Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-ноябрындагы № 692 токтому менен бекитилген |
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-июлундагы № 415, 2015-жылдын 19-январы № 12, 2016-жылдын 13-июлундагы № 390 , 2019-жылдын 16-октябрындагы № 550 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Телекөрсөтүү жана радиоуктуруулар калктын экономикалык активдүүлүгүнө жана руханий өнүгүүсүнө, жарандык коомдун институттарынын өнүгүшүнө жана социалдык стабилдүүлүккө таасир берүүчү эң маанилүү массалык маалымат каражаттары болуп саналат.
Телерадиоберүүлөрдү өнүктүрүү адам эркиндигин жана конституциялык укукту, массалык маалыматты тең алууну, улуттун маданий мурастарын, анын тарыхый каада-салттарын, коомдук жашоонун ченемдерин сактоону, патриоттуулукка тарбиялоону жана моралдык баалуулуктарды коргоону камсыз кылууга багытталган.
Учурда дүйнө санарип көрсөтүүгө өтүп жатат, ал азыркы аналогдук көрсөтүүлөгө караганда көп артыкчылыктарга ээ. Кыргыз Республикасы катышкан "РКР Женева ш. 2006" Радиобайланыш аймактык конференциясынын (мындан ары - Женева-06 планы) чечими менен бекитилген макулдашуу жана 174-230 жана 470-790 МГц жыштыгындагы үн жана телекөрсөтүү берүүлөрүнүн планы санарип көрсөтүүлөргө өтүүнү 2015-жылдын 17-июнунда бүтүрүүнү караган. Бул мөөнөт аяктаганда аналогдук телекөрсөтүү каналдарынын жыштыктары эл аралык коргонуусун жоготот.
Санарип телекөрсөтүү көрүнүштүн сапатын бир кыйла жогорулатууга, программалардын санын көбөйтүүгө, көрсөтүүлөрдү ар кандай интерактивдик мультимедиялык тейлөөлөр менен толуктоого мүмкүндүк берет.
Кыргыз Республикасына санарип телекөрсөтүүлөрүн киргизүү зарылчылыгы бир гана радиожыштыктагы спектрдин жетишсиздигинен жана коомчулуктун өсүп жаткан талабынан эмес, бирдиктүү жалпы европалык жана дүйнөлүк стандартты жана жер үстүндөгү санарип берүү тутумун киргизүүгө болгон тенденциянын күчөшү менен шартталат.
Кыргыз Республикасы үчүн жер үстүндөгү санарип берүүсүн тезинен киргизүү маанилүү, антпесе чектеш аймактарда телекөрсөтүү станцияларынын жыштыктарын ыйгарууну координациялоодо кыйынчылыктар коркунуч туудурат. Жер үстүндөгү санарип берүүсүнө убагында өтүү камсыз кылынбаса, анда чек арада жайгашкан райондордо аналогдук телекөрсөтүүлөрдү токтотууга мажбур болуу коркунучу бар, ал эми бул райондордо өлкөнүн калкынын басымдуу бөлүгү жашайт, демек бул анын маалыматтык коопсуздугуна таасир берет. Ошондой эле санариптик телеберүүгө өтүүнү кечеңдетүү коомчулуктун социалдык талаптарын канааттандырууда терс таасирин тийгизиши мүмкүн.
Санариптик телепрограммаларды кабыл алууга өтүү учурунда Программанын максаттарына жетүүдөгү негизги коркунуч фактору телекөрсөтүү берүү абоненттерин санариптик кабыл алуу жабдуулары менен камсыз кылуу болуп саналат. Программа бүтөөрү менен кандайдыр бир аймакка кабыл алуу жабдууларын камсыз кылуу жетишсиздиги аналог телеканалдарын өчүрүп салууга мүмкүндүк бербейт, ошондуктан, параллель түрдө аналогдук жана санарип телекөрсөтүүсүн колдонуу зарылдыгы келип чыгат, бул өлкөнүн казынасынан кошумча чыгымдарга алып келет жана радиожыштык спектрин таасирдүү колдонууну чектейт. Санариптик берүүнү Баткен областына киргизүү пилоттук долбоору, калкты кабыл алуу жабдууларын сатып алууга түрткү берүү санариптик пакетте кызыктуу телекөрсөтүү программаларынын болушу маңыздуу фактор экендигин көрсөтүүдө.
Коркунучту азайтуу максатында калктын арасында санариптик телекөрсөтүүнү киргизүүнүн бардык маселелерин түшүндүрүү иштерин жүргүзүү пландаштырылып жатат, аларга ар бир региондо санариптик берүүгө өтүүнүн тартиби, этаптары жана мөөнөтү туурасында маалымдалууда. Мындан сырткары, санариптик телеканалдарды кабыл алуу блогу менен жабдылбаган телекөрсөтүүнү кабыл алуу жабдууларын сатып алууга карата чектөөлөрдү киргизүү боюнча иш-чаралар комплекси иштеп чыгуу пландаштырылууда.
Кыргыз Республикасында санариптик берүүгө өтүү программасын (мындан ары - Программа) иштеп чыгууда Баткен областында санариптик берүүнү киргизүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу учурунда келип чыккан кырдаалдар кылдаттык менен анализденип чыкты, санариптик берүүнү киргизүү боюнча башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы үйрөнүлүп, бул түйүндүк маселелерди аныктоого, аларды чечүүнүн ыкмаларын жана мөөнөттөрүн, программанын катышуучуларын аныктоого, Программаны ишке ашырууну план графигин түзүүгө жана башкысы, жер үстүндөгү санариптик телекөрсөтүүнүн стандарттарын аныктоого мүмкүндүк берди.
