РаспоряжениеКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-июлундагы № 262-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйлоо тууралуу) буйругу

Редакция15.07.2014 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2014-жылдын 15-июлу № 262-б

Кыргыз Республикасынын Жоокерлер энелеринин коомдук бирикмесин түзүүдөгү жана өнүктүрүүдөгү эмгегин таануу иретинде, ошондой эле аскерге чакырылууга чейинки курактагы жаштарды аскердик-патриоттуулукка тарбиялоо ишине жана Кыргыз Республикасынын күч ведомстволорундагы аскер кызматчыларынын арасында аскердик тартипти бекемдөөгө кошкон салымы үчүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесин жетекчиликке алып:

Кыргыз Республикасынын Жоокерлер энелеринин коомдук бирикмесинин ардактуу мүчөсү Афонина Галина Федоровна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйлансын.

 

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев