Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 4-августу № 307-б
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Арстанбап жана Кызыл-Үңкүр айыл аймактарынын жаңгак мөмө токойлорунун аймагында жайгашкан калктуу конуштардын тургундарынын социалдык маселелерин чечүү, ошондой эле "Дашман" мамлекеттик жаратылыш коругунун толук кандуу ишин камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Арстанбап жана Кызыл-Үңкүр айыл аймактарынын жаңгак мөмө токойлорунун аймагында жайгашкан калктуу конуштардын тургундарынын социалдык маселелерин чечүү боюнча иш-чаралардын тиркелген планы (мындан ары - Иш-чаралардын планы) бекитилсин.
2. Министрликтер, административдик ведомстволор жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү:
- Иш-чаралардын планынын белгиленген убакытта аткарылуусун камсыз кылышсын;
- квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15-инен кечиктирбестен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигине Иш-чаралардын планынын аткарылышы боюнча маалыматты берип турушсун.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 25-инен кечиктирбестен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Иш-чаралардын планынын аткарылышы боюнча маалыматты берип турсун.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнор жай комплекси жана экология бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-августундагы № 307-б буйругу менен бекитилди |
№ | Ишке ашыруу формасы | Жооптуу аткаруучулар | Күтүлүүчү натыйжа | Аткаруу мөөнөтү | Каржылоо булактары |
I | II | III | IV | V | VI |
1 | Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлерин ижарага берүүнү караган, "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүү | Токой агенттиги | "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому кабыл алынды | 2014-жылдын III-IV кварталдары | Токой агенттигинин атайын каражаттарынын эсебинен, бекитилген бюджеттин чегинде жана донорлордун каражаттарынын эсебинен |
2 | Базар-Коргон районундагы Арстанбап жана Кызыл-Үңкүр айыл аймактарынын жаңгак мөмө токойлорунун аймагында жайгашкан калктуу конуштарда отун базаларын ачуу | КРӨ Жалал-Абад облусундагы өкүлү, Базар-Коргон РМА, Токой агенттиги | 6 (алты) отун базасы ачылды, отун катары пайдаланууда токойго күч келүү азайды жана жаңгак мөмө токойлор сакталып калды | 2014-жылдын IV кварталы - 2015-жылдын III кварталы | |
3 | Базар-Коргон районундагы Арстанбап жана Кызыл-Үңкүр айыл аймактарынын жаңгак мөмө токойлорунун аймагында жайгашкан калктуу конуштарда энергиянын альтернативдүү булактарын киргизүү үчүн кичи ГЭСтерди куруу боюнча эл аралык донордук долбоорлорду иштеп чыгуу | Энергомин, КРӨ Жалал-Абад облусундагы өкүлү, Токой агенттиги | Эл аралык донорлор менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, долбоорду ишке ашыруу боюнча келишимдер түзүлдү | 2014-жылдын IV кварталы - 2015-жылдын IV кварталы | |
4 | Базар-Коргон районундагы Арстанбап жана Кызыл-Үңкүр айыл аймактарынын жаңгак мөмө токойлорунун аймагында жайгашкан калктуу конуштардын тургундарына жеңилдетилген же пайызсыз кредит берүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун иштеп чыгуу | АЧММ, КРӨ Жалал-Абад облусундагы өкүлү | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими кабыл алынды | 2014-жылдын IV кварталы | Токой агенттигинин атайын каражаттарынын эсебинен, бекитилген бюджеттин чегинде жана донорлордун каражаттарынын эсебинен |
5 | Донорлор аркылуу токой жана токой эмес продукцияларын иштетүүчү кичи цехтерди куруу мүмкүнчүлүгүн изилдөө жана Базар-Коргон районундагы Арстанбап жана Кызыл-Үңкүр айыл аймактарынын жаңгак мөмө токойлорунун аймагында жайгашкан калктуу конуштардын тургундарын иш менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүү | Токой агенттиги, ЭМЖМ, КРӨ Жалал-Абад облусундагы өкүлү | Токой жана токой эмес продукцияларын иштетүүчү 4 (төрт) кичи цех түзүлдү | 2014-жылдын III кварталы - 2015-жылдын IV кварталы | |
6 | Базар-Коргон районундагы Арстанбап жана Кызыл-Үңкүр айыл аймактарынын тургундарынын жайытка болгон муктаждыгын изилдеп чыгуу | АЧММ, КРӨ Жалал-Абад облусундагы өкүлү, Токой агенттиги | Жайыттар Базар-Коргон районунун Арстанбап жана Кызыл-Үңкүр айыл аймактарынын жаңгак мөмө токойлорунун аймагында жайгашкан калктуу конуштардын тургундарына тең бөлүнүп берилди | 2014-жылдын IV кварталы | |
7 | Базар-Коргон районундагы Арстанбап жана Кызыл-Үңкүр айыл аймактарына бак дарактардын тез өсүүчү түрлөрүнүн өндүрүштүк плантацияларын отургузуу | Токой агенттиги КРӨ Жалал-Абад облусундагы өкүлү | Жыл сайын 10,0 га аянтка дарактардын тез өсүүчү түрлөрү отургузулду | 2014-жылдын IV кварталы -2017-жылдын IV кварталы | |
8 | Аймактын экологиялык абалын жакшыртуу максатында анча баалуу эмес жерлерди өздөштүрүү (чарбалык айлантууга киргизүү) | КРӨ Жалал-Абад облусундагы өкүлү, Токой агенттиги | Анча баалуу эмес жерлер өздөштүрүлдү жана мөмө жемиш бактар отургузулду | 2014-жылдын IV кварталы -2016-жылдын IV кварталы | |
9 | Калк арасында коруктун иши боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү | КРӨ Жалал-Абад облусундагы өкүлү, Токой агенттиги, Жалал-Абад облустук телерадиокомпаниясы (макулдашуу менен) | Жыл сайын мамлекеттик жаратылыш коругунун иши боюнча маалымат бюллетендери жана буклеттер чыгарылат, телевидениеден сүйлөө уюштурулат, дайыма айылда элдик жыйындар өткөрүлөт | Дайыма | |
10 | Өндүрүмдүүлүгү жогору жана киреше алып келүүчү мөмөлүү жаңгактын түрлөрүнүн плантацияларын уюштуруу | Токой агенттиги, КРӨ Жалал-Абад облусундагы өкүлү | 2 (эки) плантация түзүлдү | 2014-жылдын IV кварталы -2015-жылдын IV кварталы |
Кыскартуулардын тизмеси:
АЧММ | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги; |
ЭӨЖМ | - | Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги; |
ЭМЖМ | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги; |
КРӨ Жалал-Абад облусундагы өкүлү | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Токой агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги; |
Базар-Коргон РМА | - | Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясы. |