Сунушталган чечимдер өлкөдөгү санариптик телеберүүгө өтүү мөөнөтүн 4 жылга чейин кыскартат жана берүүнүн аналогдук тармагын колдоо менен мамлекеттик казынанын каражатын үнөмдөйт. Мындан сырткары, берүүнүн тармагына жаңы технологияларды акырындап киргизүү менен телерадио берүүлөрдүн жалпы тармагын ургалдуу өнүктүрүү үчүн база түзөт.
Белгиленген мөөнөттө санариптик берүүгө өтүүнү камсыз кылуу максатында жер бетиндеги санариптик эфирдик берүү үчүн радиожыштык ресурсун сынак аркылуу, бул сынакта жеңип чыккан оператор санариптик берүү түйүнүн 2013-жылдын 31-декабрына чейин DVВ-Т2 санариптик телеберүү стандартында же болбосо жыштык ресурсун, тармакты курууга арналган каржы каражаттарды экономдоо, ресивердин баасы боюнча көз карашта алганда DVВ-Т2га караганда көбүрөөк натыйжалуу, ошондой эле айтылган стандарттан сапаттуураак стандартта, куруп бүтүшү керек деген шартта бөлүп берүүнү караштыруу зарыл.
Эгер бул сынактан жеңип чыккан оператор кандайдыр бир себептерден улам сынактын шартында коюлган мөөнөттө коюп бүтө албаса же баш тартса, анда санариптик телеберүүгө өтүү мөөнөтү үзгүлтүккө учуроо коркунучу бар.
Ушуга байланыштуу, санариптик телеберүүгө киргизүүнү тездетүү, санариптик телеберүүгө өтүүнүн мөөнөтүндө бүтпөй калуу коркунучун басаңдатуу, маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу максатында, башка бир дагы байланыш операторунда "Кыргызтелеком" ААКсы (мындан ары - "Кыргызтелеком" ААКсы) сыяктуу инфраструктурасы жок экендигин эске алып, программа тарабынан мамлекеттик пакети бар бул акционердик коомго эч кандай конкурсу жок эле Кыргыз Республикасынын бүт аймагы боюнча жер үстүндөгү эфирдик берүүлөрдүн санариптик түйүнүн куруу үчүн үч жыштыкты бөлүп берүү каралган.
Бул учурда "Кыргызтелеком" ААКына бир катар шарттар коюлат, анын ичинде социалдык пакетти берүү үчүн бир жыштык ыйгарууну пайдалануу, ошондой эле Баткен облусунда калктын жакыр катмарларына бөлүштүрүлгөн гранттык ресиверлердин 20000 (жыйырма миң) социалдык пакетин кабыл алууну же аларды алмаштырууну камсыз кылуу.
Социалдык пакетти көрсөтүү үчүн "Кыргызтелеком" ААКсына бир жыштык бөлүнөт.
(Абзац КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-октябрындагы № 550 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Кыргыз телекөрсөтүү рыногун сактап калуу максатында, иштеп жаткан эки жыштыктуу берүүнү жеке телекөрсөтүүлөрдү берүүчүлөргө конкурстан сырткары бөлүштүрүп берүү зарыл. Операторду түзүү жолу менен жеке телекөрсөтүүлөрдү берүүчүлөр эки мультиплексти түзүү, анын аркасынан Кыргызстандагы жеке телеберүүлөрдү өнүктүрүү жылдарында толтурулган бардык чыгармачыл жана техникалык потенциалды сактап калуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 19-январы № 12, 2016-жылдын 13-июлундагы № 390, 2019-жылдын 16-октябрындагы № 550 токтомдордун редакциясына ылайык)
Өткөөл мезгил - аналогдук станциялар акырындап санариптик станцияларга өтүү учурундагы мезгил;
социалдык пакет - бир жыштыктуу бөлүштүрүүдө калк үчүн акысыз жайылтылган жана мамлекеттик бюджеттен жана/же башка булактардан каржыланган Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн теле жана радио уюмдарынын телеканалдарынын жана/же радиоканалдарынын пакети, анын тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет;
Н.264 (МРЕG-4) - кысуу стандарты;
DVВ-Т - Digital Video Broadcasting - Terrestrial. Санариптик берүүнүн эфир аркылуу чыгуу стандарты. Сигналдарды берүү жер үстүндөгү берүүчү станциялар аркылуу ишке ашырылат. Абоненттик жабдуу санариптик белгини бөлмөлүк же сырткы антенна аркылуу кабыл алат;
санариптик телекөрсөтүү колдонмо (Set-top-bох, SТВ) - бул DVВ сигналын кабыл алуучу, иштеп чыгуучу жана аналогдук формага айлантуучу телекөрсөтүүнү кабылдагычка ылайыктоочу абоненттик түзүлүш. Сыртынан телевизорго туташтырылган спутниктик телевизор тюнерине окшоп кетет. Өзүнүн англис тилдеги аталышын set-top bох (телевизордогу куту) телевизордун үстүндө же алдында жайгашкан ордунан улам алган, ошондой эле, интеграцияланган декодер-кабыл алгыч деп аталат (IRD). Санариптик телекөрсөтүү колдонмонун негизги милдети - аудиовизуалдык сигналды кабыл алуу, иштеп чыгуу жана телевизорго чыгууга мүмкүндүк берүү;
шарттуу кирүү тутуму - акы төлөөчү контенттин көрүүсүн чектөө үчүн программалык-аппараттык комплекс, ошондой эле, эфирдик, спутниктик жана башка телекөрсөтүү программалары аркылуу жайылтылып жаткан аудиовизуалдык жана башка кабарларды, материалдарды коргоонун техникалык каражаты;
транспорттук тармак - мультипротоколдук маалыматтарды жеткирүүнү камсыз кылган телекоммуникациялык тармак, эреже катары кабелдик, радиорелейлик, оптоволокондук жана спутниктик байланыштан, ошондой эле, багыттагычтан жана мультиплексордон турат;
оператор - өзүнө таандык болгон электрбайланыш түйүнүн иштеткен, чыныгы убакыт режиминде эфирдик, кабелдик жана спутниктик байланыш каналдары аркылуу программалардын сигналдарын жайылтуу үчүн багытталган байланыш линиясынан турган технологиялык тутуму бар юридикалык же физикалык жак;
берүүчү - ММК статусу бар, берүү желеси боюнча жайылтууга багытталган, өндүрүшкө, монтаждоонун өндүрүшүнө лицензиясына негизделген жана телекөрсөтүү жана үн программаларын эфирге убактысы менен чыгарып турган, жана аудиовизуалдык маалыматты берип турган юридикалык жак;
мультиплексор - бир нече телекөрсөтүү программаларынан турган бир санариптик пакетти (мультиплекс) түзгөн жабдуу. Ошондой эле, санариптик пакетке колдонуучунун маалыматтары, программалык камсыз кылуунун жаңылоолору, сервистик тиркемелердин маалыматтары жана башка маалыматтар кириши мүмкүн. Скемблер менен телекөрсөтүү программаларын пайдаланууда санариптик пакет шифрленген түрдө болот жана акы төлөөчү контенттин кирүүсүн чектеп турат;
мультиплекс - бир телекөрсөтүү каналынан берилип жаткан, бир санариптик пакетке бириккен берүүчү программалардын жыйындысы;
РМТР РӨБ - радиорелелик магистралдарынын телекөрсөтүү жана радиоуктуруу боюнча республикалык өндүрүштүк бирикмеси;
мультимедиялык - берүүнүн колдонуучуларына кошумча кызматтарды сунуш кылуучу берүү тутумунун касиеттери (мисалга, Интернетке кирүү, суроо боюнча видео ж.б.);
кайчылаш канал - телекөрүүчүдөн операторго жана берүүчүгө болгон байланыш каналы. Кайчылаш канал үн, видео жана тиркемелердин негизинде болот;
абоненттер - акы төлөнүүчү программаларга жазылгандар;
санариптик пакет - санариптик телекөрсөтүү жана үн программалары, ошондой эле, маалыматтар жана кошумча кызматтар, булар мультиплексация аркылуу бир санарип пакетине бириктирилип, бир жыштыктан чыгышат;
интерактивдүүлүк - телекөрүүчүнүн ар кандай шаймандардын жардамы менен берүүнүн активдүү катышуучусу болуу мүмкүнчүлүгү. Учурда интерактивдүүлүк СМС добуш берүүсү, СМС чат, түз эфирде студияга телефон чалуулар, абоненттер менен WЕВ-сайт программасы аркылуу кызматташуу аркылуу ишке ашырылууда. Интерактивдик кызматтарга үчүнчү оператор аркылуу акы төлөп кирүү чектөө фактору болуп саналат. Кайчылаш каналдын болушу интерактивдик тиркемелерди олуттуу өнүктүрүшү мүмкүн;
SFN - Single-frequency (Бир жыштыктуу тармак) - DVВ-Т2 тармагындагы бир санариптик пакетти берип жаткан берүүчүлөр бир жыштыкта иштеп баштайт. Мындай чечим радиожыштыктуу спектрди туура пайдаланууга мүмкүндүк берет, бирок тармакты пландаштырууда, берүүнү жабдуу жана абоненттик терминал маселелеринде кылдаттык мамилени талап кылат.
SFN тармагындагы куруунун негизги техникалык кыйынчылыктары - берүүчүлөрдү бир жыштыкта синхрондоштуруу жана абоненттик терминалдарда жаңырыктын пайда болушу;
MFN - Multi-Frequency Network (көп жыштыктуу тармак) - DVВ-Т2 тармагы, анда ар бир берүүчү үчүн жекече жыштыктар пайдаланылат.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 19-январы № 12, 2016-жылдын 13-июлундагы № 390 токтомдордун редакциясына ылайык)
Санариптик телеберүүгө өтүү процесстин катышуучуларынын мүмкүнчүлүктөрүнө урунттуу таасир тийгизүүчү бир катар факторлор менен аныкталат: мамлекет, операторлор, берүүчүлөр жана калк.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүлөргө кызыкдар:
- санарип берүүсүнө ийгиликтүү өтүүгө;
- жалпысынан санарип берүүсүнүн жана телекоммуникациясы рыногунун өнүгүшүнө;
- калктын маалымат алуусун камсыздоого;
- өлкөнүн маалыматтык коопсуздугуна.
Операторлор төмөнкүлөргө кызыкдар:
- тейлөөсүн кеңейтип, алардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн көтөрө турган жаңы технологияларга;
- телекоммуникация тармагындагы узак мөөнөттөгү бизнеске.
Берүүчүлөр төмөнкүлөргө кызыкдар:
- эфирдик убакыттын көбөйүшүнө;
- берүүнүн камтылышынын кеңейишине;
- жабдуулар жана кызмат көрсөтүүлөр рыногунун өнүгүшүнө;
Калк төмөнкүлөргө кызыкдар:
- программалардын көбөйүшүнө жана сапатынын жакшырышына;
- кошумча интерактивдик кызматтарды алууга.
