Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
2012-жылдын 10-сентябры ПБ № 132
«XXI кылымдын кадрлары» Президенттик билим берүү программасынын алкагында чет өлкөлөрдө окуган жана окууда, коомдук турмушта жетишкен жакшы натыйжалары үчүн Кыргызстандын таланттуу жаштарын колдоо максатында:
1. Тиркелген тизмеге ылайык, чет өлкөлөрдө окуган жаштарга 2012-жылдын 1-сентябрынан тартып 2013-жылдын 31-июлун кошуу менен 400 (төрт жүз) АКШ доллары өлчөмүндө ар бир айлык стипендия белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы Билим берүү фондунан окуу жылынын ичинде каражат бөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А.Атамбаев |
Тиркеме
Абдылдаев Алтымышбек | - Н.Э. Бауман атындагы Москва Мамлекеттик техникалык университети; |
Амиралиев Алике | - В.С.Черномырдин атындагы Москва мамлекеттик ачык университети; |
Асанбекова Лейли | - П.И. Чайковский атындагы Москва мамлекеттик консерваториясынын алдындагы Борбордук музыкалык мектеп; |
Жамангулов Чынгыз | - Камск мамлекеттик инженердик-экономикалык академия; |
Есеналиева Миргуль | - Лейпциг университети, Германия; |
Жакып уулу Бекболсун | - Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институту (университети) Россия Федерациясынын ТИМи; |
Исаев Эркин | - Москва мамлекеттик гидрометеорологиялык университети, Санкт-Петербург ш.; |
Кабылбеков Эрлан | - Г.В. Плеханов атындагы Россия экономикалык академиясы; |
Кадыракунов Максат | - Кемнитс техникалык университети, Германия; |
Кубатбек уулу Чынгыз | - Н.Э.Бауман атындагы Москва Мамлекеттик техникалык университети; |
Курманакунов Закир | - Штутгарт жогорку техникалык мектеби, Германия; |
Мамбаева Венера | - Орто-Чыгыш техникалык университети, Анкара ш.; |
Манасбеков Назыр | - Сибир федералдык университети; |
Мамырбаева Элима | - Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институту (университети) Россия Федерациясынын ТИМи; |
Мусаев Баласагын | - П.И. Чайковский атындагы Москва мамлекеттик консерваториясы; |
Омонов Жоомарт | - Россиянын биринчи Президенти Б.Н.Ельцин атындагы Урал федералдык университети; |
Садыркулов Фарух | - А.Я.Ваганова атындагы Орус балети академиясы; |
Токтогулова Асэлай | - Гнесиндер атындагы Россия музыка академиясы. |