Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 4-августу № 305
Региондорду экономикалык өнүктүрүүнүн программаларын өркүндөтүү максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын көңүлгө алуу менен:
1. "Тоо лыжа кластери" сынамык долбоорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - Ведомстволор аралык жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ эки айлык мөөнөттө "Тоо лыжа кластери" сынамык долбоорун жана аны ишке ашыруу боюнча Иш-аракеттер планын иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топ зарыл болгон учурда чакан топторду түзүүгө, министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын, уюмдардын жана мекемелердин адистерин, ошондой эле жарандык сектордун жана бизнес-коомдоштуктардын кызыкдар болгон өкүлдөрүн ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруучулук, усулдук жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине жүктөлсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
|
|
Муканбетов Санжар Турдукожоевич | - | Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси; |
Халитов Михаил Гилфанович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жооптуу катчысы; |
Баяманова Зуура Эдуардовна | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин статс-катчысы; |
Уезбаев Улан Калмурзаевич | - | Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары; |
Чакиев Максат Жолдошбекович | - | Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары; |
Борубаев Самат Нарматович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы; |
Абдиев Бахтияр Мамадиярович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы; |
Мотукеев Болот Джакинбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин төрагасынын орун басары; |
Убалиев Элдияр Маматжанович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары; |
Алымкулов Абай Шерикбаевич | - | Каракол шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси (макулдашуу боюнча); |
Кененбаев Эркинбек Аманкожоевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу; |
Ибаков Эмильбек Кенешович | - | "Тоо кластери" ассоциациясынын юридикалык жактар бирикмесинин президенти (макулдашуу боюнча); |
Койчуманов Талайбек Джумашевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин катчылыгынын жетекчиси (макулдашуу боюнча). |
Эскертүү. Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөсү ээлеген кызматынан бошогондугуна байланыштуу чыгып калган учурда анын милдеттери ушул кызмат ордуна жаңы дайындалган адамга өтөт.