Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 31-июлу № 293
Көрүнүктүү кыргыз акыны Алыкул Осмоновдун туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү максатында, "Кыргыз Республикасындагы юбилейлик иш-чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесине ылайык:
1. Алыкул Осмоновдун туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган мааракелик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети (мындан ары - уюштуруу комитети) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Уюштуруу комитети бир айлык мөөнөттө мааракелик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү планын иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Иш-чараларды өткөрүү менен байланышкан чыгымдар ишке тартылган министрликтердин жана ведомстволордун каражаттарынын чегинде, ошондой эле гранттардын жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен ишке ашырылсын.
4. Уюштуруу комитетинин ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине жүктөлсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 31-июлундагы № 293-б буйругуна тиркеме |
Сариева Эльвира Кубанычбековна | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы; |
Талиева Камила Абдразаковна | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары; |
Исаев Канатбек Кедейканович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары. |
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү: | ||
Исаков Эсенгул Байдалиевич | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Исаева Динара Шертаевна | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Абдылдаев Эрлан Бекешович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри; |
Лаврова Ольга Владимировна | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министри; |
Садыков Канат Жалилович | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри; |
Базарбаев Кудайберген Базарбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министри; |
Султанов Калыкбек Иманалиевич | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри; |
Алымкулов Алисбек Толбашиевич | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министри; |
Каптагаев Эмилбек Саламатович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Жээнбеков Сооронбай Шарипович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Курманалиева Койсун Аблабековна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Разаков Жениш Парпиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Кайыпов Аманбай Кайыпович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Джээнбеков Жусупжан Амражанович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Кулматов Кубанычбек Кенешевич | - | Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); |
Кадырбаев Айтмамат Тентибаевич | - | Ош шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); |
Ногоев Омур Арстанбекович | - | Чүй облусунун Панфилов райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким; |
Бакиров Болот Саякович | - | Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); |
Оторбаев Кубат Табылдиевич | - | Кыргыз Республикасынын коомдук телерадио берүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Жумагулов Султан | - | Кыргыз Республикасынын "Коомдук телекөрсөтүү - "ЭлТР" телерадиоберүү компаниясынын башкы директорунун милдетин аткаруучу; |
Эркебаев Абдыганы Эркебаевич | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти; |
Жакиев Бексултан Жакиевич | - | Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу (макулдашуу боюнча); |
Жусупов Кеңеш Жусупович | - | Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу (макулдашуу боюнча); |
Саалаев Жедигер Ибраимович | - | "Кыргыз Туусу" басма үйүнүн директору - башкы редактор; |
Слащева Тамара Михайловна | - | "Слово Кыргызстана" басма үйүнүн директору - башкы редактор; |
Осмонов Кыргызбай Арапбаевич | - | Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын директору; |
Рыскулов Акбар | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Кокоев Кенеш Кокоевич | - | "Алыкул Осмонов" коомдук фондунун төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Эрматов Аскербек | - | мааракени даярдоо жана өткөрүү боюнча Панфилов районунун уюштуруу комитетинин тең төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Казыбаев Памир | - | "Алыкулдун үй-борбору" коомдук бирикмесинин директору (макулдашуу боюнча); |
Аблесов Садыкбек Аблесович | - | коомдук ишмер (макулдашуу боюнча). |