Загрузка документа…
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн ТИПТҮҮ АДМИНИСТРАЦИЯЛЫК РЕГЛАМЕНТИ1. Жалпы жоболор1. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн ушул администрациялык регламенти _______________________________________________________________________ (мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине ылайык кызмат көрсөтүүнүн аталышы) (мындан ары - администрациялык регламент) администрациялык-башкаруу жана ушул мамлекеттик кызматты керектөөчүгө көрсөтүү процессинде аткаруучу тарабынан жасалган башка иш-аракеттерди ылайыкташтыруу, ошондой эле бул мамлекеттик кызматты көрсөтүүгө аракеттенген кызмат адамдарынын жана кызматкерлердин жеке жоопкерчилигин жогорулатуу максатында иштелип чыкты. 2. Администрациялык регламент төмөнкүлөрдү аныктайт: - иш-аракеттердин тартибин, мөөнөтүн жана ырааттуулугун, ошондой эле бул мамлекеттик кызматты көрсөтүү боюнча ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууда кызмат адамдарынын жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү аткаруучу мекеменин кызматкерлеринин милдеттерин; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жүрүшүндө ведомстволор аралык жана ички ведомстволук өз ара аракеттенүүлөрдүн тартибин жана мөөнөтүн; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жүрүшүндө аткаруучу тарабынан жасалган иш-аракеттердин белгиленген тартибин жана колдонуу мөөнөтүнүн сакталышын контролдоонун түрлөрүн. 3. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү: _______________________________________________________________________ (ушул мамлекеттик кызматты көрсөтүүчү мамлекеттик мекеменин (мекемелердин) толук аталышы) тарабынан жүзөгө ашырылат. 4. Керектөөчүгө ушул мамлекеттик кызматты көрсөтүү максатында _______________________________________________________________________ (ушул мамлекеттик кызматты көрсөткөн мамлекеттик мекеменин (мекемелердин) аталышы) төмөнкү мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер (ишканалар), ошондой эле жеке адамдар жана юридикалык жактар менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат: (акыркы керектөөчүгө мамлекеттик кызмат көрсөтүү максатында өз ара аракеттенүү жүзөгө ашырылган мамлекеттик жана/же муниципалдык мекемелердин, мамлекеттик ишканалардын, жеке адамдардын жана/же юридикалык жактардын (эгерде мындайлар бар болсо) толук тизмесин көрсөтүү керек, же болбосо мамлекеттик кызмат көрсөтүү процессинде ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү жүзөгө ашырылбай тургандыгын көрсөтүү зарыл). 5. Мамлекеттик кызматты көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген тиешелүү стандарттын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат. 6. Администрациялык регламентте төмөнкү түшүнүктөр жана терминдер пайдаланылат: мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү аткаруучу - өзүнүн компетенциясынын чегинде жеке жана юридикалык жактарга мамлекеттик кызмат көрсөткөн мамлекеттик мекеме; мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчү - мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү аткаруучуга мамлекеттик кызмат көрсөтүү үчүн түздөн-түз же болбосо өзүнүн өкүлү аркылуу суроо-талапты жүзөгө ашыруучу жеке же юридикалык жак; (Ушул пунктта администрациялык регламентте пайдаланылуучу жана белгилүү бир мамлекеттик кызмат үчүн мүнөздүү болгон башка өзгөчө түшүнүктөр жана терминдер чечмеленип берилиши мүмкүн). 2. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү үчүн зарыл болгон документтер7. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү үчүн зарыл болгон документтердин толук тизмеги ушул мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарында көрсөтүлгөн. 8. