Загрузка документа…
КР Премьер-министринин
2015-жылдын 15-майы № 162 буйругу менен
кγчγн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2014-жылдын 14-апрели № 170
(КР Премьер-министринин 2014-жылдын 1-августундагы № 330 буйругунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, биринчи вице-премьер-министринин жана вице-премьер-министрлеринин ортосунда милдеттерди бөлүштүрүү;
- ишин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, биринчи вице-премьер-министри жана вице-премьер-министрлери тейлеген жана координациялаган мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын тизмеги.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2013-жылдын 20-мартындагы № 95 буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2013-жылдын 28-июнундагы № 302 буйругу.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2014-жылдын 14-апрелиндеги № 170 буйругу менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишине жалпы жетекчилик жана контролдоо жүргүзөт, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген органдардын иштерин координациялайт.
Мамлекеттик эгемендикти, аймактык бүтүндүктү коргоо; конституциялык түзүлүштү сактоо, ошондой эле улуттук коопсуздук боюнча чараларды ишке ашырууну камсыз кылат.
Юстиция, тышкы саясатты ишке ашыруу; мамлекеттик бюджетти түзүү жана аткарылышын контролдоо маселелерин, бюджеттик саясатты өнүктүрүү программаларын, аткаруу бийлиги органдарынын ишин каржылоонун программалык-долбоордук ыкмасына өтүүнү координациялайт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ишин координациялайт.
Мыйзамдуулуктун, жарандардын эркиндигинин жана укуктарынын сакталышын камсыз кылат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү соттору, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) менен эриш-аркак иштөөсүн камсыз кылат.
Мамлекеттик органдардын демилгесине макулдук берет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин компетенциясына кирген кадр маселелери боюнча чечимдерди кабыл алат.
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин жана вице-премьер-министрлеринин ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген мамлекеттик органдардын ишин, мамлекеттик стратегияларды жана программаларды ишке ашыруу боюнча иштерди, ошондой эле тейлеген чөйрөлөрүндөгү өкмөттөр аралык комиссиялардын иштерин координациялайт.
Региондук өнүктүрүү; курулуш; турак жай-коммуналдык чарба; мамлекеттик жана мобилизациялык резервдердин материалдык баалуулуктарын топтоо, сактоо жана пайдалануу; ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук маселелери боюнча контролдоо жана көзөмөлдөө; экологиялык жана техникалык коопсуздук, мамлекеттик каттоо маселелерин координациялайт.
Этностор аралык мамиле, республиканын административдик-аймактык түзүлүш тутумун реформалоо; жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын иши, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өткөрүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу бөлүгүндөгү иштеринин маселелерин координациялайт.
Кендерди жана минералдык ресурстарды пайдалануу маселелерин координациялайт.
Салык, бажы, салыктык эмес төлөмдөр жана жыйымдар чөйрөсүндөгү фискалдык саясатты иштеп чыгууну, тармактык өнүктүрүү программаларын жана аткаруу бийлиги органдарынын ишин программалык-долбоордук каржылоого өткөрүүнү координациялайт.
Мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун бюджетинин аткарылышын контролдоо маселелерин координациялайт.
Мамлекеттик башкаруу тутумун оптималдаштыруу жана аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү тутумдарын оптималдаштыруу бөлүгүндө административдик реформа жүргүзүү маселелерин координациялайт.
Мамлекеттик агрардык саясатты жүргүзүүнү жана агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүнү, жер реформасын, айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы, суу ресурстарын башкаруу чөйрөлөрүндөгү саясатты жүргүзүүнү камсыз кылат.
Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, июнь окуяларында жабыр тарткан Ош жана Жалал-Абад облустарынын калктуу конуштарынын инфратүзүмүн жана турак жай фондун калыбына келтирүү маселелери боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын макулдашылган жана координацияланган иштерин камсыз кылат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Шанхай кызматташтык уюму, финансылык-насыялык мекемелер, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жана Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы менен эриш-аркак иштөөсүн камсыз кылат.
Тейлеген чөйрөлөрүндө мамлекеттик органдардын демилгелерине макулдук берет.
Тейлеген тармактарында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайындалуучу талапкерлер боюнча сунуштарды киргизет.
Тейлеген чөйрөлөрүндөгү маселелерди иштеп чыгуу үчүн жумушчу топторду түзөт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген мамлекеттик органдардын ишин, мамлекеттик стратегияларды жана программаларды ишке ашыруу боюнча иштерди, ошондой эле тейлеген чөйрөлөрүндөгү өкмөттөр аралык комиссиялардын иштерин координациялайт.
Экономиканы өнүктүрүүнү талдоо, болжолдоо жана пландоо; тышкы экономикалык иш; өлкөнү өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгуу; техникалык жөнгө салуу; инвестициялык, финансылык, тарифтик саясатты жүргүзүүнү камсыз кылуу; монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү; финансы рыногун өнүктүрүү маселелерин координациялайт.
Интеллектуалдык менчикти жана салттуу билимдерди коргоо жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты камсыздоо, мамлекеттик ишканалардын жана мамлекеттин үлүштүк катышуусу бар акционердик коомдордун иштерин; эркин экономикалык аймактардын иштөө маселелерин координациялайт.
Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгууну координациялайт.
Өнөр жай, отун-энергетикалык комплекс; транспорт жана коммуникациялар; байланыш; автомобиль жана темир жолдорун оңдоо жана күтүү; мамлекеттик мүлк объекттерин башкаруунун мамлекеттик саясаты маселелерин координациялайт.