Мына ушул факторлордон улам, санарип берүүсүнө өтүү программасы санарип телеберүүсүн өнүктүрүү үчүн рынок шартын түзүүгө жана стимулдаштырууга багытталган жана төмөнкү артыкчылыктарды аныктайт:
- мамлекеттик бюджеттин эсебинен бардык санариптик телекөрсөтүү колдонмолорун сатып алуунун максатка ылайыктуу эместиги. Калктын алсыз катмарын даректүү колдоо;
- санариптик берүүнүн рыногун өнүктүрүү үчүн жагымдуу ченемдик-укуктук базаны түзүү;
- санариптик берүүнүн операторлорун сынак аркылуу тандап алуу;
- санариптик берүү үчүн ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн жабдууларын жана тейлөөлөрүн колдоо;
- санариптик телекөрсөтүүнүн кызматтарын пайдалануу жана смарт-карталарды сатып алууда чыгымдарды кыскартуу боюнча калк үчүн жагымдуу шарт түзүү.
1) Ченемдик укуктук база
Телекөрсөтүү тармагындагы ченемдик-укуктук база Кыргыз Республикасынын төмөнкү мыйзамдары менен жөнгө салынат:
- "Телекөрсөтүү жана радиоберүүлөр жөнүндө";
- "Электр жана почта байланышы жөнүндө";
- "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берγγ тутуму жѳнγндѳ";
- "Маданият жөнүндө";
- "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө".
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 19-январы № 12 токтомдун редакциясына ылайык)
2) Телекөрсөтүү тармагы
Кыргызстандын телекоммуникациялык кызматтар рыногунда теле жана радио программаларын жайылтуу боюнча 52 оператор иштейт, алардын ичинде телерадиоберүү - 7, радиоберүү - 23, телеберүү - 22.
"Кыргызтелеком" ААКсы республикадагы улуттук байланыш оператору болуп саналат. Анын филиалы - Радиорелейлик магистралдарынын телекөрсөтүү жана радиоуктуруу боюнча республикалык өндүрүштүк бирикмеси, ал телекөрсөтүү программаларын эфирден кетирет жана жайылтат: "Коомдук 1-канал" калктын камтылышы - 99,6%, "Биринчи канал" (ОРТ) - калктын камтылышы - 84,6%,"Россия" (РТР) - 78,5%, ЭлТР - 68%, жана радиопрограммалар: I РВ - 95,8%; II РВ - 95%.
Мындан сырткары коммерциялык 41 телерадиокомпания бар, алардын ичинен:
Баткен областы - 4;
Жалалабад областы - 4;
Ысык-Көл областы - 9;
Нарын областы - 3;
Ош областы - 1;
Талас областы - 4;
Чүй областы - 1;
Бишкек шаары - 8;
Ош шаары - 7.
Жетүүгө кыйын болгон калктуу конуштардын аймактарында берүүнүн кыйындыгынан улам, коммерциялык телерадиокомпаниялар өз программаларын республиканын шаарларында жана областтык борборлорунда жайылтууда.
Акыркы мезгилдеги аналогдук телекөрсөтүү боюнча жетишкен негизги натыйжалар:
- мамлекеттин калктуу конуштарынын көпчүлүк бөлүгү "Коомдук 1-канал" телекөрсөтүү программалары менен камтылган, 57 калктуу конушта бул программанын көрсөтүүсү жүргүзүлбөйт;
- республиканын көпчүлүк бөлүгү 3-4 телекөрсөтүү каналдары менен камтылган ("Коомдук 1-канал", ЭлТР, ж.б.)
- Бишкек шаарында 18 телекөрсөтүү каналы иштесе, Ош шаарында 11 канал иштейт.
Аналогдук телекөрсөтүүлөрдүн жалпы саны 150 бирдикке жетет. Кошумча кубаттуулугу азыраак 361 автоматтык телекөрсөтүү ретрансляторлору пайдаланылат.
3) Телекөрсөтүү кызматтарын пайдалануу мүмкүнчүлүгү
Мамлекеттеги эксперттердин баалары боюнча 1,2 млн. телекөрсөтүүнү кабыл алгычтар бар, алардын негизги бөлүгүн эскирген үлгүлөр түзөт.
Кыргызстанда телекөрсөтүүнү кабыл алгычтарды жасоочу өндүрүүчүлөр жок. Импорт жана сатуу негизинен чарба жүргүзүүчү субъектилер тарабынан базар шартында жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарына ылайык телевизор кабыл алгычтарын жана санариптик телекөрсөтүү колдонмолорун алып кирүүдө бажы баасынан 10 пайыз өлчөмүндө бажы алымы алынат.
4) Транспорттук тармак
Кыргыз Республикасында санариптик берүүнү киргизүү менен транспорт тармагында проблемалардын келип чыгышы мүмкүн.
Санариптик телекөрсөтүүгө өтүү жана телекоммуникацияларды (Интернет, 3G, 4G) андан ары өнүктүрүү магистралдык транспорт тармагында өткөрүү жөндөмдүүлүгүн көбөйтүүнү талап кылат. Учурда РРС-4 - РРС-5 жана РРС-4 - РРС-7 аралыктарында жана башка участкаларда радиорелейлүү линияларга негизделген магистралдык байланыш түйүнү ресурстары түгөнгөн. Жаңы РРЛ магистралдарын куруу үчүн жыштык ресурс жетишпейт. Мындан сырткары азыр иштеп жаткан РРС жабдууларын жайгаштырууда кыйынчылыктар келип чыгууда.
Ар бир байланыш оператору өзүнүн инфраструктурасын толугу менен куруп жатат. Бул ар бир байланыш операторунун чыгымынын көбөйүшүнө алып келет.
