилет;
- ДТКАлардын даттануулары боюнча маселелерди чечүү үчүн даттануулар менен иштөөнүн тийиштүү механизмдери (ДМИМ) түзүлөт;
- компенсацияларды төлөп берүү АӨБ КПны бекиткенден кийин гана башталат. Мындан тышкары бул тууралуу АӨБгө отчетторду жөнөтүү менен КПны ишке ашырууга мониторинг жүргүзүлөт жана
- чакан долбоор боюнча жарандык курулуш иштери КПны ишке ашыруу бүткөндөн жана ырасталгандан кийин гана башталат.
8. Бул чакан долбоор үчүн компенсация жана компенсацияга укук чакан долбоордон кийин ДТКАлардын жашоо турмуш деңгээлин колдоо же жогорулатууга жардам берүү үчүн багытталган. 3-таблицада чакан долбоордун алкагында ДТКАлардын ар кандай категориялары үчүн компенсацияларга укуктардын матрицасы келтирилген.
Мулк | Сүрөттөө | ДТКА | Компенсацияга укук |
Туруктуу жоготуу |
|
| |
Айыл чарба жер участоктору |
| Ижарачы | Жерди ижарага алуудан кирешени потенциалдуу жоготууга эквиваленттүү, ижаранын учурдагы келишиминин алкагында калган жылдардын санына көбөйтүлгөн акчалай компенсация |
Мүлк | Сүрөттөө | ДТКА | Компенсацияга укук |
Аялуу үй чарбасы (АҮЧ) |
| Расмий түрдө аялуу үй чарбасы деп аныкталган (кедейчиликтин чегинен ашкан АҮЧ; 5тен көп баласы бар үй-бүло жана бийик тоолуу райондордо жашаган үй-бүлөлөр) | 3 ай үчүн жашоо минимумунун расмий деңгээлине эквиваленттүү жардам |
9. Күтүлгөн ижараны токтотуунун натыйжасында ар бир үй чарбасы ижарага альшган участокторду иштетүүнү улантуу мүмкүнчүлүгүн ижаранын келишими бүткөнгө чейин жоготот. Жоготуулардын масштабы жыл сайын алынган түшүмдү базар баасында сатуудан алынган, ижара келишимине ылайык калган жылдардын (2 жыл) санына көбөйтүлгөн таза пайданын мааниси катары бааланат. Акчалай компенсация иш жүзүндө жүзөгө ашырылуучу жалгыз вариант катары каралат, анткени Жекенди айылдык аймагынын аткаруу органы Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунда пайдаланылбаган жерлерге ээ эмес, ошондой эле долбоордун аракет чөйрөсүнө кирген үй чарбаларына ижарага алынган участокторду алмаштырууну камсыз кыла албайт. Ар бир үй чарба боюнча ижараны жоготуу үчүн компенсациялардын эсеби 4 жана 6- таблицаларда берилген:
Өстүрүлүүчү өсүмдүк | Иштетилүүчү участоктун аянты | Орточо түшүм | 2012-жылдагы орточо баа | Калган айыл чарба сезонунун саны5 | Компенсациянын өлчөмү |
Буудай | 0,10 га | 350 кг | 15 сом | 2 | 6050 сом |
Эспарцет (тоют өсүмдүгү) | 0.20 га | 46 таңгак | 200 сом | 2 | 10800 сом |
Картошка | 0,15 га | 3375 кг | 15 сом | 2 | 61800 сом |
Бардыгы: |
| 78650 сом | |||
10. Бардык 3 ДТКА расмий түрдө аялуу деп саналат. Бул үй чарбаларына жардам көрсөтүү үчүн аялуулар боюнча жөлөкпул Ош облусу үчүн учурдагы расмий жашоо минимумун (ЖМ)6 3 айга көбөйтүүнүн негизинде эсептелет (4543 сом х 3 ай).
