Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 23-июлу № 288-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда мунай жана мунай продуктуларын берүү чойрөсүндо кызматташуунун өз ара алгылыктуу шарттарын иштеп чыгуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда мунай жана мунай продуктуларын берүү чөйрөсүндө кызмаггашуунун шарттарын аныктоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - ведомстволор аралык жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мунай жана мунай продуктуларын берүү чөйрөсүндө кызматташуу женүндө макулдашуунун долбоорун иштеп чыксын, ошондой эле Россия тарап менен аталган долбоорду макулдашуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзсүн.
3 Ведомстволор аралык жумушчу топ мамлекеттик органдардын жана башка кызыкдар уюмдардын адистерин белгиленген тартипте ишке тартууга укуктуу экени белгиленсин.
4.Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруу техникалык жана материалдык жактан камсыздоо Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине тапшырылсын.
5.Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын " 23" июлундагы № 238-буйругуна тиркеме |
Cариев Темир Apгембаевич
| Кыргыз Республикасынын Экономика министри, жумушчу топтун жетекчиси;
|
Калиев Айбек Рыспекович
| Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары; |
Байгончоков Мирланбек Конушбекович
| Кыргыз Республикасынын Финансыминистринин орун басары; |
Кадыркулов Мукай Асанович
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары;
|
Алымбеков Нурлан Тургуналиевич
| Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Чектеш мамлекеттер департамептинин кеңешчиси; |
Малатаев Марат Сатыгулович
| «Газпром нефть Азия» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директорунун орун басары (макулдашуу боюнча |
Кулов Улан Темирбекович
| Кыргызстандын Мунай соодалоочулар ассоциациясынын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча).
|