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү үчүн зарыл болгон, бул мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө жооптуу мамлекеттик органдын, анын ведомствого караштуу (түзүмдүк жана аймактык бөлүнүштөрү), ошондой эле башка мамлекеттик жана муниципалдык органдардын, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин (ишканалардын) карамагында турган документтерди жана маалыматтарды топтоо мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн аткаруучусу тарабынан ушул администрациялык регламент менен жөнгө салынуучу ведомстволор аралык жана ведомство ичиндеги өз ара аракеттенүүнүн алкагында өз алдынча жүзөгө ашырылат. Кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүсүнүн түздөн-түз катышуусунун, аларды алуу үчүн анын катышуусунда айрым бир иш-аракеттерди жасоо зарылчылыгы менен байланышкан документтер жана маалыматтар жогоруда айтылгандарга кирбейт (мисалы, медициналык кароо же текшерүү жүргүзүү, квалификациялык сынактарды тапшыруу зарылчылыгы менен байланышкан ж.б.). 3. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу иш-аракеттердин ырааттуулугу9. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү уюштуруу төмөнкүдөй иш-аракеттерди камтыйт: _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ (кызмат көрсөтүүнүн соңку жыйынтыгына жетүү максатында мамлекеттик кызматты аткаруучунун кызматкерлери жана кызмат адамдары тарабынан ушул мамлекеттик кызматты көрсөтүүнүн жүрүшүндө жасалган бардык администрациялык жана башка аракеттердин аталышын (тизмегин) ырааттуу түрдө көрсөтүү керек). Мисалы, типтүү аракеттер төмөнкүлөр болушу мүмкүн: - кызмат көрсөтүүнүн бардык ыкмаларын эске алуу менен - жеке, телефон менен кайрылууда, почта аркылуу, электрондук форматта (мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн белгиленген стандарттарынын талаптарына ылайык маалыматтарды даярдоону, маалыматты керектөөчүгө жеткирүүнү, аны актуалдуу абалда кармоону жана өз убагында жаңылоону камтыйт) керектөөчүлөрдү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн тартиби жана ыкмалары жөнүндө маалымдоо; - мамлекеттик кызматты керектөөчүдөн суроо-талапты жана зарыл болгон документтерди (маалыматты) кабыл алуу (алуу) (суроо-талаптын предметин аныктоону, керектөөчүнү далдаштырууну, документтердин комплекттүүлүгүн текшерүүнү, аларды толтуруунун тууралыгын, суроо-талапты каттоону, арыз ээсине суроо-талапты алгандыгы жөнүндө билдирүү жөнөтүүнү ж.б. анын ичинде электрондук форматта көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөрдү камтыйт); - мамлекеттик кызмат көрсөтүү үчүн зарыл болгон документтерди (маалыматтарды), материалдарды, үлгүлөрдү иштеп чыгуу; - ведомстволор аралык жана ички ведомстволук өз ара аракеттенүүнү (ведомстволор аралык суроо-талаптарды жөнөтүү, алынган маалыматты (документтерди) ж.б. алуу жана иштетүү) жүзөгө ашыруу, анын ичинде электрондук форматтагы; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын калыптандыруу; - керектөөчүгө мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү же болбосо мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартууну ырастоочу документтерди жана (же) маалыматтарды берүү (жөнөтүү), анын ичинен электрондук форматтагы. 10. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү процессинде аткарылган иш-аракеттер төмөнкүдөй тартипте жүзөгө ашырылат: (кийинки пунктчаларда төмөндө сунушталган таблицалык формага ылайык ар бир иш-аракетти сүрөттөп чыгуу керек: 10.1. № ______ иш-аракет ___________________________________________ (иш-аракеттин аталышы)
Эскертүү: (эскертүүдө каралып жаткан иш-аракет башка кайсы иш-аракеттер менен (иш-аракет менен) бир убакта башталаары жөнүндө маалымат берилет, эгер мындай бар болсо. Иш-аракеттердин ырааттуулугу администрациялык регламенттин 16-пунктуна ылайык блок-схемада майда-чүйдөсүнөн бери көрсөтүлөт). Ар бир администрациялык иш-аракеттин ырааттуу сүрөттөлүшүндө мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн бардык ыкмалары (жеке кайрылууда, телефон менен, почта аркылуу, электрондук форматта ж.б.), ошондой эле керектөөчүлөрдүн айрым категорияларына (мисалы, ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга) мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрү (эгер мындайлар болсо) эске алынышы керек. Жеке адамдарга жана/же юридикалык жактарга белгиленген тартипте аткарууга берилген иш-аракеттер да сүрөттөлүүгө тийиш. Керектөөчүгө кызмат көрсөтүүнүн акыркы жыйынтыгын берүүнүн жалпы мөөнөттөрү, кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн документтерди кабыл алууга жана/же иш-аракеттерге, ошондой эле кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүүгө чектелген убакыт ушул мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн белгиленген стандарттарынын тийиштүү мөөнөттөрүнөн ашып кетпеши керек. Администрациялык регламентте каралган бардык иш-аракеттерди аткаруу мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарттары менен белгиленген сапаттуу мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө жетүү критерийлерине карата багытталууга тийиш. 11. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча иш-аракеттердин схемалык ырааттуулугу (блок-схема) администрациялык регламенттин № 1 тиркемесинде келтирилет. (Администрациялык регламенттин тиркемелеринде мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө керектөөчү же аткаруучу тарабынан толтуруу талап кылынган суроо-талаптын, башка документтердин түрлөрү жана үлгүлөрү да берилиши мүмкүн, анын ичинде электрондук форматта). 4. Администрациялык регламенттин талаптарынын аткарылышын контролдоонун түрлөрү12. Администрациялык регламенттин талаптарынын аткарылышын контролдоонун түрлөрү ички (учурдагы) жана тышкы контроль деп бөлүнөт. 13. Администрациялык регламенттин талаптарынын аткарылышын ички (учурдагы) контролдоо дайыма ______________________________ (мамлекеттик мекеменин мамлекеттик кызмат көрcөтүүчү тийиштүү ыйгарымдуу кызмат адамын көрсөтүү, эреже боюнча, мамлекеттик мекеменин жетекчиси же анын орун басары) тарабынан жүзөгө ашырылат. Ички (учурдагы) контроль кызматкерлер (кызмат адамдары) тарабынан администрациялык регламенттин жоболорунун, ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдердин сакталышын жана аткарылышын үзгүлтүксүз текшерүү жолу менен жүзөгө ашырылат. Ички (учурдагы) контролдоонун максаты болуп мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүлөрүнүн укуктарынын бузулгандыгын аныктоо жана четтетүү, чечимдерди карал чыгуу, кабыл алуу жана чечимдерге адистердин жана кызмат адамдарынын аракеттерине (аракетсиздигине) карата келип түшкөн даттанууларга (анын ичинен ишеним телефону аркылуу) карата жоопторду даярдоо саналат. Текшерүүнүн мезгилдүүлүгү _______________________________ түзөт. (Мисалы, дайыма, керектөөчүнүн ар бир кайрылуусундагы, ай сайын айдын жыйынтыгын чыгаруудагы текшерүүнүн мезгилдүүлүгү, же болбосо башка мөөнөт көрсөтүлсүн). Пландан тышкаркы текшерүүлөр жүргүзүлүшү мүмкүн, анын ичинде мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн белгилүү бир керектөөчүсүнүн арызы боюнча. Текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча администрациялык регламенттин талаптарынын аныкталган бузууларын жоюу боюнча чаралар токтоосуз көрүлөт, ошондой эле күнөөлүү адамдардын жоопкерчилиги жөнүндө маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык каралат. 14. Администрациялык регламенттин талаптарын аткаруунун тышкы контролу ________________________ (Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине ылайык ушул мамлекеттик кызматты көрсөткөндүгү үчүн жооптуу тийиштүү мамлекеттик органдын аталышы көрсөтүлсүн) чечими менен түзүлгөн комиссия тарабынан жүзөгө ашырылат. Комиссиянын курамына аталган мамлекеттик органдын коомдук байкоочу кеңешинин өкүлдөрү (бар болсо) милдеттүү түрдө кирет. Комиссиянын ишинин тартиби жана регламенти __________________________ (Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине ылайык ушул мамлекеттик кызматты көрсөткөндүгү үчүн жооптуу тийиштүү мамлекеттик органдын аталышы көрсөтүлсүн) тарабынан аныкталат. Комиссиянын ишинин жыйынтыгы аныкталган бузуулар, кемчиликтер жана аларды жоюу боюнча сунуштар белгиленген маалымдама түрүндө таризделет. Анын ичинен мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүн ылайыкташтыруу максатында администрациялык регламентти өзгөртүү боюнча сунуштар киргизилиши мүмкүн. Ушул маалымдама кол коюлгандан кийин 3 жумуш күндүн ичинде ______________________________ (бул мамлекеттик кызматты көрсөтүүчү мамлекеттик мекеменин аталышы көрсөтүлсүн) жетекчисине жөнөтүлөт, ал маалымдама келип түшкөн күндөн тартып бир айлык мөөнөттүн ичинде аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча, ушул бузууларга жол берген кызматкерлерге жана кызмат адамдарына карата тартиптик жана администрациялык таасир берүүчү чаралар көрүлөт, ошондой эле администрациялык регламентти өзгөртүү демилгеленет (зарылчылыкка жараша). Тышкы контролдоонун жыйынтыгы боюнча Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине ылайык ушул мамлекеттик кызматты көрсөткөндүгү үчүн жооптуу тийиштүү мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан аныкталган бузуулар жана кемчиликтер боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык аталган мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү аткаруучунун кызмат адамдарына жана кызматкерлерине карата тийиштүү тартип жана администрациялык чаралар көрүлүшү мүмкүн. Администрациялык регламенттин талаптарын аткаруунун тышкы контролу ____________________________ (мезгилдүүлүгү көрсөтүлсүн, мисалы, бир жылда бир жолудан кем эмес) жүргүзүлөт. 5. Администрациялык регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги15. ______________________________ (ушул мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү аткаруучу мамлекеттик мекеменин аталышы көрсөтүлсүн) кызмат адамдарынын иш-аракети же аракетсиздиги, ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө кабыл алынган чечимдер мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартында белгиленген тартипте арыз ээси тарабынан даттанылышы мүмкүн. 16. _______________________________ (мамлекеттик мекеменин аталышы көрсөтүлсүн) кызмат адамдары жана кызматкерлери администрациялык регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын администрациялык жана эмгек мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат. 6. Корутунду жоболор 17. Администрациялык регламент ___________________________________ (акыркы керектөөчүгө жана ушул мамлекеттик кызматты көрсөтүү максатында өз ара аракеттенүү жүзөгө ашырылган жана администрациялык регламент макулдашылган мамлекеттик жана муниципалдык органдардын, ведомстволук (түзүмдүк жана аймактык) бөлүнүштөрдүн аталышы көрсөтүлсүн. Эгерде мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө өз ара аракеттенүү жүзөгө ашырылбаса, бул пункт көрсөтүлбөйт) менен макулдашат. 18. Администрациялык регламент ушул мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бир убакытта кайрадан каралууга тийиш, бирок үч жылда бир жолудан кем эмес. 19. Администрациялык регламенттин мазмуну мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүсүнө жеткиликтүү болушу керек. Администрациялык регламент Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине ылайык мамлекеттик кызмат көрсөткөндүгү үчүн жооптуу мамлекеттик органдын, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн аткаруучусунун веб-сайтына, ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө жеткиликтүү пункттарда жайгаштырылат. 20. Жеке адамдарга жана/же юридикалык жактарга мамлекеттик кызмат көрсөтүү же анын бөлүгүн аткаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген тартипте берилген болсо, бул мамлекеттик кызмат көрсөтүү үчүн жооптуу мамлекеттик мекеменин тийиштүү жеке жана/же юридикалык жактар менен өз ара аракеттенүүсү алардын ортосундагы түзүлгөн келишимдин негизинде жүзөгө ашырылат. Келишимдин жоболору аталган мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн администрациялык регламентинин талаптарына дал келиши керек.
Мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча ИШ-АРАКЕТТЕРДИН СХЕМАТИКАЛЫК ЫРААТТУУЛУГУ (блок-схема) ______________________________________________________________ (мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн аталышы) Эскертүү: Схема ар бир мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн өзгөчөлүгүнө жараша түзүлөт, мында айрым бир иш-аракеттерди аткаруу бир убакта жүзөгө ашырылышы мүмкүн. | |||||||||||||||||||||||||||||||