Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2012-жылдын 1-февралы № 150
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратындагы кадрдык өзгөртүүлөргө байланыштуу:
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2011-жылдын 27-августундагы № 413 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пунктундагы "2011-жылдын 1-октябрына чейин" деген цифралар жана сөздөр "2012-жылдын 10-мартына чейин" деген цифраларга жана сөздөргө алмаштырылсын;
- аталган буйрукка тиркеме ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |
|
| Тиркеме |
Рыскулова Айгүл Маратбековна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары, уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмүнүн башчысы, жумушчу топтун төрагасы; |
Скрипкина Галина Анатольевна | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, жумушчу топтун тең төрагасы (макулдашуу боюнча). |
Жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Исаков Эсенгул | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Дыйканбаев Курманбек Сапарович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Кожошев Арзыбек Орозбекович | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; |
Тарбинский Олег Станиславович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары; |
Бакиров Жетиген Жокинович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмүнүн региондук өнүктүрүү жана мониторинг секторунун башчысы; |
Асанакунов Болот Жапарович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу бөлүмүнүн муниципалдык башкаруу секторунун башчысы; |
Таиров Марат | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Ата-Мекен" депутаттык фракциясынын бөлүм башчысынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Шамшиев Чынгыз Болотбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору; |
Курманбеков Алмаз Улугбекович | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мыйзамдуулук жана бюджеттер аралык мамилелер методологиясы бөлүмүнүн башчысы; |
Бекбасарова Гүлнара | - | Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзунун төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Өмүралиев Төлөбек Эсенгулович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясынын Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу проблемаларын изилдөө институтунун директору (макулдашуу боюнча); |
Сульпиева Дамира Сабиржановна | - | ПРООНдун "Демократиялык башкаруу" долбоорунун координатору (макулдашуу боюнча); |
Бекиев Бекболот | - | "Жарандардын үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын отчеттуулугу: бюджеттик процесс" долбоорунун жетекчиси (макулдашуу боюнча); |
Ташбаев Илияз Азизбекович Эскертүү: | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу бөлүмүнүн муниципалдык башкаруу секторунун эксперти, жумушчу топтун жооптуу катчысы. |
Кыргыз Республикасынын облустук мамлекеттик администрацияларынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары зарылдыгына жараша ишке тартылышат.