5) Баткен областына санариптик телекөрсөтүүнү киргизүү боюнча пилоттук долбоор
Санариптик телекөрсөтүүнү киргизүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу үчүн Баткен областында 7 санариптик бергич Кадамжай районунун радиорелейлүү станцияларында: "Чаувай" РРС-35 телекөрсөтүү каналы, "Кадамжай" РРС-51 телекөрсөтүү каналы, "Хайдаркан" РРС-24 телекөрсөтүү каналы, Баткен районунда - 52 телекөрсөтүү каналы, "Рават" РРС-34 телекөрсөтүү каналы, Лейлек районунда: шаарында "Сүлүктү" РРС-57 телекөрсөтүү каналы жана "Арка" РРС-26 телекөрсөтүү каналы жана 11 автоматтык телекөрсөтүү ретрансляторлору орнотулду.
Азыр Санариптик форматта: "Коомдук 1-канал", "ЭлТР", "Мир", "5-канал", "ОРТ", "РТР Россия", "РТР Культура", "Россия 24" телекөрсөтүү программалары, Баткен областынын 161 калктуу конушу Кыргыз радиосунун биринчи жана экинчи программалары менен камтылган.
Мындан сырткары, бул пилоттук долбоордун алкагында Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында DVТ-Т стандартындагы 7 ТВ жана 2 РВ программалары санарип берүүлөрүн тесттик режимде берилүүдө. Баткен областынын социалдык алсыз катмарына санариптик телеберүүнү кабыл алуу үчүн 20000 санариптик телекөрсөтүү колдонмолору бекер берилген.
Кыргыз Республикасына DVВ-Т2 стандартын киргизүүдө бул ресиверлер аталган стандарттын санариптик берүүсүнүн сигналдарын кабыл ала албайт.
Ушуга байланыштуу "Кыргызтелеком" ААК Баткен областы үчүн гранттык негизде берилген 20000 ресиверди санариптик берүүнү кабыл алуусун камсыз кылышы керек же аларды акысыз алмаштырып бериши керек.
Ошондой эле пилоттук долбоор тажрыйбасы, санариптик пакетте калк үчүн кызыктуу программалардын аздыгынан санариптик телекөрсөтүүгө өтүүнүн мөөнөтү узарып жатат, буга байланыштуу социалдык пакетти түзүү учурунда бул фактыны эске алуу керек. Санариптик берүүгө өтүүнүн мөөнөтүн азайтуу үчүн телекөрсөтүү контенттин өнүктүрүү үчүн шарт түзүү зарыл, анын ичинде тиешелүү мамлекеттик заказды жайгаштыруу жолу менен мамлекеттик тилде дагы. Бул дагы мамлекеттин маалыматтык коопсуздугун камсыз кыла тургандыгын эске алуу керек.
6) Жыштык ресурсу
"Женева-06" планы боюнча Кыргыз Республикасына улуттук катмары бар, эң аз дегенде 10 жыштык бөлүнүүлөр мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган жыштык ресурс бекитилип берилген.
Максат - жер үстүндөгү санариптик берүүгө өз убагында өтүүнү камсыз кылуу, калкты санариптик көп функционалдуу берүү түйүндүн негизинде баарына жеткиликтүү телекөрсөтүү жана радиопрограммаларды санариптик форматта кепилдикке алынган трансляция менен көп программалуу эфир менен камсыз кылуу, Кыргыз Республикасындагы коммерциялык берүү рыногун өнүктүрүү үчүн шарт түзүү.
Коюлган максаттарга жетүү үчүн төмөнкү милдеттерди аткаруу керек:
- телерадиоберүү тармактарынын инфраструктураларын модернизациялоо (санариптик жабдуулага которуу);
- интерактивдүү мультимедиялык тейлөөлөр менен кошо телекөрсөтүүнүн жаңы кызматтарын киргизүү;
- социалдык пакет түзүү жана калыптандыруу;
- колдонулуп жаткан аналогдук берүүдөгү радиожыштык ресурсунан бошонуу жана кийинки санариптик берүүдө бул ресурсту рационалдуу пайдалануу;
- коммерциялык берүүнү өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана улуттук аудиовизуалдык продукция өндүрүү (улуттук телерадиберүү программалары);
- мамлекеттик жана расмий тилдерде контент түзүү үчүн мамлекеттик буйрутманы жайгаштыруу;
- санариптик телекөрсөтүүнү кабылдагычтар жана SТВ рыногун түзүү үчүн шарт түзүү;
- SТВ сатып алууда калктын социалдык алсыз катмарына мамлекеттик колдоо көргөзүү;
- мамлекеттик каржылоонун көлөмүн аныктоо;
- санариптик берүүгө өтүүнү мамлекеттик колдоо боюнча иш чараларды өткөрүү;
- санариптик кабыл алгыч жабдууларга минималдык техникалык талаптарды иштеп чыгуу;
- шарттуу кирүү тутумуна минималдык талаптарды иштеп чыгуу.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 19-январы № 12, 2016-жылдын 13-июлундагы № 390 токтомдордун редакциясына ылайык)
Программаны ишке ашыруу үчүн биринчи кезекте төмөнкү негизги маселелер боюнча чечим кабыл алуу керек.
7) Көрсөтүү программаларынын социалдык пакети
Программалардын социалдык пакетин берүү Кыргыз Республикасынын жарандарын негизги маалыматтык ресурстарды алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга багытталган. Социалдык пакетти каржылоо мамлекеттик бюджеттин, жергиликтүү бюджеттин же башка булактардын эсебинен жүргүзүлөт, бирок калк үчүн бекер болот. Социалдык пакеттер программасын берүү Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында бирдей санарип пакетинде ишке ашырылат.
