Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 22-июлу № 280-б
Республикада жерге жайгаштыруу тармагынын түзүлгөн күнүнүн 90 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын түзүлгөн күнүнүн 50 жылдыгына арналган иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесине ылайык:
1. Республикада жерге жайгаштыруу тармагынын түзүлгөн күнүнүн 90 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын түзүлгөн күнүнүн 50 жылдыгына арналган иш-чараларды өткөрүү боюнча уюштуруу комитети (мындан ары - уюштуруу комитети) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Уюштуруу комитети бир айлык мөөнөттө аталган Иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү планын иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Юбилейлик иш-чараларды өткөрүүгө байланышкан чыгымдар тартылган министрликтердин, административдик ведомстволордун каражаттарынын, гранттардын жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен ишке ашырылсын.
4. Уюштуруу комитетинин ишин уюштуруучулук, техникалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына жүктөлсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри |
| Дж.К. Оторбаев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-июлундагы № 280-б буйругуна тиркеме |
Республикада жерге жайгаштыруу тармагынын түзүлгөн күнүнүн 90 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын түзүлгөн күнүнүн 50 жылдыгына арналган иш-чараларды өткөрүү боюнча УЮШТУРУУ КОМИТЕТИ
Маматалиев А.М. | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы; |
Айдаралиев Т.А. | - | Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары; |
Талиева К.А. | - | Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары. |
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү: | ||
Шаикова А.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы; |
Касмалиев А.К. | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын директору; |
Исабеков Н.Д. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин директору; |
Нургазиев Р.З. | - | К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректору; |
Касымов Ч.К. | - | персоналдык пенсионер, эмгек ардагери, Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер (макулдашуу боюнча); |
Болотканов К.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директорунун орун басары (макулдашуу боюнча); |
Бекешов Б.А. |
| Кыргыз Республикасынын "Коомдук телекөрсөтүү - ЭлТР" телерадиоберүү компаниясынын башкы директорунун орун басары; |
Ибраимов А.Ж. | - | "Кыргыз-Туусу" басма үйүнүн директорунун - башкы редакторунун орун басары; |
Степничева Е.А. | - | "Слово Кыргызстана" басма үйүнүн директорунун - башкы редакторунун орун басары. |