____________________
5Ижара келишими 2016-жылдын март айына чейин кол коюлгандыктап, ал эми 2016-жылдын айыл чарба сезону марттан кийин башталгандыктан (ижара келишимин колдонуу мөөнөтү бүткөндөн кийин). компенсацияга укук 2 гана жылга эсептелген.
6Ош облусу үчүн расмий жашоо минимуму 2013-жылдын 3-кварталы үчүн 4543 сомду түзөт (Маалымат булагы: КР Улуттук статистика комитети, 2013-жыл)
11. Долбоорду ишке ашыруу боюнча негизги өнөктөш катары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүне караштуу Мамлекеттик бажы кызматы КПны ишке ашыруу үчүн зарыл болгон каражаттарды төлөйт. КПны ишке ашыруунун жалпы бюджети 5-таблицада келтирилген:
| ДТКАнын аты-жөнү | Компенсацияга укук | Ижараны жоготкондугу үчүн компенсация (сом) | Аялуулук боюнча жөлөкпул (сом) | Компенсациянын жалпы нарки |
1 | Абдиля Темирбаев | 2 жылдык түшүмдү (буудай) жоготуу | 6050 | 13629 | 19679 сом |
2 | Сулайман Аширалиев | 2 жылдык түшүмдү (тоют) жоготуу | 10800 | 13629 | 24429 сом |
3 | Мырза Усонов | 2 жылдык түшүмдү (картошка) жоготуу | 61800 | 13629 | 75429 сом |
| Бардыгы: |
| 78650 | 40887 | 119537 сом |
12. Чакан долбоор ДТКАлар тарабынан Чакан долбоордун иши менен байланышкан даттанууларды өз убагында табуу жана чечүү үчүн Даттанууларды кароо механизмин (ДКМ) ишке киргизет. ДКМ ДТКАлар өз тынчсыздануулары тууралуу, ар түрдүү маселелер боюнча түшүндүрүүнү алууну же Чакан долбоордун иши менен байланышкан даттанууларды чечүүнү талап кыла турган механизмди түшүндүрет. ДТКАлар үчүн даттанууларды кароо процессинде легитимдүүлүктү жана алгылыктуулукту камсыз кылуу үчүн ДКМ төмөнкүдөй принциптерге ылайык иштелип чыгат: i) натыйжалуулук; ii) ДТКАлар үчүн кирешелүүлүк; iii) ачык-айкындуулук; iv), гендердик жана башка аялуу топторду сезгичтик; v) маданий өзгөчөлүктү эске алуу; vi) даттанууларды берүү менен байланышкан жол-жоболор жана чыгымдар планында ДТКАлар үчүн жеткиликтүүлүк.
13. Аткаруу агенттиги (мындан ары - АА) жана курулушту көзөмөлдөө боюнча консультант ДКМнын ишине мониторинг жүргүзөт жана долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө отчеттордо мониторингдин жыйынтыктарын чагылдырышат.
14. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы өзүнүн региондук бөлүнүштөрү аркылуу КПнын өз убагында ишке ашырылышына жана КПнын аяктагандыгы жөнүндө отчеттун даярдалышына жооптуу болот. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы (МБК) КПнын аяктагандыгы жөнүндө курулушту көзөмөлдөөчү консультантка отчет тапшырат, анда КПны күбөлөндүрөт жана талаптардын сакталгандыгы жөнүндө отчетту даярдайт. КПнын аяктагандыгы жөнүндө отчетту, ошондой эле талаптардын сакталгандыгы жөнүндө отчет баяндама үчүн АӨБгө берилет. АӨБ ушул отчетторго баяндама жүргүзгөндөн кийин гана жарандык курулуш иштери башталат.