Ушул жагдайлардан улам, биринчи кезекте санариптик берүүнүн техникалык өзгөчөлүктөрүн эске алып, областтык деңгээлдеги берүүчүлөр социалдык пакетте берүүнү уюштуруунун принциптерин, жол жоболорун жана технологиясын иштеп чыгуулары керек.
Социалдык пакет боюнча чечим артыкчылыктуу болушу керек, анткени ал мамлекеттик бюджетти жана жергиликтүү бюджеттерди да түзүүгө таасирин тийгизет.
Социалдык пакетке жеке радиокомпаниялардын программалары сынак негизинде киргизилиши мүмкүн.
Социалдык пакетти түзүү маселелерин жана шарттарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте маалыматтык чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу орган иштеп чыгышы керек.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 19-январы № 12 токтомдун редакциясына ылайык)
8) Жер бетиндеги санариптик эфирдик берүү стандарты жана санарип телекөрсөтүү колдонмолору (SТВ)
Дүйнөдө санариптик берүүнү ишке ашыруунун көптөгөн техникалык варианттары бар, ал ар кайсы региондордо жана өлкөлөрдө өзгөчөлүктөрү менен айырмаланат, ал радиожыштык спектрин колдонуу боюнча, же берүүнү ишке ашыруудагы техникалык чечимдер болобу, буга ылайык, санариптик берүүнү ишке ашыруунун тигил же бул ыкмасына байланган SТВга карата техникалык талаптар менен дагы айырмаланат.
Мүмкүн болгон техникалык проблемалардан качуу жана Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн жана импорттолгон SТВ техникалык шайкештигин камсыз кылуу үчүн, бул Программа тарабынан бул стандарт үчүн SТВга төмөнкү минималдык талаптар коюлат:
- бир телекөрсөтүү каналынын тилкесинин жазылыгы 8 МГц, жумушчу жыштыктардын диапазону 174-230 МГц жана 470-862 МГц;
- бир жыштыктагы тармактардагы ишти колдоо (SFN);
- Кыргыз Республикасында турмуш тиричилик техникаларынын стандартына туура келүү;
- DVВ субтитрлерин колдоо;
- колдонуучу меню кыргыз жана/же орус жана англис тилдеринде;
- колдонуучунун нускамасы кыргыз жана орус тилдеринде;
- абоненттик терминалдын программасын алыстан жаңылоону камсыз кылуу;
- санариптик берүү операторлорунун программалык камсыздоону жана өзгөртүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо;
- күтүү режиминде билдирүү тутумун колдоо.
Таза атаандаштыкты камсыздоо жана жыштык спектрин натыйжалуу пайдалануу, жер бетиндеги санариптик эфирдик берүү тармактарын курууга каржы чыгымдарын кыскартуу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен DVB-Т2 стандартына караганда жогорураак сапаттык мүнөздөмөлөрү бар стандарттын киргизилиши белгиленүүсү мүмкүн.
9) Шарттуу кирүү тутуму
Санариптик берүүгө өтүү программасы республикасынын бюджетине көп күч салбаганга багытталган. Ушул максатта коммерциялык берүүлөрдү тез өнүктүрүү зарыл. Акы төлөөчү контенттин берүүсүнүн негизги шайманы шарттуу кирүүнүн тутумунун бардыгы болуп саналат (мындан ары - ШКТ).
Ушуга байланыштуу, бул Программа менен Кыргыз Республикасынын санариптик эфирдик берүүсүнүн тармагына шарттуу кирүүгө карата төмөнкү минималдык талаптар бекитилет.
ШКТга жалпы талаптар:
- ар бир оператордун 24x7 форматындагы көз карандысыз операциялык иши камсыз болушу керек;
- ШКТ эфир аркылуу колдонмолордо жана смарт-карталарда программалык кодду жаңыртууну колдоп турушу керек;
- потенциалдуу жеткирүүчү муну үчүн талап кылынган лицензияларга шилтеме жасоо менен, ШКТ колдогон интерактивдик кызматтарды деталдуу сүрөттөп бериши керек.
10) Сертификат берүү
Рынокко түшүп жаткан санарип телевизорлорун жана SТВларды минималдык техникалык талапка ылайык сертификаттар менен камсыз кылуу керек, ал алардын түзүлүп жаткан санариптик берүү тармактары менен шайкеш келүүсүн камсыз кылат жана калкты туура эмес продукцияны сатып алуудан коргойт.
2014-жылдын 1-январынан баштап Кыргыз Республикасына DVB-Т2, МРЕG-4 стандартын окубай турган телевизор кабыл алгычтарын жана SТВларды алып келүүнү чектөө процессин баштоо керек.
11) Жыштыкты пландаштыруу
Радиожыштык ресурсун албай туруп санариптик берүү тармагын өнүктүрүү мүмкүн эмес. Санариптик берүү азыркы иштеп жаткан аналогдук телеберүүлөр тартып жаткан жыштык диапазонунда өнүгүп жаткандыгы кырдаалды татаалдантат. Программаны ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн жыштыкты пландаштыруу боюнча бардык чараларды көрүү зарыл.
Радиожыштык спектрин таасирдүү колдонуу максатында, мамлекеттик бийлик ыйгарым укук берген органдар аныктаган, радио жыштыктын тартыштыгы байкалган аймактарда бир жыштыктуу тармакты (SFN) пландаштыруу зарыл, ал эми жыштык ресурсу боюнча чектөө жок жерлерде көп жыштыктуу тармактын негизинде түйүн кура берсе болот.
Бул Программада жыштыкты бөлүштүрүүнүн төмөнкү тартиби белгиленет:
Эки жыштыктык бөлүүлөр Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында ("Баткен" аймагынан тышкары), азыркы учурда өздөрүнүн жыштыктык ыйгаруусу жана 174-230 МГц жана 470-790 МГц диапазонунда телебергичи бар жергиликтүү жеке теле компаниялар азыркы берүүлөрдүн телекөрсөтүү программаларын көрсөтүүнү камсыз кылуучу жаңы операторду түзүү жолу менен санариптик берүүгө өтүшү үчүн пайдаланылат.
Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык потенциалын көтөрүү максатында билим берүү тармагына жаңы технологияларды киргизүүнүн маанилүүлүгүн эске алып, Эл аралык электрбайланыш бирикмеси менен биргелешип ишке ашырылып жаткан "Тоолу рельефтүү өлкөлөрдө мультимедиялык санарип интерактивдик берүү тармагы" пилоттук долбоорун киргизүүнүн жыйынтыгы менен сынак аркылуу бөлүнө турган, билим берүү каналын ачуу үчүн 1 жыштык бөлүү каралган.
(Абзац КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-октябрындагы № 550 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Кыргыз Республикасынын калкынын маалыматтык коопсуздугун сактоо максатында жана санариптик берүүнү киргизүүнү тездетүү үчүн, Кыргыз Республикасынын "Электр жана почта байланышы" жөнүндө Мыйзамынын 9-беренесине ылайык жана санариптик технологияларга тезирээк өтүү зарылдыгын эске алып, Кыргыз Республикасынын бардык аймагы боюнча үч жыштыкты "Кыргызтелеком"ААК бөлүп берүү зарыл. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын аймагын социалдык пакет программалары менен камсыздоо үчүн "Кыргызтелеком" ААК Кыргыз Республикасынын бардык аймагы боюнча бир жыштык бөлүп берүү керек.
"Кыргызтелеком" ААК курамынан РМТР РОБ бөлүнгөн учурда жыштыктык берүүлөр жана телепрограммаларды, анын ичинде санариптиктерди берүү үчүн арналган ыйгарымдар жаңы уюшулган түзүмгө бекитилип берилиши керек.
Мында "Кыргызтелеком" ААК бир катар шарттар коюлат:
- Баткен областынын калкынын социалдык алсыз катмарларына бөлүнүп берилген социалдык пакеттин 20000 гранттык ресиверлерди кабыл алууну камсыздоо же аларды алмаштырып берүү;
- 2014-жылдын 31-июлуна чейин Кыргыз Республикасынын калкынын минимум 95% социалдык пакетти кабыл алуу менен камсыздоо;
- 2018-жылга чейин белгиленген тарифтер боюнча социалдык пакетти берүүлөрдү киргизүү;
- 1000 адамдан кем эмес эл жашаган, Кыргыз Республикасынын бардык калктуу конуштарын камтыган коммерциялык тармагын түзүү.
Мамлекеттин болочок пландарын ишке ашыруу максатында республиканын бардык аймагы боюнча бир жыштык бөлүү резервге коюлган.
(Абзац КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-октябрындагы № 550 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(Абзац КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-октябрындагы № 550 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-июлундагы № 415, 2015-жылдын 19-январы № 12 , 2019-жылдын 16-октябрындагы № 550 токтомунун редакциясына ылайык)
12) Өткөөл мезгил
Бир эле учурда аналогдук жана санариптик телекөрсөтүү берилип жаткан этаптагы өткөөл мезгил шарттарында уюштуруучулук-техникалык бир катар маселелерди чечүү зарылдыгы пайда болот:
Радиожыштыктардын жетишсиздиги
Радиожыштык ресурсу аналогдук берүү менен толук иштетилген пункттарда бул маселе абдан курч турууда, б.а. тоскоолдуктардан бош жыштык жок. Мындан сырткары, аналогдук берүүчүлөр азырынча өчүрүлө элек, ал эми санариптер ишке киргизилген. Мындай учурда өткөөл процесстин катышуучуларынын өз ара макулдашуусу керек. Бир процесс эле токтоп калса, анда кыйын кырдаал түзүлөт. Мисалы, эгер региондо SТВ менен камсыз кылуу аяктай элек болсо, анда аналогдук берүүнү өчүрүү калктын нааразычылыгын жаратышы мүмкүн. Же чектеш мамлекеттин жөнгө салуучу органы менен жыштыктарды ыйгаруу процесси бүтө элек болсо, санариптик берүүнүн оператору бергичти иштете албайт.
Бул көйгөйдү чечүү үчүн, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аналогдук телеберүүлөргө жыштык бөлүп берүү иш аракеттерин токтотуу тууралуу администрациялык чечим кабыл алышы керек.
Каржылоодогу керектөөлөр
Модернизациялоо жабдууларды, программалык камсыз кылууну жана интеграторлордун кызматын сатып алуу үчүн каражатты талап кылат. Эгер оператордун же берүүчүнүн модернизацияны камсыз кылуу үчүн жетиштүү каражаты жок болсо, ал өз максатын убагында аткара албайт. Бир катышуучунун кармалуусунун натыйжасында буга байланышкан башка процесстер да кармалат.
Паралелль берүү учурунда (аналогдук жана санариптик) бюджеттен кошумча каражат талап кылынат.
Маалыматтык колдоо
Санариптик берүүгө өтүү ар бир көрүүчүгө тиешелүү болгондуктан, процессти маалыматтык колдоо менен камсыз кылуу керек.
Көптөгөн алдыга коюлган маселелер өткөөл мезгилде гана чечилбестен, санариптик берүүнүн бүт өнүгүү мезгилинде чечет. Санариптик берүү процессин тез жана натыйжалуу киргизүү үчүн төмөнкү иш чараларды өткөрүү талап кылынат:
- Социалдык пакетти түзүү жана бекитүү;
- бир убакта иштеп жаткан аналогдук жана санариптик телекөрсөтүү программаларын берүүнүн мөөнөттөрүн жана механизмдерин аныктоо;
- санариптик жана кабыл алуучу жабдууларга болгон техникалык талаптарды, шарттуу кирүү тутумуна минималдык талаптарды жана аларды контролдоо механизмин иштеп чыгуу жана бекитүү;
- санариптик берүүгө өтүүнүн жыштыгын пландаштыруу;
- санариптик берүүгө өтүүнү каржылоочу булактарды аныктоо;
- санариптик берүүгө өтүүнү мамлекеттик ММКларда медиа колдоо жүргүзүү;
- улуттук аудиовизуалдык продукцияны өндүрүшүнө мамлекеттик заказдарды жайгаштыруу.
Кыргыз Республикасында санариптик берүүнү тез киргизүү максатында калкка SТВны арзан баада сатып алуу мүмкүнчүлүгүн түзүп берүү керек. Ал үчүн SТВны импорттоодо преференция берүү зарыл.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-июлундагы № 390 токтомунун редакциясына ылайык)
13) Талап кылынган инвестициялар жана каржылоо булактары
Санариптик берүүгө өтүү бизнес чөйрөлөрдүн эсебинен ишке ашырылышы үчүн бул Программа мамлекет тарабынан тиешелүү шарттарды түзүүгө багытталган. Мына ошентип, мамлекеттик жана жергиликтүү бюджеттерге минималдуу күч келтирүү камсыз кылынат. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына тиешелүү толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жана зарыл болгон учурда ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгуу жана кабыл алуу зарыл.
Өкмөттүн жана башка бийлик бутактарынын катышуусу социалдык пакеттин берүүлөрүн уюштурууда жана калктын социалдык алсыз катмарына санариптик берүүнү көрүүсүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүүдө каралган.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-июлундагы № 390 токтомунун редакциясына ылайык)
14) Санариптик көргөзүүгө өтүү төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:
- маанилүү жаратылыш ресурсун - радиожыштык спектрин пайдалануунун натыйжалуулугун 4төн 9 эсеге чейин жогорулатат, бул кабыл алынган программалардын санынын көбөйүшүн камсыз кылат;
- сигналдардын функционалдык багытына карабастан бирдиктүү санариптик форматтагы байланыш линиясы боюнча сигналдарды берүүнү камсыз кылат (телефон, маалыматтарды берүү, телекөрсөтүү, уктуруу, мультимедия ж.б.);
- телекөрүүчүгө программалардын санынын көбөйүшү, сүрөттүн жана үндүн сапатынын жогорулашы, интерактивдүүлүк ж.б. сыяктуу жаңы пайдалануучулук касиеттерди сунуштайт;
- контентти сактоонун, иштеп чыгуунун, алуунун жана берүүнүн жаңы тутумун түзүү;
- эфирдик телекөрсөтүүнү берүүчүлөр керектеген электр кубатын 6дан 10 эсеге азайтуу, ошол эле учурда өрт жана экологиялык коопсуздукту көтөрүү.
Санариптик берүүнүн артыкчылыктарын пайдаланууда төмөнкүдөй натыйжалар күтүлөт:
- мамлекет тарабынан маалымат, маданият жана билим берүү функцияларынын аткарылышы;
- бирдиктүү маалыматтык мейкиндик түзүү, маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу;
- санариптик берүүнүн заманбап туруктуу түйүнүн түзүү;
- калкты көп программалуу берүүлөр менен камтуу жана калкты маалыматтык ресурстарды алуу менен камсыз кылуу;
- калкты социалдык пакет менен камсыз кылуу;
- интерактивдик мультимедиялык берүүнү өнүктүрүү;
- берүүлөрдүн сапатын жогорулатуу.
15) Мүмкүн болгон коркунучтар жана тобокелдиктер:
- өткөөл мезгилдин мөөнөтүнүн узарып кетиши;
- ченемдик укуктук актыларды өз убагында иштеп чыгып, кабыл албоо;
- минималдык талапка жооп бербеген санариптик кабыл алгычтардын таралышы.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-июлундагы № 390 токтомунун редакциясына ылайык)
Республиканын аймагында санариптик берүүнү өнүктүрүү приоритеттүү милдет болуп саналат. Бул милдетти ишке ашыруу аудиовизуалдык продукцияны өнүктүрүүдө, ошондой эле телекоммуникация инфраструктурасын өнүктүрүүдө жатат.
Программанын ийгиликтүү ишке ашышына түрткү берген факторлор:
- жеке менчик операторлордун санариптик берүүгө болгон кызыкчылыгы;
- калктын кызыктуу, жаңы программаларга жана санариптик телекөрсөтүү кызматына болгон керектөөсү.
Көңүл бурууну талап кылган факторлор:
- Программаны ишке ашыруу бир катар инвестицияларды жана мамлекеттик колдоону талап кылат;
- санариптик берүүгө ийгиликтүү өтүү үчүн ар кандай мамлекеттик органдар менен бизнес-түзүмдөрүнүн макулдашылган жана өз убагында кабыл алынган иш-аракеттери талап кылынат.