Лицензиялык-уруксат берүү тутумун оптималдаштыруу, өлкөдөгү жагдайды баалоо боюнча мониторинг, аналитикалык жана маалыматтык иштер, улуттук долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин координациялайт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы менен эриш-аркак иштөөсүн камсыз кылат.
Евразиялык экономикалык коомдоштуктун мүчө мамлекеттери, Евразиялык экономикалык комиссия, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттер, Экономикалык кызматташтык уюму, ошондой эле башка өлкөлөр, эл аралык өнүктүрүү агенттиктери, эл аралык экономикалык уюмдар менен кызматташууну камсыз кылат.
Тейлеген чөйрөлөрүндө мамлекеттик органдардын демилгелерине макулдук берет.
Тейлеген тармактарында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайындалуучу талапкерлер боюнча сунуштарды киргизет.
Тейлеген чөйрөлөрүндөгү маселелерди иштеп чыгуу үчүн жумушчу топторду түзөт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген мамлекеттик органдардын ишин, мамлекеттик стратегияларды жана программаларды ишке ашыруу боюнча иштерди, ошондой эле тейлеген чөйрөлөрдөгү өкмөттөр аралык комиссиялардын иштерин координациялайт.
Коргонуу, коомдук коопсуздук жана укуктук тартип, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелерин координациялайт.
Чек араларды делимитациялоо маселелерин координациялайт.
Жазаларды аткаруу маселелерин координациялайт.
Калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо маселелерин координациялайт.
Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешени мыйзамдаштырууга (адалдоого) каршы күрөшүү боюнча иштерди координациялайт.
Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарын жана прекурсорлорду жүгүртүү, аларды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү жаатындагы бирдиктүү саясатты жүргүзүү боюнча иштерди координациялайт.
Кызматтык кылмыштарды, экономика жана финансы чөйрөсүндөгү кылмыштарды аныктоо, алдын алуу, бөгөт коюу, ачуу жана иликтөө боюнча укук коргоо органдарынын иштерин координациялайт.
Диний экстремизмге каршы аракеттенүү, жарандардын ден соолугуна, адеп-ахлагына, укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына, конституциялык түзүлүштүн негиздерине, мамлекеттик коопсуздукка зыян келтирген же коркунуч келтирген диний уюмдардын иштерине бөгөт коюу маселелери боюнча укук коргоо органдарынын эриш-аркак иштөөсүн камсыз кылат.
Тейлеген чөйрөлөрүндө мамлекеттик органдардын демилгелерине макулдук берет.
Тейлеген тармактарында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайындалуучу талапкерлер боюнча сунуштарды киргизет.
Тейлеген чөйрөлөрүндөгү маселелерди иштеп чыгуу үчүн жумушчу топторду түзөт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген мамлекеттик органдардын ишин, мамлекеттик стратегияларды жана программаларды ишке ашыруу боюнча иштерди, ошондой эле тейлеген чөйрөсүндөгү өкмөттөр аралык комиссиялардын иштерин координациялайт.
Басма-сөз жана телерадиоберүү; маалыматтык саясат; социалдык саясат; социалдык кепилдиктер жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу тутумдары; пенсиялык камсыздоо; миграция; эмгек, ишке орноштуруу; үй-бүлө, балдар, жаштар; санитардык көзөмөл; билим берүү, илим, спорт, саламаттык сактоо чөйрөлөрүндөгү саясат; этностук өнүктүрүү; гендерлик саясат; маданиятты өнүктүрүү; 2010-жылдын апрель, май, июнь окуяларында жабыр тарткандарга социалдык кепилдик берүү жана колдоо; жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо боюнча иштер маселелерин координациялайт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы, "Кыргызстан элдеринин ассамблеясы" коомдук бирикмелер ассамблеясы, Кыргызстан профсоюздар федерациясы, жалпыга маалымдоо каражаттары, жарандык коомчулук менен эриш-аркак иштөөсүн камсыз кылат.
Тейлеген чөйрөлөрүндө мамлекеттик органдардын демилгелерине макулдук берет.
Тейлеген тармактарында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайындалуучу талапкерлер боюнча сунуштарды киргизет.
Тейлеген чөйрөлөрүндөгү маселелерди иштеп чыгуу үчүн жумушчу топторду түзөт.
|
| Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2014-жылдын 14-апрелиндеги № 170 буйругу менен бекитилген |
(КР Премьер-министринин 2014-жылдын 1-августундагы № 330 буйругунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишине жалпы жетекчилик кылат жана контролдойт.
Төмөнкүлөрдүн ишин координациялайт:
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн.
(КР Премьер-министринин 2014-жылдын 1-августундагы № 330 буйругунун редакциясына ылайык)
Төмөнкүлөрдүн ишин координациялайт:
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын, бажылык укук бузууларды алдын алууну жана бөгөт коюуну кошпогондо;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун;
жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын.
Төмөнкүлөрдүн ишин координациялайт:
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун;
Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун;
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканаларынын жана мамлекеттин үлүштүк катышуусу бар акционердик коомдорунун.
(КР Премьер-министринин 2014-жылдын 1-августундагы № 330 буйругунун редакциясына ылайык)
Төмөнкүлөрдүн ишин координациялайт:
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын;
Бажылык укук бузууларды алдын алуу жана бөгөт коюу бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын.
Төмөнкүлөрдүн ишин координациялайт:
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин;
Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын;
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун;
"Слово Кыргызстана" басма үйүнүн;
"Кыргыз Туусу" басма үйүнүн;
"Эркин Тоо" гезитинин;
Кыргыз Республикасынын "Коомдук телекөрсөтүү - ЭлТР" телерадиоберүү компаниясынын.