| Иш-чаралар | Жооптуу адамдар |
1 | КПны ишке ашыруу, АӨБ жана ААнын веб-сайттарына жайгаштыруу | ЭМ, МБК, ЖӨБ |
2 | КПнын аяктагандыгы жөнүнде отчетту даярдоо | МБК, ЭМ |
3 | КПнын талаптарынын сакталгандыгы жөнүндө отчетту даярдоо | МБК |
4 | Аяктагандыгы/талаптардын сакталгандыгы жөнүндө отчеттун баяндамасы жана АӨБдөн курулуш иштерин жүргүзүүгө уруксат берүү жөнүндө кат | АӨБ |
5 | КПнын талаптарынын сакталгандыгы жөнүндө баяндаманы АӨБдүн жана ААнын вебсайттарына жайгаштыруу | ЭМ, АӨБ |
15. Курулушту көзөмөлдөө боюнча консультант жана АӨБнүн Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлчүлүгү RETA 7433чы алкагында көчүрүү боюнча өзүнүн улуттук адиси аркылуу мониторинг жүргүзүшөт, Ишке ашыруу боюнча иш - аракеттердин планына ылайык бардык зарыл болгон кадамдарды жүзөгө ашыруу, аткаруу жана документациялоону камсыз кылышат.
| Өстурүлгөн өсүмдүктөр | 1 га аянттан түшүм7 | 2012-жылдагы өсүмдүктүн баасы8 | Конкреттүү өсүмдүккө чыгымдар | Өстүрүлгөн участоктун аянты | 1 жылдагы таза киреше | А/чарба мезгилинин саны | Компенсациянын жалпы өлчөмү |
Абдиля Темирбаеа | Буудай | 3500 кг | 15 сом | 22250 сом | 0,1 га | 3025 сом | 2 | 6050 сом |
Сулайман Аширалиев | Тоют | 230 таңгак | 200 сом | 19000 сом | 0,2 га | 5400 сом | 2 | 10800 сом |
Мырза Усонов | Картошка | 22500 кг | 15 сом | 131500 сом | 0,15 га | 30900 сом | 2 | 61800 сом |
Компенсацияларды эсептөө үчүн формула:
EL = (Yжылдык * P өсүмдүк * C конкреттүү өсүмдүк) * L ижарага алынган жер * Qа/чарба сезону;
мында:
EL — ижараны жоготуудан алынуучу компенсация
Үжылдык -1 гектарга карата жылдык түшүм
Рөсүмдүк - өсүмдүктүн баасы
Сконкреттүү өсүмдүк - өсүмдүктү өстүрүүгө кеткен чыгымдар
Lижарага алынган жер - өстүрүлтөн участоктун аянты
Q а/ч сезону- а/чарба мезгилинин саны
| Айдоо | Себүү | Сугаруу | Жер семирткичтер9 | Үрөн | Түшүм жыйноо | Сорттоо | Жеткирүү | БАРДЫГЫ |
Картошка | 2000 | 4000 | 1500 | 21000 | 78000 | 4000 | 6000 | 15000 | 131500 |
Тоют (эспарцет) | 2000 | 1500 | 1500 | - | 5000 | 4000 | - | 2000 | 19000 |
Буудай | 2000 | 1500 | 1500 | 6250 | 8000 | 4000 | - | 2000 | 22250 |
7Эсептөө үчүн негиз катары 1 га жердин орточо түшүмдүүлүгү алынды. Чоң-Алай районунда 1 гектардан картошканын, тоюттун (эспарцеттин) жала буудайдын жылдык тушүмүнүн көрсөткүчтөрүнүн айырмасы тиешелүү түрдө 15 тен 30 тоннага чейин, 130 тан 330 таңгакка чейин жана 2 ден 5 тоннага чейин болот. Маалымат булагы: Жекенди ЖӨБ, 2012.
2 2012-жылы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн баалары Жекенди ЖӨБ тарабынан берилтен.
9 1 га картошка жер семирткичтерди керектөө 700 кг х 30 сомду түзөт, 1 га буудайга 200 кг х 25 сом жер семирткич керек. Тоюттук өсүмдүктөргө (эспарцетке) адатта жер семирткичтердин зарылдыгы жок. Маалымат булагы Ош облусунун Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын айыл чарба башкармалыгы (2012-ж.):