Загрузка документа…
|
1. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн администрациялык регламенттерин иштеп чыгуунун жана бекитүүнүн тартиби жөнүндөгү ушул жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 токтому менен бекитилген аткаруу бийлик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине (тизмегине) (мындан ары - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн реестри) киргизилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн администрациялык регламенттерин иштеп чыгуунун негизги принциптерин жана тартибин белгилейт.
2. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн администрациялык регламенттери (мындан ары - администрациялык регламенттер) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн типтүү администрациялык регламентине ылайык иштелип чыгууда жана ички ведомстволук, ведомстволор аралык администрациялык-башкаруучу жана башка процесстерди ылайыкташтырууга, ашыкча жол-жоболорду жоюуга, тийиштүү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга жана мөөнөтүн кыскартууга багытталган.
3. Администрациялык регламенттер мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн тийиштүү стандарттарын аткарууну камсыздоосу керек жана алардын талаптарына ылайык иштелип чыгат.
4. Административдик регламенттерди иштеп чыгуу мамлекеттик органдарга караштуу мамлекеттик кызматтарды ылайыкташтыруу жана стандартташтыруу боюнча туруктуу иштөөчү ведомстволук комиссиялар (мындан ары - комиссия) аркылуу жүзөгө ашырылат.
Мамлекеттик кызмат көрсөтүү үчүн жоопкерчиликтүү болгон ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн реестрине ылайык аталган комиссиялар жөнүндө курамына жана жоболоруна тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизишет.
Комиссиялардын курамына милдеттүү түрдө төмөнкүлөр кирет:
- мамлекеттик органдын коомдук байкоочу кеңешинин өкүлдөрү (бар болсо), жарандык жана бизнес-коомдоштуктун өкүлдөрү;
- тийиштүү мамлекеттик кызмат көрсөтүү процессинде ведомстволор аралык өз ара байланыш болсо, ведомствого караштуу (түзүмдүк жана аймактык) бөлүнүштөр менен өз ара аракетти жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү.
Кызматтарды же анын бөлүгүн электрондук форматка өткөрүү мүмкүнчүлүгү жана максатка ылайыктуулугу жөнүндө маселени кароо максатында комиссиянын курамына маалыматтык технологиялар боюнча адис киргизилиши мүмкүн.
5. Комиссия өзүнүн ишин ушул Жобонун жана тиешелүү мамлекеттик кызмат көрсөткөндүгү үчүн жооптуу мамлекеттик органдын жетекчиси бекиткен комиссиянын иш тартибин, чечимдерди кабыл алуу жол-жоболорун, комиссиянын курамындагы өзгөрүүлөрдү жана башка комиссия тарабынан өзүнүн максаттарына, милдеттерине жетүү үчүн зарыл болгон башка маселелерди жөнгө салуучу комиссия жөнүндөгү жобонун негизинде жүзөгө ашырат.
6. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине ылайык тиешелүү мамлекеттик кызмат көрсөткөндүгү үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басарларынын бири комиссияга башчылык кылат.
7. Административдик регламенттерди иштеп чыгуу жана бекитүү максатында комиссияга төмөнкүдөй кошумча функциялар жүктөлөт:
- мамлекеттик кызмат көрсөтүү процессинде аткарылган администрациялык жана башка иш-аракеттерди ылайыкташтыруу, Типтүү администрациялык регламентке ылайык администрациялык регламенттерди иштеп чыгуу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан администрациялык регламенттерди бекитүү жол-жобосун белгиленген тартипте андан ары демилгелөө үчүн аталган мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө жооптуу мамлекеттик органдын жетекчисине администрациялык регламенттердин долбоорун киргизүү;
- администрациялык регламенттерди киргизүү;
- бекитилген администрациялык регламенттерди сактоого туруктуу негизде мониторинг жүргүзүү, тиешелүү мамлекеттик кызмат көрсөтүү процессин андан ары ылайыкташтыруу максатында администрациялык регламенттерди кайра карап чыгуу боюнча сунуштарды киргизүү.
8. Комиссия алгачкы инвентаризациялоону жана ар бир мамлекеттик кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу иш-аракеттерди талдоо үчүн:
- так жыйынтыкка ээ болгон, ведомстволор аралык жана ички ведомстволук өз ара аракеттенүүнү кошо алганда мамлекеттик кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу администрациялык-башкаруучулук жана башка иш-аракеттердин (мындан ары - иш-аракеттер) алгачкы тизмегин түзөт (Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн аткаруучусуна берилген ыйгарым укуктардын чегинде);
- ар бир иш-аракеттин көрсөтүлүшү үчүн жооптуу кызмат адамдарын жана кызматкерлерди аныктайт, алардын кызматтык милдеттерин жана аткарылышынын ырааттуулугун кошо алганда;
- ушул мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарты менен белгиленген мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн тиешелүү мөөнөттөрүн сактоо зарылдыгын эске алуу менен ар бир иш-аракеттин аткаруу мөөнөттөрүн аныктайт;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүү ыкмаларына жараша иш-аракеттерди аткаруунун өзгөчөлүгүнүн бар экендигин (анын ичинде электрондук форматта), ошондой эле аны керектөөчүлөрдүн айрым категорияларына (мисалы, ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга) көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрүн (эгерде мындайлар бар болсо) иликтейт.
9. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү процессинде аткарылган иш-аракеттерди алгачкы инвентаризациялоо жана талдоо жүргүзгөндөн кийин комиссия ар бир мамлекеттик кызмат көрсөтүү үчүн иш-аракеттерди ылайыкташтырат, анын ичинде:
- ар бир иш-аракетти өзүнчө аткаруунун жана бүтүндөй мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтүн кыскартуу максатында;
- ар бир иш-аракетти жана бүтүндөй мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү аткарууну уюштурууга карата чыгымдарды азайтуу максатында.
Анын ичинен төмөнкүлөрдү карал чыгат:
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн керектөөчү тарабынан минималдуу иш-аракеттердин санын жүзөгө ашыруу зарылдыгы жөнүндө принципти эске алуу менен ар бир иш-аракетти жеңилдетүү мүмкүндүгүн (иш-аракеттерди ирилештирүү, ашыкча иш-аракеттерди жоюу ж.б.);
- ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү кошкондо, электрондук форматтагы иш-аракеттерди аткаруунун мүмкүндүгүн жана максатка ылайыктуулугун;
- жеке юридикалык жана жеке жактарга айрым иш-аракеттерди аткарууну берүүнүн мүмкүндүгү жана максаттуулугу.
10. Комиссия жүргүзүлгөн ылайыкташтыруунун жыйынтыктары боюнча:
- администрациялык регламенттин долбоорун түзөт, анын ичинде ар бир иш-аракетти сүрөттөөнү Типтүү администрациялык регламентте каралган талаптарга ылайык жүзөгө ашырат;
- башка мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын ведомстволук (түзүмдүк жана аймактык) бөлүнүштөрү менен өз ара аракеттенүүдө аткарылган иш-аракеттердин тартиби жана узактыгы боюнча алдын ала макулдашууну жүзөгө ашырат.
11. Тийиштүү мамлекеттик кызмат көрсөтүү процессинде ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү болсо, аларды берүүгө жооптуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыккан долбоорлор ушул өз ара аракеттенүү жүзөгө ашырылган мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын ведомстволук (түзүмдүк жана аймактык) бөлүнүштөрү менен макулдашуу үчүн жөнөтүлөт.
12. Администрациялык регламенттердин макулдашылган долбоорлору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 191-б буйругу менен түзүлгөн Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр системасын оптималдаштыруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын (мындан ары - Ведомстволор аралык комиссия) кароосуна жөнөтүлөт.
13. Ведомстволор аралык комиссиянын жыйынында каралууга жөнөтүлүүчү администрациялык регламенттин долбооруна төмөнкү материалдар милдеттүү түрдө тиркелет:
- мамлекеттик кызмат көрсөтүү процессинде ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырган мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын ведомстволук (түзүмдүк жана аймактык) бөлүнүштөрү менен макулдашуулар жөнүндө;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүү процессинде аткарылган администрациялык жана башка иш-аракеттерди ылайыкташтыруу, анын ичинде кызмат көрсөтүүгө кеткен чыгымдарды кыскартуу, кызмат көрсөтүүнүн убактысын кыскартуу, электрондук форматтагы айрым бир иш-аракеттерди көрсөтүүнү уюштуруу, белгилүү бир иш-аракеттерди алып салуу жана ирилештирүү, айрым бир иш-аракеттерди жеке адамдарга юридикалык жактарга аткарууга берүү жөнүндө;
- администрациялык регламенттин сунушталган долбоорунда тиешелүү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарттарынын талаптарын (документтердин тизмеги, берүү мөөнөттөрү, сапатынын параметрлери) сактоо жөнүндө маалымат (салыштырма таблица);
- өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү же баш тартууну талап кылуучу ченемдик укуктук актылардын тизмеси.
14. Администрациялык регламенттердин долбоорлорун карап чыгуунун жыйынтыктары боюнча Ведомстволор аралык комиссия тарабынан тиешелүү чечим (корутунду) чыгарылат.
15. Ведомстволор аралык комиссиянын оң корутундусун алгандан кийин администрациялык регламенттердин долбоорлору белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө киргизилет.
16. Администрациялык регламенттер тиешелүү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары менен бир учурда, бирок үч жылда бир жолудан кем эмес, ошондой эле администрациялык регламенттердин талаптарын сактоону контролдоонун жыйынтыгы боюнча кайрадан каралат.
Администрациялык регламенттерди үзгүлтүксүз кайра карал чыгуу мамлекеттик кызмат көрсөтүү үчүн жооптуу болгон ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан камсыздалышы керек.
17. Администрациялык регламенттер аларды бекиткен күндөн тартып күчүнө кирет. Администрациялык регламенттердин мазмуну бекитилген күндөн тартып 10 күндүк мөөнөттүн ичинде тиешелүү мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө жооптуу мамлекеттик органдардын веб-сайттарына жарыялоо аркылуу, ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруучулардын имараттарында жайгашкан мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө жетүү пункттарына жайгаштыруу менен коомчулукка жеткирилиши керек.
18. Ушул Жобонун ченемдерин аткарбагандыгы жана талаптагыдай аткарбагандыгы, администрациялык регламенттерди иштеп чыгуу жана бекитүү мөөнөтүн сактабагандыгы үчүн администрациялык регламенттерди иштеп чыгууга жооптуу мамлекеттик органдардын жетекчилери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартиптик жана администрациялык жоопкерчилик тартышат.