Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
2012-жылдын 28-июну ПБ № 99
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 92-94-статьяларына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 15-февралындагы №43 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасын кайра уюштуруу жөнүнде" Жарлыгына ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын алдындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөт Үйүн тейлөө боюнча Департаменттин ортосундагы тиркелген өткөрүп берүү актысы бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын алдындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөт Үйүн тейлөө боюнча Департаменттин ишмердигинин токтотулушун юстиция органдарында каттатсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А.Атамбаев |
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 28 июну №99 буйругу менен бекитилген |
Бишкек ш. | 2012-жылдын 5 июну |
Бул акт КР ГКнын 93, 94-беренелеринин негизинде түзүлгөн.
Ушул акт боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөт Үйүн тейлөө боюнча департамент "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөт Үйүн тейлөө боюнча департаменти" мамлекеттик ишканасынын Жобосунун негизинде иштеген директор А.Ж. Жанышбаев аркылуу өткөрүп берет, ал эми Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкаруучусу Т.К.Коеналиев аркылуу 2012-жылдын 5-июнуна карата баланска ылайык бардык активдерди жана пассивдерди, ошондой эле 2009-жылдын 2-февралынан тартып кайра уюштуруу учуруна чейинки мезгилде алынгандардын жана 2012-жылдын 5-июнуна карата баланста чагылдырылууга тийиш болгондордун бардыгын кабыл алат, анын ичинде:
1)активдер - 6798733 сом суммасында, анын ичинен:
· негизги каражаттар - 40028 сом;
· запастар - 1314757 сом;
· дебитордук карыз - 2900032 сом;
· накталай акча каражаттар - 2543916 сом; •
2)пассивдер - 6798733 сом суммасында, анын ичинде:
· эмгек акы боюнча кредитордук карыз- 1677196 сом;
· таза активдер - 5121537 сом.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы Кыргыз Республикасынын Өкмөт Үйүн тейлөө боюнча департаментинин (мындан ары -Департамент) укуктары менен милдеттерин толук укук мурастоочу болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы тараптар жана үчүнчү жактарда сот тартибиндеги талаш-тартыш болгон милдеттенмелерди кошо алганда, бардык кредиторлорго жана карызкорлорго карата Департаментте келип чыккан укуктар жана милдеттерге жооп берет, ошондой эле Департаменттин ишмердиги токтотулган учурга карата документтик текшерүүнүн натыйжасында аныкталган кем эсептелген салыктар жана айыптык санкциялар түрүндө алар тарабынан салык мыйзамдарын бузуу үчүн жоопкерчилик тартат.
Мүлктү өткөрүп берди: Кыргыз Республикасынын Өкмөт Үйүн тейлөө боюнча Департаментинин директору Жанышбаев А.Ж. | Мүлктү кабыл алды: Кыргыз Республикасынын Президентинин иш Башкаруучусу Коеналиев Т.К. |