Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 21-июлу № 279-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-ноябрындагы № 692 "Кыргыз Республикасында санариптик телекөрсөтүүгө өтүү жөнүндө" токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасында санариптик телекөрсөтүүгө өтүү программасын ишке ашыруу, ошондой эле калктын телекөрсөтүү программаларына кепилденген жетүү шарттарын камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги "Санариптик технологиялар" жоопкерчилиги чектелген коомуна "Баткен зонасынан" тышкары Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында санариптик жер үстүндөгү обо берүүсүн киргизүү үчүн эки мультиплексти (жыштык бөлүүлөрдү) пайдалануу укугуна уруксат берүүчү документтерди конкурс өткөрүүсүз берсин.
2. "Санариптик технологиялар" жоопкерчилиги чектелген коомуна 2015-жылдын 17-июнуна чейинки мөөнөттө иш жүзүндө аналогдук телекөрсөтүүлөр жүргүзүлүп келген аймактарда жеке менчиктеги телекөрсөтүүлөрдү санариптик жер үстүндөгү обо телекөрсөтүүсүнө өткөрүү шарттарын камсыз кылуу сунушталсын.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |