Загрузка документа…
КР Премьер-министринин
2015-жылдын 15-майы № 162 буйругу менен
кγчγн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2014-жылдын 1-августу № 330
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесин жетекчиликке алып:
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2014-жыдцын 14-апрелиндеги № 170 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
- аталган буйрук менен бекитилген, Ишин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, биринчи вице-премьер-министри жана вице-премьер-министрлери тейлеген жана координациялаган мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын тизмегинде:
2-главанын сегизинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын, бажылык укук бузууларды алдын алууну жана бөгөт коюуну кошпогондо;";
4-глава төмөнкү мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын:
"Бажылык укук бузууларды алдын алуу жана бөгөт коюу бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын.".
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |