КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 15-июлу № 262-б
Кыргыз Республикасынын Жоокерлер энелеринин коомдук бирикмесин түзүүдөгү жана өнүктүрүүдөгү эмгегин таануу иретинде, ошондой эле аскерге чакырылууга чейинки курактагы жаштарды аскердик-патриоттуулукка тарбиялоо ишине жана Кыргыз Республикасынын күч ведомстволорундагы аскер кызматчыларынын арасында аскердик тартипти бекемдөөгө кошкон салымы үчүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесин жетекчиликке алып:
Кыргыз Республикасынын Жоокерлер энелеринин коомдук бирикмесинин ардактуу мүчөсү Афонина Галина Федоровна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйлансын.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |