Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 5-августу № 313-б
1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып:
1. Тиркемеге ылайык курамда ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн генерал-майор И.В.Панфилов атындагы музейин түзүү, анын илимий концепцияларынын варианттары, ошондой эле ылайыктуу жай табуу маселелери боюнча сунуштарды иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруучулук-техникалык камсыздоо Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын начальнигине (макулдашуу боюнча) жүктөлсүн.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт, коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-августундагы № 313-б буйругуна тиркеме |
Капаров Ж.А. | - | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын начальнигинин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси (макулдашуу боюнча); |
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Ракишев М.К. | - | Бишкек шаарынын мэриясынын маданият жана туризм башкармалыгынын начальниги (макулдашуу боюнча); |
Магаметова Р.А. | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тарых музейинин илимий-экспозициялык бөлүмүнүн башчысы; |
Джаналиева А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик сектордун чыгымдарын пландоо башкармалыгынын коргонуу жана укуктук тартип бөлүмүнүн башкы адиси; |
Чомоев А.С. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун ижара жана мамлекеттик мүлктү пайдалануу башкармалыгынын жетектөөчү адиси; |
Старусева Т.И. | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тарых жана маданий мурастар институтунун жетектөөчү илимий кызматкери; |
Асакеев С.А. | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын тарбиялык иштер башкармалыгынын башкы адиси, Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын Ардагерлер кеңешинин төрагасы. |